Hesperian Health Guides

25-БӨЛҮМ: Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 25-БӨЛҮМ: Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу


Бул бөлүмдө:
Жүлүнү жабыркаган же жүлүн чуркусу бар адамдардын көпчүлүгүндө табарсыктын (заара кылуу) же ичегилердин (заңдоо) функциясын башкаруу жөндөмдүүлүгү бузулууга дуушар болот. Мындай жагдай адамга көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып, аны уялтып кысылтып, айланасындагылар менен катнашуусун татаалдаштырып, анын эмоцианалдык жактан кыйналуусуна себеп болот. Мындан тышкары, дененин аталган функцияларын башкаруу жөндөмдүүлүгү жоголгондо, териде ар кандай көйгөйлөр, ал эми заара бөлүп чыгаруу системинде инфекциялар пайда болушу мүмкүн. Андыктан, денени таза, кургак жана соо абалында сактоо ыкмаларын үйрөнүп алуу маанилүү. Мындай ыкмалардын көпчүлүгү оор деле эмес, андыктан балдар аларды өздөштүрүп алып, анан өз алдынча аткара алышат. Бул балдардын башкалардан болгон көз карандылыгын азайтуусуна жардам берет.

ТАБАРСЫКТЫН ФУНКЦИЯСЫН БАШКАРУУ

Табарсыктын функциясын башкаруунун негизги максаттары:

  1. заара бөлүп чыгаруу системин инфекциялануудан сактоо, жана
  2. денени мүмкүн болушунча кургак абалында сактоону камсыз кылуу

Заара бөлүп чыгаруу системине инфекция жугузбоо абдан маанилүү. Мындай инфекциялар (табарсыкта жана бөйрөктөрдө) жүлүнү жабыркаган жана жүлүн чуркусу бар адамдарда көп учурайт. Булар ушундай көйгөйлөрү бар адамдардын эрте каза болуп калуусунун негизги себептерине кирет. Ушул себептен, денеге кам көрүүгө жана аны кургак абалда кармоого багытталган ыкмалардын бардыгы заара бөлүп чыгаруу системин инфекциялануудан да сактап жардам берет. Табарсыкка оору козгоочу микробдордун кирип кетүүсүнө жол бербөөгө бардык күчүңүздү жумшаңыз. Денени таза кармоонун мааниси зор. Мындан тышкары, табарсыкты такай мүмкүн болушунча толук бошотуп туруу да маанилүү. Эгер табарсыкта бир аз заара калып калса, анда бактериялар көбөйүп, табарсык инфекциялануусуна алып келет.

Заара чыгарууну башкаруунун идеалдуу деп саналган ыкмасы адамга табарсыгын өз алдынча, оңой, такай, тазалыкты сактап, толук бошотуп туруусуна мүмкүнчүлүк берет.


Түрдүү бейтаптарга тигил же бул даражада түрдүү ыкмалар ылайыктуу. Бул конкреттүү адамдын табарсыгынын “түрүнө” жараша болот. Бул маселе кийинки бетте талкууланат.

The urinary system shown on a person
ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМИ
Бɵйрɵктɵр канды зат алмашуунун аяккы продуктарынан тазалап, заара иштеп чыгарат.
Заара бөйрөктөрдү табарсык менен байланыштыруучу түтүктөр аркылуу ошол табарсыкка жеткирилет.
Табарсык – заарага толгон сайын чоюлуучу жана, ага толгондо, андан бошонуп туруучу “баштык” сымал орган.
Заара табарсыктан адегенде “уретра” деп аталган түтүк боюнча өткөрүлүп, анан жыныстык мүчө аркылуу сыртка чыгарылат.


Сезгичтигин жана башкаруу функциясын толук эмес же толук жоготкон адамдардын табарсыктарынын “түрлөрү”

АВТОНОМДУУ ТАБАРСЫК. Буттарында “рефлектордуу спазмдар” (булчуңдар өзүнөн өзү катып калгансып чыңалуу жана тарткылоо) кармай берүүчү, шалдыгы бар адамдын табарсыгында дагы, демейде, мындай рефлектордуу спазмдар кармай берет. Табарсыкка заара толо баштаганда, анын беттери чоюлуп, рефлектордуу спазмдар пайда болушуна алып келет. Табарсык түйүлгөндө, заараны чыгарбай кармап туруучу булчуңдар бошоңдоп, заараны табарсыктан коё берет. Мындай табарсык “автономдуу” деп аталат, анткени ал толоору менен заарадан өзүнөн өзү бошонуп турат. ГИПОТОНДУК (БОШОҢ) ТАБАРСЫК. Эгер адамдын буттарындагы шалдыгынын түрү бошоң болсо, демейде табарсыгы да бошоң болот. Заарага толуп баратканына карабастан, мындай табарсык заарадан бошонуу үчүн түйүлө албайт. Табарсык толуп, заараны андан ары кармай албай, кичинеден коё бере баштаганча чоюла берет. Ал заарадан толук бошонбойт. Табарсыкта заара калып калгандыктан, анын инфекциялануу ыктымалдыгы чоң..

Табарсыктын функциясын башкаруунун эң жөнөкөй ыкмалары “автономдуу табарсыкка” жакшы жараса, бирок бошоң түрүндө иштебейт. Андыктан, балаңыздын табарсыгы кайсы түрү экенин аныктоого аракет кылыңыз.

Жүлүн жабыркагандан кийинки бир нече күн же жума табарсык дээрлик дайыма бошоң болот. Заара андан тамчылап чыгып турат же такыр чыкпайт. Андан кийин, жүлүн жабыркоодон болуучу шок абалы улам басылган сайын, жүлүнү омуртка тутумунун өйдөрөөк (2чи бел омурткасынан жогору) бөлүгүнөн жабыркаган адамдарда, көбүнчө, автономдук табарсык калыптанат. Жүлүнү омуртка тутумунун ылдыйыраак бөлүгүнөн жабыркагандарда, табарсык, көбүнчө, бошоң боюнча калат.

Демейде биринчи бир нече жума табарсыктан алынбай колдонулган “Фолей катетери” колдонулат. Бирок болжол менен 2 жумадан кийин катетерди табарсыктан алып, ушул бөлүмдө келтирилген ыкмалардын биринин жардамы менен табарсык функциясын өзү аткара алар бекенин текшерип көргөн оң. Эгер адамдын жыныстык мүчөсүнүн айланасы улам ным боло берсе, табарсыктын мындай түрүндө башка ыкманы колдонуп көрүңүз.


Катетер – табарсыктан заараны сыртка чыгаруу үчүн колдонулуучу ийкемдүү резинке түтүк.
стандарттык катетер Фолей катетери
standard catheter
Фолей катетеринин бир учунда кичинекей баллон болот. Катетер табарсыкка киргизилгенде, баллонго суу толтуруп койсо, катетер табарсыктан оңой суурулуп чыкпай калат.
Суу баллонго бул жеринен киргизилет.
Заара сыртка бул жеринен агып чыгат.
Катетерди кантип пайдалануу керектиги тууралуу Катетерди кантип киргизүү керек караңыз.




This page was updated:30 Дек 2025