Hesperian Health Guides

ЖАШ БАЛА ҮЧҮН ЭҢ МЫКТЫ ТАМАК

Бул бөлүмдө:

DVC Ch36 Page 321-1.png

Биринчи 6 ай ичинде

Эмчек сүтүнөн башка эч нерсе бербеңиз

ЭМЧЕК СҮТҮНӨН АРТЫК ЭЧ НЕРСЕ ЖОК, анткени эмчек сүтүндө балага зарыл заттардын идеалдуу айкалышы камтылган. Ал таза жана дайыма туура температурада. Мындан тышкары, эмчек сүтүндө ымыркайды инфекциялардан коргоочу эненин “антителолору” бар.

Ушул себептен, эмчек сүтү Даун синдрому бар бала же жеген тамагынан улам какай берип, пневмония оорусуна чалдыгуусу мүмкүн болгон бала сыяктуу, инфекция жугузуп алуу ыктымалдыгы көбүрөөк балдар үчүн айрыкча маанилүү.

Эмчек сүтү башка сүттөргө же “формулаларга” салыштырмалуу ымыркай балдардын ден соолугу үчүн пайдалуураак.

Эгер бала эмчек эме албаса, анда апасы эмчегинен сүтүн идишке сарыктырып:

DVC Ch36 Page 321-2.png
DVC Ch36 Page 321-6.png

анан аны кашык менен баласына берсе болот. Where Women Have No Doctor (Аялдын ден соолугу үчүн)] деген китептин 112-бетин караңыз.



ЭСКЕРТҮҮ! Ымыркайлардын атайын бөтөлкөлөрүн мүмкүн болушунча колдонбоңуз. Алардан инфекция көп жугат.Чыны менен кашык аркылуу берген коопсузураак.


6 айдан кийин

DVC Ch36 Page 321-3.png

Эмчек эмизүүнү улантыңыз жана, андан тышкары, балага башка тамактарды да – витаминдерге бай ширелерди жана мөмөлөрдү; жашыл жалбырактуу жашылчалардан пюре жасап; буурчактын түрлөрүн сууга бышырып, кабыктарынан ажыратып, майдалап, пюре түрүндө; жер жаңгагын кабыгынан ажыратып, майдалап, пюре түрүндө; жумуртканын сарысын; банан жана күрүч, жүгөрү сыяктуу негизги азыктардын түрлөрүн – бере баштаңыз.

Кичинекей ашказанга улам-улам тамак берип туруу керек. Бир жашка чыга элек балдарды күнүнө жок жегенде 5 маал тамактандырыңыз, мындан тышкары, тамактандыруулардын ортолорунда да шам-шум эттирип туруңуз.

DVC Ch36 Page 321-4.png

Бала катуу тамакты жей албаса да, ага сүт, ымыркайлардын “формула” сүтүн же “күрүч сорпосун” гана берген жетишсиз. Бала 6 айга толгондон кийин ага атүгүл эненин сүтү да аздык кылат. Башка тамактарды майдалап, пюре же суюк түрдө бериңиз.

DVC Ch36 Page 321-5.png

8 айдан 1 жашка чейин, үйдөгүлөрү кандай тамак менен тамактанса, бала да так ошол эле тамактар менен тамактанууга тийиш, атүгүл ага ошол тамагын майдалап, пюре же суюк түрдө берүүгө туура келсе да.

DVC Ch36 Page 321-7.png



This page was updated:30 Дек 2025