Hesperian Health Guides
ЭТ ОЮЛУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 24-БӨЛҮМ: Эт оюлуу > ЭТ ОЮЛУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ
- Денени абдан узак убакыт бир абалда кармоодон оолак болгула. Төшөктө көп убакыт өткөрүүгө туура келсе, жок дегенде ар 2 саат сайын (же 4 саат, эгер алдыңыздагы төшөк жана жаздык буга ылайыктуу болсо) бир капталдан экинчи капталга же курсактан аркага оодарылып тургула. Көпкө отурганда, тулкуну көтөрүп, дененин абалын ар 10 же 15 мүнөт сайын алмаштырып тургула.
- Калың, бирок жумшак төшөктөрдү, жаздыктарды жана төшөнчүлөрдүн башка түрлөрүн (мисалы, жамбаш жаздыкчаларын) пайдалангыла. Аларды дененин сөөк уркуйган бөлүктөрү басылып кысылып калбагыдай кылып салгыла. (Жамбаш жаздыкчаларынын түрлөрү тууралуу караңыз.)
- Жумшак, таза, кургак шейшептерди пайдалангыла. Аларда бүгүлүштөр пайда болуусуна жол бербөөгө аракеттенгиле. Шейшептер менен кийимди күнүгө жана заарага же заңга булганган сайын алмаштырып туруңуз. Төшөнчөсү же кийими суу (айрыкча заарадан) болуп жата берген адамда эт оюлуулар пайда болот.
- Баланы күнүгө киринтип туруңуз. Терисин сүртүү жолу менен эмес, таптоо жолу менен жакшылап кургатыңыз. Дене майларын же орусча “тальк” деп аталган затты (алакан-манжалар менен бут кетмендерин эсепке албаганда; беттери туурулуп кетишинен сактайт) колдонбой эле койгон оң, анткени булар терини жумшартып, анын ар кандай таасирлерге туруштугун азайтып жиберет. Терини ачыштыруучу майларды, орусча “лосьон” деп аталган заттарды же спирттен жасалган суюктуктарды эч качан колдонбоңуз.
- Бүтүндөй денени, айрыкча эт оюлуулар көп пайда болгон бөлүктөрүн, күнүгө кылдат текшерип туруңуз. Эгер териде кызаруу же караруу пайда болсо, ал демейки калыбына келмейинче, бул бөлүктөргө эч кандай басым келтирилбөөсүн сөзсүз камсыз кылыңыз.
- Денеде эт оюлуулар пайда болуусуна жол бербөөдө туура тамактануунун мааниси чоң. Бала дайыма жетиштүү көлөмдө тамактануусун камсыз кылыңыз (бирок толуп кетүүсүнө жол бербеңиз). Ага мөмөлүү жемиштерди, жашылчаларды жана протеиндүү азыктарды (буурчактын, жасмыктын түрлөрүн, жумуртка, эт жана сүттөн даярдалган азыктарды) көп бериңиз. Эгер баланын териси кубарыңкы болсо, анемиянын белгилерине текшериңиз, жана курамында темир көп азыктарды (эт, жумуртка, каралжын жашыл жалбырактуу жашылчалар) тамакка колдонууну же темир таблеткаларын (темир сульфаты) бала кабыл алуусун, С витаминдүү азыктар (апельсин, лимон, помидор, ж.б.у.с.) менен тамактанып туруусун камсыз кылыңыз.
- Бала денесин эт оюлуунун белгилерине күнүгө текшерип турганды үйрөнүүсү жана булардын алдын алуу иш-чараларын өз алдынча аткаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алуусу зарыл.
Мазмуну
Башка сактык чаралары:
- Сезгичтиги жоголгон бут кетмендеринде эт оюлуулар же башка жаракаттар пайда болуусуна жол бербөө үчүн, буттарына туура келген, ички беттери жакшы капталып-төшөлгөн бут кийимди кийсин. Бул жана башка сактык чаралары «Жүлүн чуркусу» жана «Пес оорусу» деп аталган бөлүмдөрдө каралган.
- Контрактурасы бар колду же бутту гипстүү таңуунун жардамы менен түздөгөндө, анда эт оюлуулар пайда болуусуна жол бербөө үчүн, аны таңуудан мурун сөөк уркуйган бөлүктөрүнүн беттерин кошумча жумшак нерсе менен каптаңыз, жана гипс катыгандан кийин бул бөлүктөргө басым келтирбегиле. «Биягым ооруп жатат» деп бала зарданганда, буга көңүл буруп, кайсы жери ооруп жатканын текшериңиз.
| Эгер бул жерлер ооруса, байламта (тарамыш) тартылып калган болуш керек. Аны чойгондо, бир аз ооруса, бул эч нерсе эмес, бирок эгер катуу ооруса, муну текшериңиз | Эгер “Х” тамгасы менен белгиленген жерлердин бири ооруса, бул эт оюлуунун баштапкы белгиси болушу мүмкүн. Таңууну чечип, ошол жерди текшериңиз. |
Дененин абалын өзгөртүп туруу
| Жүлүнүн жакында эле жабыркатып алган баланы улам оодарып, денесинин абалын өзгөртүп туруу керек. Бирок омуртка тутумун ийип албоо үчүн, өтө этият болуу зарыл. | Баланын абалы жакшыраак болуп калганда, денесинин абалын өз алдынча өзгөртүп турууну үйрөнүп алуусу үчүн, керебетинин жогору жагына аркандан бир нече илмек (эгер керек болсо, башка көмөкчү жасалгаларды дагы) жасап бериңиз. | |
| Баланы оодаруу үчүн, анын астындагы шейшебин, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, пайдаланса болот. | ||
Башында жок дегенде ар 2 саат сайын, күнү-түнү адамды оодарып туруу маанилүү. Кийин, эгер эт оюлуунун белгилери пайда болбосо, бир оодаруудан кийинкисине чейинки аралыкты 4 саатка чейин бара-бара узартса болот. Түнкүсүн такыр оодарылбай уктап калуудан сактануу үчүн, ойготкуч коңгуроолуу саатты пайданууга болот.
Бала отуруп же дөңгөлөктүү отургучту пайдаланып баштаганда, эт оюлуунун жаңы, олуттуу түрү пайда болуу коркунучу туулат. Бала ар бир нече мүнөт сайын жамбашын басымдан бошотуп турууну адат кылып алуусу зарыл.
| Хуандын колдору күчтүү. Ал тулкусун көтөрүп, көтөрүлгөн абалында аны бир-эки мүнөттөй түшүрбөй кармай алат. Ушинткенде, кан жамбашында туруп калбай, айланып турат. | Хосенин колдору алсыз. Ал тулкусун адегенде биринчи, анан экинчи капталына оодуруп, отургучтун каптал жагындагы чыканак такоочуна жөлөнүү ыкмасынын жардамы менен жамбашы кысылуусун азайтат. | ||
| Ушинткенде, бир жамбашы көтөрүлүп кармалат. | |||
| Карлотанын дөңгөлөктүү отургучунун жөлөнгүчү жапыз. Ал артка ооп, жамбашын отурган жеринен жогору көтөрөт. | Эгер отургучтун чыканак такоочтору жок болсо, же алар алып салынма болсо, бала бийик керебетке коюлган жаздыкка капталынан кыйшайып жатса болот. Ал ушинтип, 15–30 мүнөттөй эс алып тура алат. | ||
| Эгер ал колдорун жана бүтүндөй денесин жакшы башкара албаса, буттарын жерге (башка бирөөнүн жардамы менен, эгер зарыл болсо), көкүрөгүн тизесине коюп алса болот. Ушинткенде да, жамбашына болгон басым азаят. | Же болбосо, башка бирөө баланын отургучун бир мүнөткө же андан көбүрөөк убакытка артка жантайтып кармасын. Жамбашты көбүрөөк убакыт эс алдыруу үчүн, баланын отургучун керебетке жантайтып карматып койсо болот. | ||
Жатканда астыга салынчу төшөнчүлөр жана жаздыкчалар
Эт оюлуу пайда болбошу үчүн, денесинде сезгичтиги жоголгон адам денесинин сөөк уркуйган бөлүктөрүнө басымды азайтууга жардам берүүчү жумшак беттерге жатуусу абдан маанилүү.
- “Губкалуу” калың матрастан турган тегиз бетке жатуудан артык нерсе жок.
| Бул төшөм өтө эле жумшак. Жамбаш сөөк төшөм астындагы тактага тийип кысылып калат. | Бул төшөм жакшыраак. Анын тыгыздыгы жамбаш сөөктү тактага тийгизбей көтөрүүгө жетиштүү. |
Поролондон жасалган калың матрас деле көпчүлүк учурда жакшы жарап берет. Бирок поролондун кээ бир түрлөрү өтө эле жумшак болгондуктан, адамдын салмагы астында такыр эле чөгүп кетет. Ошондо, дененин сөөк уркуйган бөлүктөрү катуу тактага тийип, андан сакталбай калат. Ичинде абасы бар майда көбүкчөлөрдөн турган, “микрокөңдөйлүү резина” деп аталган тыгызыраак материалды колдонгон жакшыраак, бирок ал кымбат.
Кээ бир өлкөлөрдө кокос буласынан, тышын резина менен каптап, сонун матрастарды жасашат. Ага сиңген заараны суу менен (ал аркылуу өткөрүп) жууп салса болот. Мындай материал кымбат болгондуктан, Бангладеште ишин алып барган реабилитациялык программа арзан матрастын ортосун төрт бурчтуу формада кесип, анын ордуна кокос буласынан даярдалган губканы салып койот.
- Жаздыктарды, төшөнчүлөрдү жана орусча “одеяло” деп аталган, бүктөлүп салынган жылуужумшак каптамаларды кылдат жайгаштырып колдонуу ыкмасы менен да эт оюлуунун алдын алса болот. Жүлүнүн жабыркатып алгандан кийинки биринчи бир нече жума же ай жаткан абалында өткөрүүгө жана мүмкүн болушунча кыймылдабоого адам аргасыз болгондо, булардын мааниси айрыкча чоң болот. Жаздыктарды дененин сөөк уркуйган бөлүктөрү кысылып калбагыдай, денеси ден соолугуна пайдалуу жана контрактураларга алып келбегендей абалда кармалгыдай жайгаштыруу зарыл.
| АРКАГА ЖАТУУ | КАПТАЛГА ЖАТУУ |
пахтадан жасалган шейшеп
аараны өзүнө сиңирип алуучу төшөм
заараны өткөрбөй кармап калуучу, полиэтилен же резина материалы
губкалуу резинадан жасалган калың матрас |
|
| Жаздыктарды өз алдынча жайгаштыруу тууралуу караңыз. |
| BELLY-LYING |
| заар чогултуучу түтүк |
Кадимки жана дөңгөлөктүү отургуч үчүн жаздыкчалар
Отургучка салынчу жамбаш жаздыкчасынын кандай түрү колдонулары жамбашында сезгичтиги жоголгон бала үчүн абдан маанилүү – айрыкча бала шалдыгынан улам тулкусун көтөрө албай же денесинин абалын өзгөртө албай кыйналса.
Жүлүнү жабыркаган адамдардын бардыгы жамбаш жаздыкчасынын мыктысын колдонууга тийиш. Отургучтардын отурган бөлүгүн жасоодо көп колдонулчу кендирлүү материалдын өзүнө же начар төшөлгөн бетке түздөн-түз отуруудан эт оюлуулар пайда болот.
Жамбаш жаздыкчаларынын атайын түрлөрү жамбаштын эң көп кысылган жерлери дээрлик суюк келген “силикон гелинен” турган “жумшак бөлүктөрү” бар болуп жасалат. Бирок тилекке каршы, мындай жаздыкчалар абдан кымбат турат. Мындан тышкары, гель ысыкта өтө эле жумшарып суюлуп кетиши мүмкүн.
| Жетишерлик тыгыз келген “микрокөңдөйлүү” резинадан жамбаш жаздыкчасынын мыкты түрүн жасоого болот. Жаздыкчаны атайылап, жамбаштын сөөк уркуйган жерлерине келген басымды азайткандай кылып жасаган жакшы: |
|
Бул жери көтөрүлүп туруусу басымды сандарына көбүрөөк келтирип, жамбашына азайтат. Жамбашы алдыга жылбышып кетүүсүнөн да сактайт.
Арткы бөлүгү ылдыйыраак болуусу жамбашы алдыга жылбышып кетүүсүнөн сактайт
Бул жери көңдөй болгондо, жамбаш сөөгүнө басым келбейт
Керек болсо, “сандарды бир бирине тийгиздирбей кармоочу бөлүгүн” кошуп койсо болот
|
| Ак чыгымдуу, бирок сапаты жетишерлик мыкты жаздыкчаны жабыштырчу желимдин жардамы менен бир бирине кат-кат бекитилген калың картон кагаздардан жасоого болот. Тышын калыңдыгы 2 же 3 см болгон, орусчалаштырып айтканда, “губкалуу резина” менен каптап коюңуз. | |
Отургучка “бап” этип отуруп калуусу үчүн, асты ийри жасалат. | |
| Жасалып бүткөндөн кийин, аны суулаңыз. Кургай элегинде бала ага 2 сааттай отурсун. Ошондо, ал жамбаштын калыбын алат. Андан кийин аны кургатып, беттерди жалтыратуучу атайын суюктук менен сырдап коюңуз. |
|
Жамбаш жаздыкчасын биротоло жасоодон мурун, чопо, топурак же гипс толтурулган жашикке баланы отургузуп, жамбашынын “калыбын” даярдасаңыз болот. Жамбашынын сөөк уркуйган бөлүктөрүнө туура келген жаздыкчанын жерлерин көңдөйлүү кылып калтырууну унутпаңыз. |
жамбаштын калыбы |
Велосипеддин дөңгөлөгүнүн камерасынан, ичине аба толтурулуп жасалган жамбаш жаздыкчалары дагы эт оюлууларга жол бербөө жана катуу беттерге отуруп алып киринүү үчүн жакшы жарайт. Камеранын калыңдыгын жана баланын чоңдугун эсепке алып, 1, 2 же андан көп камера колдонуңуз.
| Камераны сүрөттө көрсөтүлгөндөй бүктөп, ичке кесимдери менен байлалаңыз. Бүтүндөй жамбашты жерге тийгизбей кармагыдай кылып, камерага аба толтуруңуз. (Бул Таханан Валанг Хагданангдан болгон, дөңгөлөктүү отургучтарды жасоочу усталардын ойлоп чыгарганы. Куезон шаары, Филиппиндер.) |