Hesperian Health Guides

ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ БАЛДАР НАЧАР ТАМАКТАНУУ

Бул бөлүмдө:

Начар тамактануу демейде денени алсыратып, көп учурларда ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн пайда болушуна алып келет. Дененин алсырашына, арыкташына, өсүп чоңоюусунун дээрлик токтошуна жана ооруларга каршы туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына алып келгендиктен, начар тамактануунун өзүн адамдын “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдет” деп саноого болот. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ар алты баланын ичинен бирөө, негизинен жакыр өлкөлөрдө жашагандар, андан жапа чегет.

Бул китепте начар тамактануу көйгөйлөрүн майда-чүйдөсүнө чейин талкуулабайбыз. Мунун себеби, алар Where There Is No Doctor “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган, биринчи жардам көрсөтүүгө арналган китепте жакшы каралган. Ошентсе да, бул жерде атайылап эскерте кетели:

illustration of the vicious cycle of malnutrition in disabled children.


ЭСКЕРТҮҮ! Башка балдарга салыштырмалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарда жетишсиз же туура эмес тамактануудан улам алсыроо ыктымалдыгы көбүрөөк.

a boy with a baby bottle in his mouth.
Жүлүн чуркусу бар бул 4 жашар бала тамактардын бардык эле түрлөрүн жакшы жей алат. Бирок анын үй-бүлөсү ага наристедей мамиле кылуусун азыркыга чейин улантып келет: дагы деле таттуу суусундуктарды бөтөлкө менен берет, анткени “анын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү эмеспи”.

Кээде мындай жагдай баланын эмчек жакшы соро албай, тамакты жакшы жута албай же тамакты жакшы кармай албай кыйналуусуна байланыштуу болот. Кээде бул үй-бүлөсү тамактын кɵбүрɵɵк бɵлүгүн күндөлүк жумуштарда жардам берүүгө жарактуураак, күчтүүрөөк балдарына бергенге байланыштуу. Бирок бул кээде ата-энеси ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласына кошумча мээрими жана камкордугу менен мамиле кылганы менен, ал 3 же 4 жашка чыккыча ага бөтөлкө менен тамак (сүт, күрүч сорпо же шекер кошулган суусундуктар) берүүнү улантуусунан улам болот. Баласынын чоңойгонуна жана, башка балдар кандай тамак жесе, ошондой эле тамактын түрлөрүнө жана көлөмүнө муктаж болгонуна карабастан, ата-энеси ага наристедей мамиле кылуусун – тамак берүүсүн – уланта берет.

Эгер 6 айга толгондон кийин балага сүт менен таттуу суусундуктарды гана (же көбүнчө) берсе, ал толуп кетиши мүмкүн. Бирок мындай тамактануудан денесинин жакшы өрчүп жетилүүсүнө маанилүү заттар жетишпей жатканы бара-бара көрүнө баштайт. Сүттө жана таттуу суусундуктарда темир жетишсиз. Мунун кесепетинен баланын териси кубарып, анда каназдык (анемия) өрчүйт.

DVC Ch36 Page 320-3.jpg DVC Ch36 Page 320-4.jpg
Норма: Эриндеринин, тилинин жана тырмактарынын өңү-түсү нормалдуу – кызгылт. Анемия: Эриндери, тили жана тырмактары кубарыңкы. Баланын шайы жок, ал тез чарчай берет.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балага анын курагындагы башка балдар ичип жүргөн эле тамактар талап кылынат.




This page was updated:30 Дек 2025