Hesperian Health Guides

Тамактануусуна көмөк берүүчү, колго жасалган жасалгалар

Бул бөлүмдө:

Бир колун гана колдонгон балага тамакты каптал беттери бийик табакта ичкен жеңилирээк. Эгер ошол колу абдан алсыз болсо, тамакты түртүп чогултуусу үчүн, табактын бир капталын жапыз, карама-каршы капталын бийик кылып жасап койсо, бала үчүн ыңгайлуу болот.against.

Бул баланын колдору шал. Кашыкты көтөрүү үчүн, ал ийнин көтөрүп-түшүрөт. Чыканагы түшүрүлгөндө алакан-манжалары көтөрүлүшү үчүн, билеги үстөлдүн кырына коюлат.
DVC Ch36 Page 330-1.PNG
Табагы ары-бери жыла бербеши үчүн, анын астына катуу сымдан жасалган торчого велосипеддин камерасынын кесиндилери эшилген атайын жасалганы коюп койсо болот.
Алаканга кийгизилип колдонулган, териден же велосипеддин камерасынан жасалган атайын курга кашыкты тагып койсо болот .
a spoon-holding band that fastens with velcro.
орусча “липучка” деп аталган түктүү илмек
illustration of the below: a dotted line shows where to cut near the bottom of the bucket.
Табакты кичинекей пластик чакадан жасап алууга болот.
Ары-бери жыла бербеши үчүн, астына велосипеддин камерасынан кесиндилерди сууга эрибеген жабыштыруучу желим менен жабыштырып койсоңуз болот.
Ky DVC Ch36 Page 330-4.png


Ky DVC Ch36 Page 330-7.png

Тамактануу үчүн, бурулуучу көмөкчү жасалга

Мындай жасалга колдору өтө алсыз балага өз алдынча тамактануусуна мүмкүнчүлүк берет. Жасалганын 3 жеринде жакшы бурулуп туруучу, бирок бекем бекитилген шарнир сымал ашташтары болуш керек. Мындай жасалганы эптүү жана бир нерсени ойлоп чыгарууга шыктуу адам жасай алат.
DVC Ch36 Page 331-1.PNG
Кашык кармагычты калемсап, тиш тазалагыч жана дагы башка нерсени да кармагыдай кылып ылайыктап койсо болот

Кол термелткич – колун көтөрүүгө күчү жетпеген бала үчүн.

Мындай кол термелткичти жыгачтан кесип, же болбосо, пенопласттын же картондун бөлүктөрүн каттап жабыштырып жасоого болот. DVC Ch36 Page 331-2.PNG
Же болбосо, аны эски пластик (же металл) чаканын түпкү бөлүгүнөн жасаңыз.
DVC Ch36 Page 331-3.PNG
Курлар керек же кереги жок болушу мүмкүн.
DVC Ch36 Page 331-4.PNG
DVC Ch36 Page 331-5.PNG
Пластикти анда белгиленген чийиндер боюнча ысытылган металл менен ысытыңыз. Андан кийин, аны сүрөттөгүдөй кылып ийиңиз


DVC Ch36 Page 331-6.jpg DVC Ch36 Page 331-7.jpg
Колу өтө алсыз болгондуктан, аны көтөрүп, оозуна жакындата албаган, булчуңдар дистрофиясы бар бул бала кол термелткичтин жардамы менен тамактанып жатат. Мындай кол термелткичти пенопласттан жасоо үчүн, болжол менен 5 эле мүнөт кеткен.



a feeding aid with a rotating clothespin for holding a spoon.
Кашыкты тиштеп, ага тамактан алсын. Кашыкты кыпчыгычка кыстырсын. Кашык оозуна келиши үчүн, эриндери менен кыпчыгычты айлантсын.
DVC Ch36 Page 332-3.PNG
DVC Ch36 Page 332-4.PNG
DVC Ch36 Page 332-5.PNG


Эскертме: Эгер балдар оңтойсуздугу үчүн балаңызды шылдыңдаса, муну ишенимдүү аткарганды үйрөнгүчө өзүнчө отуруп машыксын.


Колдорун такыр колдоно албаган балдар оозун тамакка жакындатып тамактана алышат. Табагын оозуна жакыныраак кылып коюп бериңиз.Табактын түбү тоголок болсо, табак бошогон сайын аны эңкейтип отуруп, тамактын баарын жей алат.
DVC Ch36 Page 332-6.PNG
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй жасалга оозу менен ага орнотулган чыныны эңкейтип, андан ичүүгө балага мүмкүнчүлүк берет.

Же болбосо, ичке түтүк аркылуу ичсин.

Өз алдынча тамактануусуна жана өзүн тейлөөсүнө балага дагы башка жолдор аркылуу жардам берүү үчүн, ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүгүңүздү пайдаланыңыз.





This page was updated:30 Дек 2025