Hesperian Health Guides
ГИПОТИРЕОЗ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 32-БӨЛҮМ: Акыл-эс өрчүү артта калуу > ГИПОТИРЕОЗ
Гипотиреоз – денеде калкан сымал безинин гормондору узак убактылуу жетишсиздигинен улам баланын акыл-эс жана физикалык өрчүүсү артта калуусу менен мүнөздөлгөн бузулуу. Калкан сымал бездин гормондору баланын бүтүндөй денесинин өсүүсүн жана анын ар кайсы бөлүктөрүнүн иштөөсүн жөнгө салат. Буларсыз денедеги тиричиликтин баары жай жүрөт.
Бул гормондорду моюндун алдынкы бөлүгүндө орун алган без иштеп чыгарат. Аталган гормондорду өндүрүү үчүн, денеге йод керек. Көпчүлүк йодду суу жана тамак менен кошо алышат. Бирок айрым, өзгөчө тоолуу аймактарда жердин, суунун жана азыктардын курамында йод өтө аз. Йодду алууну көбөйтүү үчүн, бул без кээде өтө чоңоюп кетет. Сыртынан караганда, бул шишик түрүндө көрүнөт жана богок деп аталат.
Йоддун жетишсиздигинен көп адам богок менен ооруган мындай аймактарда гипотиреоз деген илдет көп учурайт. Бул аймактарда жашаган далай балдардын кулактары жакшы укпайт, же мындай балдардын акыл-эсинин өрчүп өнүгүүсү артта калат. Гипотиреозго мүнөздүү белгилердин бардыгы байкалбаса да, мындай абалдардын себеби так ушул бузулуу эле болушу мүмкүн. Кээде, богок көп кездешпеген аймактарда гипотиреоз йоддун жетишсиздигинен эмес, башка себептерден улам пайда болот.
БЕЛГИЛЕРИ. Төмөндөгү тизмекке гипотиреоздун ага мүнөздүү кээ бир белгилерин келтирип, аларды Даун синдромунун белгилери менен салыштырдык. Бул эки бузулуунун окшоштуктары бар. Көпчүлүк учурда, жаңы төрөлгөн балада гипотиреоз бузулуусу бар же жогун айтуу кыйын. Мындай бузулуусу бар бала көпчүлүк учурда кадимкидей – чоңдугу нормалдуу эле – болуп төрөлүп, бирок кийин башкалардай өсө албай калат. Тили чоң болуп калыптанып калгандыктан, бала тамактана албай же дем ала албай кыйналышы мүмкүн, же андан демейдегидей эмес, катуу добуштар чыгышы ыктымал. Мындай бала аз кыймылдап, аз ыйлайт. 3–6 ай аралыгында баласы эч нерсеге кызыгуусу жоктой көрүнүүсүнөн, өтө көп уктай берүүсүнөн жана өнүгүп өрчүүсү бардык багыттарында артта калуусунан улам энеси чочулай баштайт.
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?Баланы тиреоиддик гормон дарылары менен узак убактылуу дарылоону эрте баштоо аркылуу денесинин өсүүсүн жана физикалык келбетин жакшыртып оңдоого, мындан тышкары, кээде акыл-эси өрчүүсү артта калуусун азайтууга же анын алдын алууга болот. Эң мыкты натыйжаларга жетүү үчүн, мындай дарылоону баланын өмүрүнүн биринчи айынан тартып баштоо зарыл. Балада гипотиреоз бар болуш керек деп шек санар замат, доктурга кайрылып, андан кеңеш издеңиз. Акыл-эс жана физикалык өнүгүүсүнө жана негизги ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүп алуусуна балага жардам берүү үчүн, 34–41-бөлүмдөрдү окуп, баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам бере турган андагы кеңештерден пайдаланыңыз. Дарылоосу эрте башталып, өнүгүп өсүүсү адегенде пландалып, анан системдүү түрдө ишке ашырылганда, гипотиреозу бар балдардын көбү өздөрүн тейлегенди жана коомчосунда жөнөкөй бирок маанилүү иштерди аткарууну үйрөнүп кетүүгө жарашат. Ич катууну дарылоо тууралуу караңыз. ГИПОТЕРИОЗДУН АЛДЫН АЛУУБогок көп учураган аймактарда йоддолгон тузду тамакка пайдаланууга элди үндөп чакыруу аркылуу гипотиреозду (жана дүлөйлүктү) кескин түрдө азайтууга болот.
This page was updated:30 Дек 2025 |