Hesperian Health Guides
ДЕН СООЛУГУНДА БУЗУЛУУЛАРЫ БАР БАЛДАРДЫН АЙРЫМДАРЫНДАГЫ НАЧАР ЖҮРҮМ-ТУРУМДУН МҮНӨЗДҮҮ ТҮРЛӨРҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 40-БӨЛҮМ: Кантип баланын жүрүм-турумун оңдоп, үйрөнүүсүн жакшыртса болот > ДЕН СООЛУГУНДА БУЗУЛУУЛАРЫ БАР БАЛДАРДЫН АЙРЫМДАРЫНДАГЫ НАЧАР ЖҮРҮМ-ТУРУМДУН МҮНӨЗДҮҮ ТҮРЛӨРҮ
Истерика
“Истерика” – бул капыстан чаңырып ыйлап баштоо, ачуулуу же бүлдүргүч жүрүм-турум. Мындай абалда бала жанындагы бир нерсени сындырууга, ыргытып жиберүүгө же дагы башка жол менен бүлдүрүүгө, бирөөнү (кээде өзүн да) тээп, тиштеп жиберүүгө же дагы башкача ага зыян келтирүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Баланын мындай туталануулары анын өзүн да, жакындарын да аябай коркутушу ыктымал. Бул абалдагы баланы тил алдыртуу жана тынчытуу кыйын, жазалоо көп учурда жагдайды ого бетер оорлотуп жиберет.
Балдар – алардын ичинде, акыл-эси өрчүүсү артта калган жана физикалык бузулуулары бар балдардын айрымдары да – мындай истерикаларын каалаганына жетүү үчүн колдонууну үйрөнүп алышы мүмкүн. Мындай мисалдардын бири – жогоруда айтылып өткөн, Эриканын окуясы. Төмөндө башка мисалы келтирилген.
| Квамени оюнчуктары менен ойноп турсун деп жалгыз калтырышты. Ал апасынын көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылып жатат | Кваменин истерикасы башталды. | Баласы бир жерин кокустатып алат деп чочулап, апасы аны сооротууга шашты. Азыр Кваме апасынын көңүлүнүн борборунда. |
Ушинтип, балдар истериканын жардамы менен каалаганына жетсе болорун түшүнүшөт. Баласында мындай истерикалар азыраак болушу үчүн, ата-эне баласына каалаганын жана чочулоолорун башкаларга жеткирүүнүн башка, алгылыктуу жолдорун табуусуна жардам берүүгө тийиш. Эң башкысы, ата-эне баласын кандай гана формадагы болбосун алгылыктуу жүрүм-туруму үчүн сыйлап, ал эми баланын истерикасы башталса, аны сооротууга шашылуунун ордуна ага көңүл бурбай коюшу керек. Келиңиз, Кваменин апасы муну кантип аткаргандыгына көңүл буралы:
| Кваме өзүн үлгүлүү алып жүргөндө: | Эгер анын истерикасы башталса: | |
Ушинтип, жакшы жүрүм-туруму үчүн сыйлап, ал эми начар жүрүм-туруму үчүн ага көңүл бурбай коюу жолу аркылуу апасы баласына каалаганына истериканын жардамы менен жете албашын түшүнүүсүнө жардам берди. Башында Кваменин истерикалары атүгүл мурдагыдан да чуулгандуураак жана ачуулуураак болгон. Бирок атүгүл булардан да эч майнап чыкпаганда, бала анткорлонуп долулануусунан бара-бара баш тартты. Эгер каалаганын башкача билдирсе, мурдагыдан көбүрөөк нерселерге жете аларына анын көзү жетти.
Бала демин кармоо
“Баланын истерикасына көңүл бурбоо” деген кулакка абдан сонун угулат. Бирок менин баламдын истерикасы башталганда, ал дем алуусу токтоп, териси көгөрүп кеткиче каарданат! Мындай жагдайда мен эч нерсе кылбай отура албайм!” Бирок мындай жагдайда эч нерсе кылбоо – көп учурда, мындай истерикалардын санын чектөөнүн эң натыйжалуу жолу!
Демин кармоо аркылуу бала өзүнө зыян келтире албайт. Эң жаман болду дегенде, бала эсин жоготушу мүмкүн. Андан кийин кычкылтектин жетишсиздиги ага зыян келтирип коё элегинде эле бала кадимкидей дем ала баштайт.
Демин кармоосу ата-энесин абдан коркутканын байкаган бала аларга ачуусу келгенде (дени соо балдардын көбү муну кылышат) ушул ыкманы улам кайталай башташы толук мүмкүн. Бала демин кармап, анын териси көгөргөндө, биз тынчсыздануубузду жана чочулообузду балага көрсөтпөөгө аракет кылуубуз зарыл.
Анын ордуна, бала бизди коркутуу аракеттерин токтотуп, кайрадан кадимкидей дем ала баштамайынча биз тынч күтүшүбүз керек. Ошондо гана – бала демин кармаганда эмес! – балага сүйүүбүздү тигил же бул формада көрсөтүүбүз үчүн убакыт келгени.
Өзүнө зыян келтирүү
Ата-энесин коркутуп, аларды жазалайын деген максат менен демин кармаган бала ошол эле максат менен бир нерсени сүзүп жибериши, өзүн тиштеши же дагы башкача өзүнө залал келтириши мүмкүн.
Бирок кээде, мээсинде бузулуусу бар, эпилепсиялык талмасы кармаган же психикасында олуттуу бузулуулары бар балдарда өзүн тиштегилөө, башы менен бир нерсени сүзүү, чачын жулуу же өзүнө карата дагы башкача агрессивдүү жүрүм-турумга жол берүү адаты учурайт.
| Өзүнө зыян келтирип жаткан баланы тынчытуу үчүн, ал сизди көрбөшү жана жүрүм-туруму менен сизди жооп берүүгө мүмкүн болушунча азыраак көкүтүшү үчүн, аны артынан колдоруңуз менен бекем, бирок абайлап “байлап” кармаңыз. |
Мындай нерселердин себеби эмнеде гана болбосун, буларга көңүл бурбай коюуга болбойт. Ата-энелер баланы этияттык менен тынчытуунун жана өзүнө залал келтирип алуусунан сактоонун жөп-жөнөкөй жана ага зыян келтирбес ыкмасын табууга тийиш. Бала өзүн тиштегилебеши үчүн, мисалы, колдорун колдоруңуз менен “байлап” коюңуз.
Бихевиористтик ыкманын жардамы менен бул көйгөйлөр чечилген мисалдар аз эмес. Бала өзүнө залал келтирүүгө аракет кылып жатканда, тынч болууңуз жана ага ашыкча көңүл буруудан өзүңүздү кармооңуз өтө маанилүү. Ошону менен бирге, баланы өзүн жакшы алып жүрүүсүнө мүмкүндүү бардык жолдор менен кызыктырып туруу жана өзүнө ишенип башын бийик алып жүрүүсүнө, жаңы ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө, оюнчуктар жана башка балдар менен ойногонду, айланасындагыларга жакшы мамиле кылганды үйрөнүүсүнө ага жардам берүү керек. Албетте, интеллект бузулуулары бар балдардын айрымдары татаал ык-жөндөмдөрдү жана оюндарды жетиштүү көлөмдө өздөштүрө алышпайт. Мындай балдар агрессивдүү маанайда болбогон учурларда аларга өз сүйүүңүздү көрсөтүп (сөз менен, кучактоо аркылуу же башкача), алар менен сүйлөшүп, балдар ырларын чогуу үйрөнүп же алардын сүйүктүү иштерине катышып туруу аркылуу балдарды жаман кылык-жоруктарын таштатуу мүмкүн. Өзүнө зыян келтирүү аракетин токтоткондугу үчүн баланы сыйлап туруу жолу аркылуу анын мындай жүрүм-турумунун санын азайтууга болот. Бала өзүнө зыян келтирүүгө аракет кылуудан өзүн кармаганда, аны сөзсүз сыйлап жана ага күчөтүп көңүл буруп туруу мындан да маанилүү. Мүмкүн болушунча, кеңеш үчүн балдардын психологуна кайрылуу сунуш кылынат.