Hesperian Health Guides

ҮЙРӨТҮҮНҮН ЖАНА ЖҮРҮМ-ТУРУМДУ ОҢДООНУН БИХЕВИОРИСТТИК ЫКМАСЫ

Бул бөлүмдө:

1-баскыч. Баланы начар жүрүм-турумга түрткөн шарттарга байкоо жүргүзүңүз.

Балага өзүн туура алып жүрүүнү үйрөтүү үчүн, адегенде, жүрүм-туруму бузула баштаганда аны менен жана анын айланасында эмне болоруна ыклас коюп байкоо жүргүзүңүз. Мындай дыкат байкоо жүргүзүүнү бир же эки жума бою улантыңыз. Мүнөздүү жүрүм-турум моделдерин тагыраак аныктоо үчүн, маалыматтарды күндөлүккө так, конкреттүү жана жөнөкөй формада жазып каттап туруу сунуш кылынат. Баланын жүрүм-туруму кичине болсо да бузулуусуна алып келген нерселердин баарын жана ал мындай жүрүмтурумунан кандай пайда аларын байкап каттап туруңуз. Мисалы, Раулдун апасы күндөлүккө төмөнкүдөй жазууларды киргизген:

Raúl in his high chair, calling to his mother while she speaks to him and the other children.


Pepe speaking and then his mother hitting Raúl and yelling at him.



2-баскыч. Байкоолоруңузга таянып, анын мындай жүрүм-турумунун себебин түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Төмөнкү суроолорго жооп издеңиз:

  • Баланын жүрүм-турумунун бузулуусуна эмнелер алып келет же түрткү (триггер) болот?
  • Баланын мындай жүрүм-туруму сиз же анын айланасындагылар балага карата талаптарды так койогондун же алар бир бирине карама-каршы келүүсүнүн натыйжасы эмеспи?
  • Бала мындай жүрүм-турумунан эмне пайда табат? Анткени тапкан пайдасы аны өзүн улам так ушундай алып жүрүүгө түртөт.
  • Баланын мындай жүрүм-туруму, бир четинен, коркуу сезиминен же өз күчүнө ишенбөөдөн улам болуп жаткан жокпу?


Рауль кандай жагдайда тамагын чачып баштарына көп жолу байкоо жүргүзгөндөн кийин анын апасы төмөнкүлөрдү түшүндү:

  • “Рауль жалгыз калганда, айрыкча мен башка балдарым менен алектенгенимде, ал тамагын көбүрөөк чача баштайт”.
  • “Менин Раулга карата койгон талаптарым ыраатсыз жана бир бирине карама-каршы келет. Мен бир туруп уулумду урушуп калам, анан кайра эле аны сооротуп, ага бөтөнчө көңүл бура баштайм, мисалы, ага тамагын ымыркайга бергенсип кашыктап беремин”.
  • “Рауль тамагын чачуу жолу менен моокумун болушунча кандырат”.

РАУЛЬ ТАМАГЫН ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЧАЧЫП ЖАТКАНДЫГЫНЫН МҮМКҮНДҮҮ ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

ТРИГГЕРЛЕР ТАМАГЫН ЧАЧКАНДА, АЛ ЭМНЕ ПАЙДА ТАБАТ? АЛ ЭМНЕДЕН АЙРЫЛАТ?
  • Раулга көңүл бурулбайт. Апасы башка балдары менен алектенгенде, Рауль башка бирөө менен катнашуудан четтетилип калат.
  • Жалгыз отуруп тамактанса, ага дагы далай убакыт эч ким көңүлүн бурбай коёт деп ал чочулашы мүмкүн. Рауль апасынын ага көргөн камынан жана ага көңүл буруусунан абдан көз каранды.
  • Апасы ага ачуулана баштайт, аны урушат, чаап да жиберет.
  • Ага жакындарынын бардыгы көңүлүн бурат.
  • Апасы башка балдары менен алектенүүсүн дароо токтотуп, көңүлүн ага бурат.
  • Апасы аны урушканда же чаап жибергенде, эгер ал ыйлай баштаса, апасы аны аяп, дароо сооротуп кирет.
  • Андан кийин ага оюнчуктарын беришет, ошентип ал оюнчуктары менен ойноого мүмкүнчүлүк алат.
  • Аны кашыктан тамактандыруу чоңоюп апасынын камкордугунан жана ага көңүл буруусунан айрылып калуудан коркуу сезимин басат.
DVC Ch40 Page 351-1.png

3-баскыч. Баланын жүрүм-турумун оңдоо үчүн максат коюңуз.

Эгер баланын жүрүм-турумунда дароо бир нече көйгөй бар болсо, аларды бир бирден өзүнчө чечкен оң. Позитивдүү болуңуз. Жөн гана “жаман жүрүм-турумду токтотуу” деп эмес, сиз умтулган жакшы жүрүм-турумдун аныктамасын так берүүгө аракеттениңиз. Раулга карата мындай максатты так коюу оңой: “аны өз алдынча жана тынч отуруп тамактануусуна үйрөтүү” (“тамагын чачуу адатын таштатуу” эле эмес).

Алдыга коюлган максат баланын алына ылайык болууга жана өнүгүүсүнүн деңгээлине дал келүүгө тийиш.


4-баскыч. Өзүн жакшы алып жүрүүсүнө балага түрткү берип турган систем ииштеп чыгыңыз.

“Өзүн жакшы алып жүргөнү” үчүн баланы сөзсүз сыйлап кызыктырыңыз. Бала өзүн сиз каалагандай алып жүргөнү үчүн аны дайыма мактап туруңуз. Баланы сөз, кучактоо же ага ырахат берүүчү кандайдыр бир нерсе (мисалы, сүйүктүү оюнчугу менен ойноосуна уруксат берүү) аркылуу сыйлоого болот. Же болбосо, балага даамдуу бир нерсе берсе болот. Бирок даамдуу азыктарды абдан арык балдарга же эгер башка эч нерсе иштебегенде гана берип сыйлаган оң. Даамдуу азыктар менен кошумча салмагы бар балдарды сыйлап кызыктыруудан оолак болуңуз (340-бетти караңыз).

Мүмкүн болушунча, “начар” жүрүм-туруму үчүн баланы жазалабай эле, ага көңүл бурбай эле койгон оң. Баланы “начар” жүрүм-туруму үчүн жазалоонун ордуна “жакшы” жүрүм-туруму үчүн сыйлоо аркылуу атаэне өзүнө да, балага да психикалык травма келтирүүсүз далай ийгиликтерге жетише алат.

“Жакшы” жүрүм-туруму үчүн баланы дайыма сыйлап кызыктырыңыз, ал эми “начар” жүрүм-туруму үчүн эч качан сыйлабаңыз. Бул – бихевиористтик ыкманын негизи.

Мисалы, ар бир жолу Рауль тамагын чачпай, өз алдынча тамактанганда, үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү аны мактап, ага кол чабышса болот.

Рауль өзүн туура алып жүргөндө айланасындагылардын баары ага көңүл бурганын жана аны мактаганын байкайт.
Raúl's mother speaking to him while he sits quietly and eats.

Бирок Рауль тамагын чача баштаганда, айланасындагылар дайыма балага көңүл бурбай коюушу керек, жөн гана “Муну кылганын өкүнүчтүү, Рауль.” же “Дагы бир жолу чачсаң, табагыңды алып салууга аргасыз болом, анткени артыңан баарын тазалап туруудан чарчадым.” деп ага айтсаңыз болот. (Бала сиздин мындай жообуңузду жазалоо катары эмес, жүрүм-турумунун натыйжасы катары кабыл алышы зарыл.) Балага алдын ала эскерткендериңизди дайыма аткарыңыз.

Эми Рауль тамагын чачуудан эч пайда таппоосун дароо түшүнөт.
Raúl's mother and sister speaking while he calls out from his chair.

КОШУМЧА ЭРЕЖЕЛЕР:

  • Баланын жүрүм-турумуна карата сиздин жооп аракеттериңиз бир бирине карама-каршы келбей, ырааттуу болушу керек. Эгер жакшы жүрүм-туруму үчүн бирде баланы сыйласаңыз, ал эми башка учурларда буга көңүл бурбай койсоңуз, же болбосо, кээде начар жүрүм-турумуна көңүл бурбасаңыз, ал эми башка учурларда мунусу үчүн баланы урушсаңыз же, тескерисинче, талап кылганын ага берсеңиз, муну менен баланын башын маң кыласыз. Мындай жол менен баланын жүрүм-туруму оңолбойт.
  • ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ! Мындай ыкма колдонулганда, баланын жүрүм-туруму адегенде начарлашы мүмкүн. Тамагын чачуу жолу менен апасынын көңүлүнө ээ болбогондон кийин Рауль табагын да ыргытып жибериши ыктымал. Апасы баланын талаптарына алдырбай, тандалган ыкманы ырааттуу колдонуусу өтө маанилүү. Рауль ошондо гана начар жүрүм-туруму аркылуу эмес, жакшы жүрүм-туруму аркылуу далай нерселерге жетерин түшүнөт.
  • Алдыга коюлган максатка кичине кадамдар менен, бара-бара жылыңыз. Эгер тарбиялоочу алдыга жай ылдамдык менен туура багытта жылса, тарбиялануучу жакшы жүрүм-турумдун эрежелерин тезирээк өздөштүрөт жана демейде башында орун алуучу, жүрүм-турум начарлоого жеткирбөөгө болот.


Мисалы, апасы башка балдары менен алектенгенде, Рауль ээнбаштанбай өз алдынча тамактанганды дароо үйрөнүп кетүүсү мүмкүн эмес. Апасы уулуна алдыга коюлган максатка кичине кадамдар менен барабара жетүүсүнө жардам бериши керек.



Раулдун апасы уулуна тамагын башка балдары мектепке кеткенден кийин берип баштаса болот. Ошондо, уулу тамактанып жатканда, ал башка эч нерсеге алаксыбай, уулунун жанында боло алат.
Raúl's mother speaking to him while she watches him eat.
Кийинки кадам: Рауль тамактанып жатканда, апасы үй тиричилик иштери менен алек болуп жатып, ошол эле учурда уулу менен сүйлөшүп турсун, жана эгер уулу баарын туура аткарса, аны мактасын.
Raúl's mother speaking to him while he eats and she works in the kitchen.


Ушул ыкманын жардамы менен, ал өз алдынча тамактанганда, аны эч ким жалгыз калтырбарын, тескерисинче, тамагын чачкандагыга салыштырмалуу ага көбүрөөк көңүл буруларын Рауль түшүнөт.

5-баскыч. Мындай үлгүлүү жүрүм-турум адатка айланганда, экөөңөрдүн мамилелериңизди бара-бара демейкидей тартипке өткөрүңүз.

Баланын жүрүм-турумун оңдоо үчүн, сүрөттөлгөн “бихевиористтик ыкма” көпчүлүк учурда жакшы жардам берет. Баланын аракеттерине сиздин жооп аракеттериңиз кылдаттык менен пландалган жана ырааттуу болот. Бирок эки адамдын ортосундагы мамилелердин ушинтип алдын ала пландалуусу табигый нерсе эмес. Бардык адамдардай эле ата-энелер жана балдар бир бири менен план боюнча жана сыйлык алуу максаты менен эмес, бир бирин кубандыруу максаты менен катнашканды үйрөнүшү керек.

Pepe speaking while the whole family sits at the table and eats.

Андыктан, баланын жаңы жүрүм-туруму адатка айлангандай кийин бул ыкманын акыркы баскычы аткарылышы зарыл: жакшы жүрүм-турум үчүн дароо берилген сыйлыктардын санын бара-бара азайтуу жана, ошол эле учурда, үй-бүлөдө жакшырган мамилелерден болгон кубанычты бир бирине көрсөтүү.

Баланын өнүгүү деңгээлин эске алуу менен алдыга жүйөлүү максаттарды коюу

Баланын жүрүм-турумун оңдоо же ага жаңы ык-жөндөмдү үйрөтүү максатын коюп жатып, анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алыңыз. Адегенде баланын өнүгүүсүнүн деңгээлин аныктоого аракет кылып, андан кийин гана ага жараша максат коюңуз. (Баланын өнүгүүсүнүн деңгээлин кантип аныктоо керектигин “Баланын өнүгүүсү жана өнүгүүсү артта калуу” деп аталган 34-бөлүмдөн караңыз.)

Колдон жерге түшүргөндө, дайыма истерика (чаңырып ыйлоо) менен жооп берген кыз – Эриканын мисалын карап көрөлү. Эриканын акыл-эси өнүгүүсү артта калган. Бул Эрика өнүгүүсү боюнча теңтуштарынан артта калганын билдирет. Эриканы истерикаларынан арылтуу үчүн, апасы төмөндө сүрөттөлүп келтирилген кадамдарды кызынын өрчүп өнүгүүсүнүн деңгээлине жараша (жашына жараша эмес) пландап түзүп алса болот:

Erica's mother speaking to her.

Эриканын өрчүп өнүгүүсүнүн деңгээли абдан жаш баланыкындай дейли. Ал эмдигиче колдорун жакшы башкара албайт, өз алдынча ойногонду же башкалардын кыймылдарын туураганды билбейт. Эрикага баарын жөнөкөй жана түшүнүктүү сөздөр менен түшүндүрүү жолу аркылуу эң негизги ык-жөндөмдөрдү үйрөтүүгө туура келет. Адегенде апасы кызын узак эмес убакытка өзүнчө отургузуп, анын истерикасы баштала элегинде кызын мактап, аны менен сүйлөшүп же ага ырдап берсе болот. Кызы баары бир чаңырып ыйлап баштаганда, апасы ага мүмкүн болушунча азыраак көңүл буруп, анын талаптарына эч албоого аракет кылышы керек. Бала чарчап, чаңыруусун токтоткон кыска учурларда гана ага көңүл буруп, ага бир нерсе берсе болот. Ошондо Эрика көп нерсеге чаңыруу аркылуу эмес, жакшы жүрүм-турум аркылуу жетүүгө мүмкүн экенин түшүнөт.

Erica's mother and another child speaking.

Эми, Эриканын өрчүп өнүгүүсүнүн деңгээли бир канча жогору дейли. Ага колдору менен ар кандай нерселерди аткаруу жана апасынын кыймылдарын тууроо жагат. Кыздын жүрүм-турумун ушул деңгээлинен тартып оңдоп баштоого, мисалы, аны өзөнгө ала барып, жээгине отургузуп, ага кичинекей кир кийим жуудурса болот. Апасына ушинтип жардам берүүсү аркылуу Эрика апасына жакыныраак болуп, жалгыз калып калам деп азыраак чочулайт. Ошол эле учурда апасы кызы менен сүйлөшүп, аны улам мактап турушу керек.

Эскертме: Өрчүп өнүгүүсүнүн бул деңгээлинде Эрика бир нерсени узак убакыт бою аткарууга даяр эмес. Истерикасы кайра башталбашы үчүн, апасы тапшырмаларды улам өзгөртүп жана кызы менен сүйлөшүп туруу жолу аркылуу андагы кызыгууну жогорку деңгээлде сактоого тийиш. Ушундай жагдайда башка балдар чоң жардам бере алышат.


Айлана-чөйрөсүн таануусуна балага кантип жардам берсе болот

a boy putting pegs in holes while a woman watches.
Балага жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүсүнө жардам берүүнүн эң майнаптуу жолдорунун бири – ага көбүрөөк көңүл буруу, ага дем берип, аракет кылса, аны мактап туруу. Special Education for Mentally Handicapped Pupils (Акыл-эси өрчүүсү бузулган окуучулар үчүн атайын окуу программасы) аттуу китептен алынган, Сониа Исков тартып алган сүрөт.

Балага ар кайсы нерселерди үйрөтүүдө жана дегеле аны жалпы өнүктүрүүдө колдонулуучу, жогоруда сүрөттөлгөн “бихевиористтик ыкма” “бихевиористтик терапия” же “бихевиористтик модификация” эле сыяктуу. Бирок балага айлана-чөйрөсүн таануусуна жардам берүү үчүн, биз баланын башкалар менен катнашуу ык-жөндөмүн жакшыртууга басым жасоону маанилүүрөөк деп эсептейбиз. “Баланын жүрүм-турумун өзгөртүүнүн” ордуна, биз анын айланасында болуп жаткан нерселерди түшүнүүсүнө балага жардам берүүнү каалайбыз. Ошондо ал адамдар арасында өзүн алып жүрүүнүн кабыл алгылыктуу мүнөзүн өзү тандап алууга жарай алат. Ал үчүн ата-энелер балдарына карата болгон өздөрүнүн жүрүм-турумуна баа бергенди үйрөнүп, зарыл болсо, аны өзгөртүүгө даяр болушу керек. Алар ырааттуулугу, колдоо көрсөтүүсү жана жакшы жүрүм-турумга кызыктыруусу менен башкаларынан айырмаланып турган, баласы менен катнашуунун жолун издөөгө тийиш.

Далай учурларда, бихевиористтик ыкманы колдонуу аркылуу, акыл-эси өнүгүүсү же жалпы өнүгүүсү артта калган балдарга – Рауль жана Эрика сыяктуу – айланасындагылары менен өз ара аракеттешүүнү үйрөнүүсүнө жана негизги ык-жөндөмдөрдү тезирээк өздөштүрүп алуусуна жардам берсе болот.

Бул ыкма дегеле бардык курактардагы балдарга карата жарайт берет. Негизи, кичүү курактардагы (1 жаштан 4 жашка чейинки) балдар менен иштөө жеңилирээк. Мындай учурда баланын жүрүм-турумундагы майда көйгөйлөрдүн келечекте олуттуу көйгөйлөргө айланып өтүп кетүүсүнө жол бербөөгө болот. Абдан жаш же акыл-эси өрчүүсү кыйла артта калган балдар менен иштөөдө, алдыга коюлган максаттар жөнөкөй болууга жана аларды көздөй жылуу кичинекей кадамдар аркылуу аткарылууга тийиш. Ар бир баскычты ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн, көп жолу кайталоо талап кылынышы мүмкүн жана ар бир ийгиликти – атүгүл кичинекейин да – сөзсүз баланы мактоо жана ага сыйлык берүү менен коштоо керек.

Интеллекти сакталуу, бирок физикалык бузулуулары бар балдар деле кээде өздөрүн туура эмес алып жүрүшөт. Бихевиористтик ыкманын жардамы менен буларга да жардам берсе болот. Кийинки бетте Жорждун окуясы келтирилген. Анда Жорждун жүрүм-туруму ушул ыкманын жардамы менен оңолгону тууралуу айтылат.


ЖОРЖДУН ОКУЯСЫ
Жорж – полиомиелиттен буттары шал болуп калган, 10 жаштагы акылдуу эркек бала. Ал чоң апасы менен чогуу жашайт. Жорж – чуулгандуу, оройураак, күйкөлөктөнмө бала. Ал башка балдар менен ойносо, оюн дайыма уруш менен аяктайт. Сабак учурунда Жорж өзүн начар алып отурат. Жакында мугалими “эгер небереңиз жүрүм-турумун оңдобосо, ал мектептен чыгарылат” деп чоң апасын эскертти. Чоң апасы жана мугалим экөө балага таасир кылуунун кандай гана амалдарын колдонуп көрүшкөн жок: урушуп да, чаап да көрүштү, бирок алардан кийин баланын жүрүм-туруму ого бетер начарлады. Чоң апасынын айтуусу боюнча, Жорж айланасындагылардын ачуусуна тийгенди жакшы көрөт.


Jorge using his crutch to hit another child in the classroom.

Жакында чоң апасы кеңешүү максаты менен небересин айылдагы реабилитациялоо борборуна алып барды. Борбордогу кызматкер Жорждун мындай жүрүм-турумунун себептерин мыктыраак түшүнүү максатында анын ошол жүрүм-турумуна жана буга чоң апасы кандай жооп кайтарарына кылдатыраак байкоо жүргүзүүсүнө чоң апасына жардам берди. Чоң апасы төмөнкүлөрдү түшүндү:

  • Жорж өзүн тынч алып отуруп, жүрүм-туруму жакшы болгондо (мындай жагдай сейрек), айланасындагылар аны унутуп калгансып, ага эч көңүл бурушпайт экен.
  • Натыйжада ал өзүн эч кимге кереги жоктой, аны эч ким жакшы көрбөгөндөй жана эч нерсеге жарабагандай сезет. Ал эмоционалдык адамдык катнашууга куса болуп, айланасындагылардын ачуусуна атайылап тийүү жолу менен зар болгонун алат.
  • Так ушинтип, Жорждун начар жүрүм-туруму аны, терс мааниде болсо да, далай адамдык катнашуу менен камсыз кылат. Ал эми өзүн туура алып жүрүүгө аракет кылган сейрек учурларында Жорж өзүн эч кимге кереги жоктой сезет.


“Мен чынында эле неберемди катуу сүйөм, бирок, балким, ага муну жетиштүү көлөмдө көрсөтпөй жаткандырмын, – деп ал корутундулады. – Бирок Жорж күнүмдү түгөтүп, мага көп түйшүк тарттырат”.

Жорж оройлукка жана кастыкка караганда достук мамиле жана жумшактык менен коштолгон жүрүм-туруму аны айланасындагыларга көбүрөөк жакындатарын көрүп, жүрүм-турумун оңдоосу мүмкүн. Андыктан борбордун кызматкери – чоң апасы, мугалими, Жорждун классташтары, реабилитациялык иш топ менен чогуу жана баланын өзү жигердүү катышуусунда – “начар” жүрүм-турумга салыштырмалуу “жакшы” жүрүм-турум мыктыраак экенин Жоржко көрсөтүү жолун ойлоп тапты.


Үйдөн чоң апасы Жоржко үй тиричилиги боюнча түрдүү тапшырмаларды ойлоп таап жардам бергени үчүн, ага ыраазы экенин дайыма көрсөтүп турду. Ал небересине капталдары ачык, жонго коюп көтөрүлгөн кап жасап берди. Жорж үчүн ага отун чогултуп алып келүү ыңгайлуу эле. Мындан тышкары, чоң апасы начар жүрүм-туруму үчүн Жоржко таптакыр көңүл бурбай коюуну, ал эми тынч отуруп сабактарын аткарганда же жүгөрү тазалаганда, буга чын жүрөктөн кубанганын көрсөтүүнү үйрөндү.

Jorge's grandma speaking to him.


Мектепте мугалими окуучулар менен Жоржду оюндарга кошуунун жолдорун талкуулады. Алар футбол ойногондо, Жоржду дарбазага тургузууну чечишти. Баарын таң калтырган нерсе – Жорж абдан мыкты дарбазачы болуп чыкты. Ал балдактары менен алыскы топко жетип, демейки дарбазачыга салыштырмалуу аны алысыраак чапканга жарактуу болду. Көп өтпөй балдар Жоржду катарына кошулуп ойноого чакыра башташты. Башында Жорж бир нече урушту баштаган. Ошондо балдар аны оюндан тынч чыгып кетүүсүн талап кылышты. Көп өтпөй Жорж, оюндан чыгып калбоо үчүн, балдарды балдагы менен ура салуу адатын таштады.

DVC Ch40 Page 356-3.png


Айылдагы реабилитациялоо борборунда эмгек кылган кызматкер Жоржду өзүнө жардамчы болуп, ден соолук бузулуулары бар жаш балдар үчүн өнүктүрүүчү оюнчуктарды чогуу жасоого чакырды. Кызматкер Жоржко эмне жана аны кантип жасоо керектигин көрсөтүп, ар бир жасаган оюнчугу үчүн аны сөзсүз мактап турду. Көп өтпөй Жорж оюнчуктарды толугу менен өз алдынча жасаганды үйрөндү. Ал өзүнүн эмгеги менен абдан сыймыктанды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар анын оюнчуктары менен ойногонун жана алардан үйрөнгөнүн көргөн Жорж абдан кубанды. Ал чоңойгондо реабилитациялоо борборунда эмгектенүүнү чечти.

DVC Ch40 Page 356-4.png

Жазалоонун ордуна, башкалар менен катнашуудан же сыйлыктан айруу – “таймаут”

Туугандары жана достору бихевиористтик ыкманын жардамы менен Жоржко жардам бергени тууралуу окуяда баары оңой болгондой жана жөнөкөйдөй сезилет. Бирок турмушта мындай сейрек учурайт. Кээде “начар” жүрүм-турум ушунча начар болгондуктан ага көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес болот.

Негизи, балага анын “начар” жүрүм-турумун кызыксыз жана “пайдасыз” кылуу үчүн, ага көңүл бурбай коюудан артык нерсе жок. Ошону менен бирге, баланы “жакшы” жүрүм-турумга сөзсүз кызыктырып туруу керек. Башкача айтканда, эгер баланын жүрүм-туруму бузулса, ага ырахат берген нерселеринин баарынан аны айрылтуу керек (ал демейдегидей эле мындан ырахат ала бербөөсү зарыл).

Мисалы, Рауль тамагын чачып баштаганда, апасы аны адегенде урушуп, анан кайра эле ага кашыктап тамак берип баланы соороткондун (бала мындан ырахат гана алат) ордуна, тамагы салынган табагын кошо алып, баласы зеригип баштоосу үчүн, 3 же 4 мүнөткө тышка чыгып кетсе туура болмок.

Баладан тамагын алып салуу жазалоодой сезилиши мүмкүн. Бирок баланы ал үчүн жагымсыз жагдайга эмес, кызыксыз жагдайга кептелтүүгө аракеттенүүдөн артык нерсе жок. Кээде баланы көнгөн жагдайынан кыска убакытка алып салуу аркылуу аны зериктирүүгө болот. Бул ыкма “таймаут” деп аталат.

DVC Ch40 Page 357-1.png

Мисал: чоң апасы Жоржко карата бихевиористтик ыкманы колдоно баштаганда, небереси жооп иретинде чоң апасын ачуулантууга аракет кылды: катуу кыйкырып, жөжөлөрдү балдактары менен чапты. Бирок бул жолу чоң апасы Жоржду демейдегидей урушкан жок, жөн гана “эгер тынчыбасаң, бөлмөнүн бурчуна “таймаутка” сени жөнөтүүгө аргасыз болом” деп эскертти. Андан кийин, бала ээнбаштануусун улантканда, чоң апасы аны бурчка тургузуп, тынчыган убактысынан баштап 5 мүнөт бою ошол жерде турууга аргасыз экенин түшүндүрдү. Чоң апасы коңгуроолуу саатты 5 мүнөткө койду. Башында Жорж бурчта турган жеринен кыйкырып жатты. Бирок анда чоң апасы сааттын коңгуроосун дагы 5 мүнөткө узартып коюп жатты. Ошол эле учурда ал небересине эч көңүл бурбай, үй иштери менен алек болуусун улантты.

Ушинтип, бурчта турууга “тойгондон” кийин Жорж мындай зеригүүдөн бошонуунун жалгыз жолу – ээнбаштануусун токтотуу экенин түшүндү. Ал зейрек бала эле: муну тез түшүндү. (Анчалык зейрек эмес балдар үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат.)

“Таймаут” ыкмасын жазалоо катары эмес, балага жүрүм-турумун жактырбоону көрсөтүү каражаты катары колдонуу зарыл. Бирок бул ыкма колдонулганда, бала тарбиялоочунун эркинен тышкары мажбурланууга дуушар болот. Андыктан мындай аракет жазалоону элестетет. Бул ыкманы башка, мажбурлоосу азыраак ыкмалар жардам бербегенде гана колдонууга аракет кылыңыз. 5 мүнөттүк (мындан узак эмес; абдан жаш балдарга мындан да кыска) “таймауттан” баштагандан артык нерсе жок. Эгер 5 мүнөттөн кийин баланын жүрүм-туруму оңолбосо, дагы 5 мүнөт кошууга аргасыз экениңизди балага түшүндүрүңүз. «Таймауттун» мөөнөтү эч бир жагдайда, атүгүл бала тынчыбаса деле, жарым сааттан ашпашы керек.

ЭСКЕРТҮҮ! 5 жашка чейинки же акыл-эси өрчүүсү артта калганы даана байкалган бала үчүн “таймауттун” узактыгы 15 мүнөттөн ашпашы керек. Ошол эле учурда, баланын оңолууга даярдыгына баа берүү максатында анын ахывалын улам текшерип туруу зарыл.



This page was updated:30 Дек 2025