Hesperian Health Guides
БАЛАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАНА АГА ЖАҢЫ ЫК-ЖӨНДӨМДӨРДҮ ҮЙРӨТҮҮДӨ БИХЕВИОРИСТТИК ЫКМАНЫ КОЛДОНУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 40-БӨЛҮМ: Кантип баланын жүрүм-турумун оңдоп, үйрөнүүсүн жакшыртса болот > БАЛАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАНА АГА ЖАҢЫ ЫК-ЖӨНДӨМДӨРДҮ ҮЙРӨТҮҮДӨ БИХЕВИОРИСТТИК ЫКМАНЫ КОЛДОНУУ
Ушуга чейин, негизинен, биз “начар” жүрүм-турумду оңдоо тууралуу сөз кылдык. Бирок бихевиористтик ыкманы, балдар андан ары өрчүүсү үчүн, негизги ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө аларга жардам берүүдө да пайдаланса болот. Көп учурда бул ыкма акыл-эси өрчүүсүндө да, физикалык өрчүүсүндө да артта калган балдар менен иштөөдө пайдалуу.
Баланын өнүгүүсү маселелерине арналган 34-бөлүмдө бихевиористтик ыкманын негизги принциптери келтирилген: 1) талаптарды так коюу; 2) өздөштүргөн ык-жөндөмдөрү үчүн ырааттуулукту сактоо жолун карманып, сыйлык берип туруу; жана 3) жаңы ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө бара-бара өтүү. Бихевиористтик ыкманы колдонуунун мисалдарын тамактанууга, кийинүүгө жана даараткананы пайдаланганды үйрөтүүгө арналган бөлүмдөрдөн да тапса болот. Төмөндө биз балада негизги ык-жөндөмдөрдү өнүктүрүүдө жана ага жаңы нерселерди үйрөтүүдө бихевиористтик ыкманы колдонуу жолдору тууралуу кыскача маалымат келтирдик.
Кийинки кадамдарды аныктоо үчүн, баланын өнүгүү баскычына баа берүү
Баланын өнүгүүсүнө кантип жардам берүү керектигин аныктоо үчүн, адегенде ал эмне кыла аларын жана эмне кыла албарын тактаңыз. Жүрүм-турумга көз караш боюнча, байкоолорубуздун жыйынтыктарын 4 топко бөлсө болот:
|
|
| |
| |
|
Баланын түрдүү жүрүм-турумун тизмек түрүндө сүрөттөө жардам берет. Төмөндө ошондой тизмек келтирилген. Аны бир кичинекей кыздын апасы жана ушул китеп менен тааныш, коомчодогу медициналык-санитардык кызматчы чогуу түзүшкөн.
| Кыздын аты: Селия Курагы: 4 жаш |
ОҢ ЖҮРҮМ-ТУРУМ (кыздын мындан аркы өнүгүүсү буга негизделет) | ОРТОҢКУ ЖҮРҮМ-ТУРУМ (оң да, терс да жактары бар) | ТЕРС ЖҮРҮМ-ТУРУМ (өнүгүүсүн токтотуучу же үй-бүлөсүнүн тынчын алуучу) | |
|
|
| ||
|
|
| ||
| ||||
|
|
|||
|
БАШКЫ МУКТАЖДЫКТАРЫ (жаңы ык-жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана оң жүрүм-турум калыптандыруу үчүн)
| ||||
Эмнеден баштоо керек?
Мындай тизмек түзүлүп, Селиянын башкы муктаждыктары аныкталгандан кийин, коомчодогу медициналык-санитардык кызматчы кыздын апасына эмнеден баштоо керектигин аныктоосуна жардам берди. Ал кыздын апасына бардыгын дароо өзгөртүү мүмкүн эмес болгондуктан биринчи кезектеги кадамдарды (приоритеттерди) аныктоо зарыл экенин түшүндүрдү. Ошентип, биз балада кандай жүрүм-турумду иштеп чыгууну же өзгөртүүнү калгандарынан көбүрөөк кааласак, ошону тандайбыз.
- Жаңы жүрүм-турум же ык-жөндөм иштеп чыгууга аракет кылганда, максаттагы жүрүм-турумдун курамдык бөлүктөрүн аныкташыбыз керек. Андан кийин кичирээк өзүнчө кадамдардан турган иш аракет планын түзөбүз. Аткарыла турган кадамдардын ар биринен эмнени күтүп жатканыбызды балага так түшүндүрүү жана ийгиликтери үчүн аны дайыма мактап жана сыйлап туруу аркылуу анын бара-бара алдыга жылуусуна жардам беребиз.
- Балага “ортоңку жүрүм-турумун” оңоосуна жардам берүү үчүн, биз балада бар, баштапкы баскычындагы ык-жөндөмүнө таянсак болот. Адегенде бизди тынчсыздандырган анын жүрүм-турумунун түрдүү курамдык бөлүктөрүн кылдат талдоого алуу керек. Андан кийин алардын кайсылары пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин түшүнүү зарыл. Андан соң баланы жакшы жүрүм-туруму үчүн сыйлап, начар жүрүм-туруму үчүн ага көңүл бурбай коёбуз. Баланын жүрүм-туруму барабара оңолгон сайын, аны сыйлоодон мурун ага коюлган талаптарды бир аздан, жүрүм-туруму толугу менен оңолгуча жогорулатып турабыз.
- Терс жүрүм-турумун басаңдатуу же токтотуу үчүн, 2 нерсени кылуу зарыл. Биринчиден, мындай жүрүм-туруму качан жана кайда орун аларын, ага чейин, ал учурунда жана андан кийин эмне болорун айгинелөө керек. Баланын аракеттерине да, сиздин буга жообуңузга да дыкат көңүл буруңуз. Экинчиден, бала “начар” жүрүм-турумунан кандай “пайда” алып жатканын түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Андан кийин бала үчүн “начар” жүрүм-турумуна салыштырмалуу “жакшы” жүрүмтурумун “пайдалуураак” кылгандай кылып бардыгын өзгөртүүгө аракет кылуу керек. Ал үчүн биз баланы “жакшы” жүрүм-туруму үчүн сыйлап, ал эми “начар” жүрүм-туруму үчүн ага көңүл бурбай коюп турабыз.
Селиянын жүрүм-туруму жөнүндө ойлонуп жатып, апасы кызында пайдалуу ык-жөндөмдөрдүн көбүнүн башталыштары бар экенин түшүндү. Кызы колдорун жакшы башкара алат жана кичинеден өз алдынча тамактанып жана кийинип баштады. Мындан тышкары, ал бир нече сөз сүйлөгөндү билет. Бирок Селия “жок” деген сөздөн тышкары “ооба” деген сөздү да айтып турса, жакшыраак болмок.
Аны жакындары мактаганда, кучактаганда, киринткенде жана аны менен активдүү оюндарды ойногондо, Селия муну жактырат. Бул “тапшырманы аткаргандыгы үчүн сыйлык берүү” ыкмасын колдонуу жолу менен кызга жаңы нерселерди ийгиликтүү үйрөтүү мүмкүн экенин билдирет.
Бирок кээ бир нерселер Селиянын андан ары өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткандай сезилет. Бир жерде тынч отуруп, бүт көңүлүн бир нерсеге байлай албагандыктан, ал башкалардан жаңы нерселерди кыйынчылыктар менен өздөштүрөт жана атүгүл өзүнүн оюнчуктарынан ырахат алганды үйрөнө албайт (улам аларды ары-бери ыргытып салат). Мындан тышкары, упчусу бар бөтөлкөсүн колунан түшүрбөөсү чоң көйгөйдү түзөт. Бөтөлкөдөн тамактануу курагынан эбак эле чыккан, бирок апасы бөтөлкөсүн алып коюудан чочулайт, анткени Селия дароо чаңыра баштайт. Апасы бөтөлкөсүнө таттуу суусундуктарды куюп берип турат (булардан Селиянын тиштери бузула баштады). Бирок бөтөлкөнү колунан түшүрбөөнүн эң чоң зыяны – Селия колдору менен башка нерселерди кыла албайт, мисалы, оюнчуктары менен ойной албайт же заара кылуу карапасына отуруу үчүн шымын шыпыра албайт.
Андыктан, Селиянын апасы кызы башка багыттарда өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте канааттандырууну талап кылган “башка муктаждыктарын” аныктады:
- Селияда бир жерде тынч отуруп, бүт көңүлүн бир нерсеге байлоо ык-жөндөмүн иштеп чыгуу;
- бөтөлкөсүн колунан түшүрбөө адатын таштатуу
Коомчодогу медициналык-санитардык кызматчы Селиянын апасы менен анын кийинки иш аракеттерин талкуулады. Балада бир жерде тынч отуруп, бүт көңүлүн бир нерсеге байлоо ык-жөндөмүн иштеп чыгуу үчүн, Селия жетишерлик тынч отурган жагдайларды (тамактануу жана киринүү) пайдаланууну апасы туура көрдү. Мисалы:
| Селия тамагын ичип бүткөндөн кийин, ага таттуу бир нерсе берүүдөн мурун апасы же Оскар (кыздын агасы) 5 мүнөттөй аны менен тынч оюн ойной башташты. Селия бүт көңүлүн бир нерсеге байлоого жетишкенде, алар кызды мактап турушту. |
|
|
| Мындан тышкары, апасы кызын киринтип жатканда, аны бүт көңүлүн оюнчуктарга байлоону жана сөздөр менен добуштарды тыңшоону үйрөтүп баштады.
. |
Апасы Селиянын бөтөлкөсүн көтөрүп жүрө берүү адатын бара-бара таштатууну чечти. Адегенде апасы бөтөлкөсүнө суу гана куюп берип турду, ал эми бир нече күндөн кийин ага эч нерсе куйбай калды.
Башында Селия чаңырып, апасын тепкиледи. Бирок апасы кызына алынын болушунча көңүл бурбоого аракет кылды. Селия тынчыганда, апасы ага чыныга (бөтөлкөсүнө эмес) даамдуу бир нерсе куюп же башка “сыйлык” берип турду.
Кээде Селия ачуусу келгенинен бөтөлкөсүн ыргытып жиберип жатты. Бирок бир канча убакыттан кийин, оюнчуктарды же башка буюмдарды колуна алуу үчүн, ал бөтөлкөсүн колунан улам көбүрөөк таштай баштады. Акырында, апасы ташталган бөтөлкөсүн акырын көрүнбөгөн жерге алып койду.
Бөтөлкөсүнөн бошонгондон кийин, Селия колдору менен айланасындагы буюмдарды улам көбүрөөк изилдей баштады. Эми, заара кылгысы келгенде, ал өзү шымын шыпыра баштады, ал эми бир нече жумадан кийин кыз өз алдынча даараткананы пайдаланганды үйрөндү. Мындан тышкары, эми Селия оюнчуктарын ыргытпай, алар менен узагыраак убакыт ойной баштады. Түрдүү буюмдарга көңүлүн байлоону үйрөнгөндөн кийин, алардын далай кызыктуу жактары бар экенине кыздын көзү ачылды. Жүрүм-турумунун терс жактары азайды: ал чаңырып жана бирөөнү тээп жибермейин токтотту, тамагын түкүрбөй калды. Апасы, атасы жана агасы аны менен узагыраак убакыт ойноп жана көбүрөөк сүйлөшүп башташты. Алар Селияны жакшы жүрүм-туруму үчүн мактап жатышты, ал эми жаман жүрүм-туруму үчүн кызына алынын болушунча көңүл бурбай коюуга аракет кылышты.
Апасы бихевиористтик ыкманы Селияда башка ык-жөндөмдөрдү да (кийинүү, тамактануу жана сүйлөө) иштеп чыгуу үчүн колдонду. Кыздын тилин чыгаруу үчүн, алар китептердеги сүрөттөрдү чогуу көрүп, ырларды чогуу угуп башташты.
Бүтүндөй үй-бүлөсү жумшаган аракеттердин натыйжасында, Селиянын өнүгүүсүнүн деңгээли кыйла жогорулап, ал эми кыз өзү көбүрөөк жадырап-жайнап, өз алдынчараак болуп калды. Өзгөрүүлөр жөнүндө ойлонуп жатып, апасы бир байкоосу менен бөлүштү: “Менимче, меним жүрүм-турумумдун өзгөрүшү кызымдын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнөн артта калган жок. Мурда мен кызыма ал ымыркай болгондой мамиле кылчумун – мисалы, анын бөтөлкөсү жана бул сыяктуу нерселер! Эми, Селиядан мен көбүрөөктү талап кылып жана аракеттерин жогору бааларымды ага көрсөтүп баштаганда, кызым мурдагыдан кыйла тезирээк өрчүп жатат жана азыр аны менен бир сөзгө келүү оңоюраак болуп калды. Экөөбүз тең чоң жолду басып өттүк!”
Бихевиористтик ыкманы балдарга негизги ык-жөндөмдөрү үйрөтүү үчүн колдонуунун мисалдары жана түрдүү жолдору башка бөлүмдөрдө (тамактануу тууралуу 36-бөлүм; кийинүү жөнүндө 37-бөлүм; даараткананы пайдалануу тууралуу 38-бөлүм) да келтирилген. Дагы бир ирет 34-бөлүмгө (баланы өнүктүрүү) кайрылып, бихевиористтик ыкманын жардамы менен, өнүгүүсүндө алдында турган көптөгөн кыйынчылыктардан сактануусуна балага жардам берүү жөнүндө ойлонууну сунуш кылабыз.