Hesperian Health Guides

30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук

Бул бөлүмдө:

Көздөр көрүүсүнүн начардыгы, оордугу боюнча, жеңил, орточо жана оор болуп бөлүнөт. Биз көздөрү өтө начар көргөн же такыр көрбөгөн адамды сокур деп атайбыз. Кээ бир балдар то- лук сокур болушат, башкача айтканда, алар эч нерсе көрүшпөйт. Бирок сокур деп санал- ган балдардын көпчүлүгү бир аз көрө алышат. Булардын айрымдары жарык менен караң- гыны же күн менен түндү бир биринен айырмалоого гана жөндөмдүү болуп, бирок көз алдын- дагы нерселердин атүгүл сөлөкөттөрүн да көрүшпөйт. Башкалар чоң нерселердин сөлөкөттө- рүн көрүшөт, бирок алардын майда-чүйдөсүн көрө алышпайт.

Көрүүсү бузук балдардын көбүн сокур деп атоого болбойт, бирок алар так көрө алышпайт. Мисалы, алардын көрүүсү күндөлүк тиричилигиндеги иштеринин көпчүлүгүн аткаруусу үчүн жетиштүү болушу мүмкүн, бирок алар майда-чүйдөсүн көрө албай кыйналышат. Ата-эне ба- ласынын көрүүсү начардыгын ал жипти ийнеге саптай албай же мектептеги дубал тактадан тамгаларды окуй албай кыйналганынан байкап калмайынча билбей журө бериши мүмкүн. Көп учурда мындай балдар көз айнектердин же чоңойтуп көрсөтүүчү айнектин жардамы ме- нен кыйла мыктыраак көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. (Атүгүл көз айнектердин жардамы менен да көрө албаган, көздөрү толук сокур балдар таптакыр эч нерсе көрүшпөйт.)

Бала сокур болуп төрөлүшү же өтө кичинекейинде же кийин сокур болуп калышы мүмкүн.

a drawing of a donkey, a tree, and the sun.
the same drawing with much less detail.
the same drawing showing only the brightest part.
a black square instead of the drawing.
Көрүүсү нормалдуу бала ушундай көрөт. Жарым-жартылай сокур киши ушундай көрүшү мүмкүн (чоң нерселердин сөлө- көттөрүн көрөт, би- рок майда-чүйдөсүн көрбөйт). Чоң жарык кайсы тараптан келип жатканын гана айта алган бала ушундай көрөт. Толук сокур бала ушундай “көрөт”.

Эскертме: Бала сокур экенин анын көздөрүнөн аныктоого дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Анын көздөрү тунук жана сырткы көрүнүшү нормалдуу эле болушу мүмкүн. Сокурдукка алып келген жабыркоо көздөрдүн арткы бөлүгүндө же мээде болушу ыктымал. Андыктан, көрүүсү начар экени тууралуу кабарлаган башка белгилерди да издөө зарыл.




This page was updated:30 Дек 2025