Hesperian Health Guides
23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо
Жүлүн көбүнчө кокустуктардан (мисалы, дарактан, аттан кулоо; жол кырсыгы; сууга туура эмес чөмүлүү; ок тийүү; ж.б.у.с.) жабыркайт. Мындай кокустуктан омуртка тутумундагы нерв сөңгөгүнүн моюн же арка бөлүгү үзүлүп калат же олуттуу бузулууга учурайт. Жүлүн жабыркоо чоң кишилерде жана чоңоюп калган балдарда көбүрөөк кездешет. Ошол эле учурда, көптөгөн өлкөлөрдө мындай кокустукка эркектер аялдарга салыштырмалуу эки эсе көбүрөөк кабылат.
Жүлүн мээден чыгып омуртка тутумундагы канал боюнча өтүүчү узун нервдерден турган боого окшош келет. Жүлүндөн дененин бардык бөлүктөрүнө нервдер тарайт. Сезгичтик жана кыймылдоо жүлүн аркылуу мээге чейин ары-бери жүрүп туруучу сигналдардын жардамы менен камсыздалат. Эгер жүлүн жабыркаса, жабыркаган жеринен төмөн жайгашкан дене бөлүктөрүндөгү сезгичтик жана кыймылдоо функциясы жоголот же начарлайт.
Жабыркоонун деңгээли
Дененин канчалык чоң бөлүгүнө таасири тийгени омуртка тутумунун жабыркаган жеринин деңгээлинен көз каранды: деңгээли канчалык өйдөрөөк болсо, дененин ошончолук көбүрөөк бөлүгүнө таасири тийет.
Квадриплегия::
|
Параплегия:
|
Толук же толук эмес бузулуулар
Жүлүн боюнча эч сигнал жүрө албагандай жабыркоо орун алганда, мындай бузулууну “толук” деп аташат. Жүлүндүн жабыркаган жеринен төмөнкү дене бөлүктөрүндөгү сезгичтик жана контролдонуучу кыймылдарды аткаруу жөндөмдүүлүгү толугу менен жана калыбына келбегендей болуп жоголот. Эгер бузулуу “толук эмес” болсо, сезгичтик жана контролдонуучу кыймылдарды аткаруу жөндөмдүүлүгү кайсы бир даражада сакталышы жана бир нече айдын ичинде кичинеден (толук эмес же толук) калыбына келиши мүмкүн. Толук эмес бузулууларда дененин бир жагындагы сезгичтик жана контролдонуучу кыймылдарды аткаруу жөндөмдүүлүгү дененин экинчи жагына салыштырмалуу азыраак жабыркашы ыктымал.
Көп учурда, бузулуунун канчалык олуттуу экенин рентгендик изилдөө көрсөтпөйт. Кээде, омуртка тутуму катуу сынса деле, ичиндеги жүлүн анчалык жабыркабашы мүмкүн. Кээде (айрыкча балдарда), омуртка тутумуна эч зыян келтирилбегени рентгендик изилдөөдө көрүнүп турса деле, жүлүн олуттуу же толук бузулууга дуушар болушу мүмкүн. Көп учурда, бузулуу канчалык экенин убакыт гана көрсөтөт.