Hesperian Health Guides
36-БӨЛҮМ: Тамактануу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 36-БӨЛҮМ: Тамактануу
| жаагына тийгенде, эмчек издеп, башын буруу; | соруу жана жутуу; | ачка болгондо, ыйлоо. | Бир нече айдан кийин бала катуураак тамакты оозуна салып, аны чайнап жегенди үйрөнөт. |
Демейде тамактануу ык-жөндөмү эч атайын үйрөтүүсүз эле бара-бара өзү жетилет. Суюктуктарды соруп жутуу үчүн, бала адегенде эриндерин жана тилин колдонгонду үйрөнөт. Андан кийин ал катуу тамакты тиштеп чайнаганды жана колдору менен оозуна салганды үйрөнөт. Кыймылдарын башкарганды улам жакшыраак үйрөнгөн сайын баштапкы башты буруу жана соруу рефлекстери бара-бара өчүп жоголот.
Бирок айрым балдарда тамактануу ык-жөндөмүнүн кадимкидей калыптануусу кыйынчылыктар менен өтөт. Бул анын жалпы өнүгүүсү артта калуусуна же белгилүү бир физикалык дефектине (мисалы, жырык таңдай) байланыштуу болушу мүмкүн. Церебралдык шалдыгы бар балдарды тамактандыруу далай учурларда оор – кээде абдан оор – болот.
Эгер бала үчүн эмчек эмүү оор болсо (же ал такыр эме албаса), бул церебралдык шалдыктын биринчи белгиси болушу мүмкүн. Кээде бала тамагын жута албай, тез эле какап калышы мүмкүн. Башкарууга мүмкүн болбогон дене кыймылдары, тил уркуюп чыгып калуу, эриндер начар кыймылдоо – булар да кыйынчылыктарды жаратат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар өз алдынча тамактанганды жай өздөштүргөндүгүнүн бир себеби – алардын үй-бүлөлөрү бардыгын балдарынын ордуна кыла берүүсүндө. Мындай балага ымыркайга кылгандай мамиле кылышат: суюк гана тамак беришет, өз алдынча тамактануусуна көндүргөндүн ордуна аын кашык менен тамактандырышат.