Hesperian Health Guides

Тамактандыруу процесси жана баланын жалпы физикалык абалы

Бул бөлүмдө:

Бала үчүн денесинин кыймылдарын башкаруу канчалык оор болсо, өз алдынча тамактануусу да ошончолук кыйын болот. Даун синдрому бар бала оозу менен эриндеринин алсыздыгынан жана башын жакшы башкара албаганынан улам тамактануусунда кыйналышы мүмкүн. Бирок церебралдык шалдыгы бар баланын тамактануусундагы кыйынчылыктары андан да олуттуу. Мындай кыйынчылыктарга оозду, башты жана бүтүндөй денени башкара албоо; отурганда тең салмактыкты жакшы сактай албоо; алдыга чоюлуу үчүн жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын жетишерлик бүгө албоо; көз менен колдун биргелешип иштөө функциясынын бузуктугу; жана буюмду кармап, аны оозго алып келе албоо кирет. Баланын тамактануусун жакшыртууга жардам берүү үчүн, биз аталган кыйынчылыктардын бардыгын эске алууга тийишпиз.

Эмчек эмүүсү, тамак жеши же суюктук ичүүсү кыйынчылыктар менен жүргөн баланын оозуна тамак салып же суюктук куюп коюу жетишсиз. Адегенде балага түрдүү азыктарды кадимкидей соргонду, жутканды, жегенди жана ичкенди үйрөтүү жолдорун издешибиз керек. Айрым сунуштарды келтирдик.

ТАМАКТАНДЫРУУ АБАЛДАРЫ

Positions for breastfeeding

Балага тамак бере баштоодон мурун, денесин ыңгайлуу абалына келтирип алыңыз. Абалына жараша баланы тамактандыруу процесси жеңилдеши жана коопсуз болушу, же тескерисинче аны оорлотушу жана какап калуу коркунучун көбөйтүшү мүмкүн.

Баланы аркасына жаткан абалында тамактандырбаңыз, анткени какап калышы мүмкүн

Церебралдык шалдыгы бар баланы чалкасынан жаткан абалында тамактандырса, денеси чыңалып, артын көздөй ийилип, эмчек эмүүсү жана сүт жутуусу ого бетер кыйындайт.
Ымыркайды жартылай отурган, жартылай жаткан, башы бир аз алдыга эңкейген абалында тамактандырыңыз.

Церебралдык шалдыгы бар баланын башы артка чалкалай бербеши үчүн, ийиндерин алдыга келтирип, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүлгөн абалында жана көкүрөгүн басып кармаңыз.
Башы артын көздөй чалкалап калуусусуна жол бербеңиз. Мындан баланын сүттү жутуусу оорлоп, бала какап калышы мүмкүн.

Церебралдык шалдыгы бар баланын башын, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, алдыга түртпөңүз. Андан башы артын көздөй чалкалап калуусу ого бетер күчөйт.
DVC Ch36 Page 322-1.png
DVC Ch36 Page 322-2.png
DVC Ch36 Page 322-3.png
ТУУРА ЭМЕС ТУУРА ТУУРА ЭМЕС


Бөтөлкөдөн, кашыктан же манжаңыздын жардамы менен тамактандыруудагы денесинин абалы эмчек эмизүүдөгүдөй эле.

Ымыркай бөтөлкөдөгү сүттү жакшы соруп иче албаганда, эне бөтөлкөнүн упчусун чоңураак тешип, баласынын башын артка чалкалатып, сүттү оозуна куюу керек деп ойлошу.
ТУУРА ЭМЕС
DVC Ch36 Page 322-4.png
Бала мындай ыкмадан какап калышы мүмкүн. Мындай ыкма сүттү туура соруусуна балага жардам бербейт.
Башы бир аз алдыга эңкейгидей кылып, баланы жайгаштырыңыз. Бөтөлкөнү үстүнөн эмес, алдынан кармап, тамагын бериңиз. Баланын көкүрөгүн бир аз басуу жолу денеси чыңалып, артын көздөй ийилип калуусуна жол бербөөгө жардам берет.

Ушул абалында ымыркай сүттү жакшы жута алат
Денеси чыңалып, артын көздөй ийилип калуусуна жол бербөө үчүн, баланын жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын жана тизелерин бүгүлгөн абалында кармап, ийиндери менен аркасын алдыга ийиңиз.
ТУУРА ТУУРА
DVC Ch36 Page 322-5.png
DVC Ch36 Page 322-6.png
Ымыркайдын тизелерин жамбаш сөөгүнөн өйдөрөөк кармоо үчүн, таманыңыздын астына такта коюп алыңыз.
Эгер мүмкүн болсо, ымыркай бөтөлкөнү өзү кармасын. Тамагын артына коюп, үстүнөн бербей, астына коюп, алдынан бериңиз.



Тамактандыруу учурунда баланы жакшы жайгаштыруу үчүн, жөнөкөй “балдар отургучу” жардам берет. Мында пластик чакадан жасалган түрү көрсөтүлгөн.
DVC Ch36 Page 323-1.png
DVC Ch36 Page 323-2.png
DVC Ch36 Page 323-3.png
Бул кырларын бир аз сыртты көздөй ийип коюңуз (зарыл болсо, ысытып ийиңиз).

Отургузуп жайгаштыруу үчүн дагы башка сунуштар берилген.

ООЗУНУН БУЛЧУҢДАРЫН БАШКАРУУНУ ҮЙРӨНҮҮСҮНӨ ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Соруу-жутуу рефлексин, колдон же кашыктан тамактануу жана чыныдан ичүү ык-жөндөмдөрүн жакшыртуу үчүн, бала жардамга муктаж болушу мүмкүн. Кээде бул ык-жөндөмдөрдү “астынкы жаакты башкаруу” деп аталган ыкманы колдонуу жолу аркылуу жакшыртса болот.

“Астынкы жаакты башкаруу (кармоо)” ыкмасы. Балага эмчек эмизүүнүн, же болбосо, бөтөлкө, кашык же чыны менен тамак берүүнүн алдында, колуңузду баланын жаагына сүрөттөгүдөй жайгаштырыңыз:

using jaw control while sitting beside a child.
ЭСКЕРТҮҮ! “Жаак башкаруу” ыкмасы өнүгүүсүндө артта калган жана церебралдык шалдыгы бар балдардын көбүнө жардам берет, бирок бардыгына эмес. Бул ыкманы колдонууга 2 же 3 жума аракет кылгандан кийин да бала ага каршылыгын көрсөтсө же баланын көйгөйлөрү ого бетер күчөсө, “жаак башкаруу” ыкмасын колдонууну токтотуңуз.


Башында, бала буга көнбөгөнүнөн колуңузду өзүнөн ары түртүшү мүмкүн, бирок көнгөндөн кийин бул ыкма балага оозу менен тилинин кыймылдоосун башкаруусуна жардам берет. Башын артын көздөй түртпөй, андан көрө бир аз алды жагына эңкейтип кармаңыз.

Баланы тамактандырууда жаагын бирде кармап, бирде коё берип жибербей, жумшак, бирок туруктуу басым менен кармаңыз.

Тилди түртүп ооздон чыгаруу, дем алуу жолдоруна тамак кирип кетүү жана шилекей чубулжутуу сыяктуу, церебралдык шалдыкка мүнөздүү көйгөйлөрдү чечүүгө денени туура абалына келтирүү жана “астынкы жаакты башкаруу” ыкмасын колдонуу жардам берет. Бала ооз булчуңдарын улам жакшыраак башкара баштаган сайын басымды кичинеден азайта бериңиз, жана акыры астынкы жаакты башкаруу ыкмасын колдонуунунк толук токтотуңуз.

Шилекеи агуусун токтотуу жана эрин менен тил булчуңдарын башкаруу ык-жөндөмүн жакшыртуу боюнча кошумча сунуштарды сүйлөө ык-жөндөмүн өрчүтүүгө арналган бөлүктөн караңыз.

Эгер бала эмчек эме (же бөтөлкөдөн соро) албай кыйналса, жаактарынан кармап (“жаак башкаруу” ыкмасы), манжаларыңыз менен беттерин бир аз басып көрүңүз.
Ошол эле убакта, кырк муунуңуз менен баланын көкүрөгүн акырын басыңыз. (Бул ыкма денеси чыңалып артын көздөй ийилип калмайы бар балага жардам берет.)
DVC Ch36 Page 324-1.PNG
Эгер ымыркайды бөтөлкө менен тамактандырсаңыз, анда эски түзүлүштөгү, тоголок упсуну колдонуу баарынан жакшыраак.

Эгер бала дагы деле тамагын жакшы соро албаса, анда упчусунун тешигин чоңойтуп, сүткө жүгөрүнүн унун же пюре түрүндөгү башка тамакты кошуп, коюлантып берип көрүңүз
DVC Ch36 Page 324-2.PNG



Кашык менен тамак берүү

Соруу-жутуу рефлекси жок баланы кашык менен тамактандыруу керек.


DVC Ch36 Page 324-3.PNG
Кашыкты дайыма алды жагынан сунуңуз,
DVC Ch36 Page 324-4.PNG
капталынан эмес
DVC Ch36 Page 324-5.PNG
жана үстүнөн эмес
ТУУРА ТУУРА
ЭМЕС
ТУУРА
ЭМЕС


Тилди ооздон чыгаруу

DVC Ch36 Page 324-7.PNG
Тилин тыгыз басуу,
жана жаагын кармоо,
тили сыртка чыгып калуусуна жол бербейт.

Ымыркай тилин алдыга-артка кыймылдатып тамагын сорот. Ушул себептен, бала кашык менен тамак иче баштаганда, тили башында тамактын бир бөлүгүн оозунан сыртка түртө берет. Бала тилин башкача кыймылдатканды – тамакты эки бүйлөсүнүн ортосуна түртүп, аны чайнаганды, анан жутуу үчүн, тилинин артына жылдырууну – үйрөнүүгө тийиш. Өнүгүүсүндө артта калган же церебралдык шалдыгы бар балдар муну жакшы үйрөнө албай кыйналып, бир топ убакытка чейин тили менен тамагын оозунан түртүп сала бериши же тилин сыртка чыгара бериши мүмкүн. “Балага тамак жаккан жок” деп ойлоп жаңылышпаңыз.

“Астынкы жаакты башкаруу” ыкмасы пайдалуу, бирок баланын тили сыртка чыгып калуусун болтурбоо үчүн жетишсиз болушу мүмкүн. Бала тилин алдыга түртпөшү жана тил менен эриндерин туура кыймылдатышы үчүн, тилди кашык менен катуу басып туруу зарыл.

ЭСКЕРТҮҮ! Ичке пластик кашыкты ЭМЕС, бекем (металл) кашыкты колдонгон оң, анткени ичке пластик кашык ме- нен баланын тилин басканда, ал сынып кетиши мүмкүн.
illustration of the below: the wrong way to feed with a spoon.
ТУУРА ЭМЕС

Кашыкты оозунан чыгарып жатканда, ал үстүнкү тиштеринин беттерин жана эринин кытыратпасын; кашыкты тилге басканда, бала кашыктагы тамакты үстүнкү эрини менен шыпырып алуусуна ага мүмкүнчүлүк бериңиз. Кашыктын кырына тамактан адегенде кичинеден алып турсаңыз, бала үчүн жеңилирээк болот. Кашыкты оозунан чыгарып жатып, тили оозундагы тамакты сыртка түртүп, өзү да кошо чыгып калбай, оозунун ичинде калуусун жана бала оозун жабуусун камсыз кылыңыз.

Эгер сизде тамакты манжалар менен жешсе, же кашык менен тамактандыруу өтө оор болсо, манжаларыңызды колдонуңуз.

Сүрөттө эне баласын эки тизесинин ортосуна алып, аны ыңгайлуу кармап отурат. Эненин буттары жана дегеле бүтүндөй денеси баласына сонун жөлөк болуп берди.

Ал бир колу менен баласынын жаагын кармап, экинчи колу менен ага тамак берип жатат. Тилинин каптал бөлүгүнө же ортосуна тамагынан бир аз салыңыз, бирок алдынкы бөлүгүнө эмес.
illustration of the above: a mother using her fingers to feed a child.


Кашык же манжаңыз менен тамак бергенде, суюк тамактардан көрө, буламыктай жумшак тамактардан баштаган эң туура болот. Сүттү (атүгүл эмчек сүтүн деле) же жумуртканын сарысын күрүч пастасы, бышырылган жүгөрү же майдаланып пюреге айландырылган буурчактын түрлөрү менен аралаштырса болот. Мөмөлөрдү кичинекейлеп кесип, жашылчаларды жана жер жемиштерди майдалап, айран же жумшак сыр берсеңиз болот.

Бала үчүн суюк азык менен катуу азыктардын аралашмасын, мисалы, жашылчалуу сорпону ичкен баарынан оор.

ЭСКЕРТҮҮ! Балага тамак берүүдөн мурун, колдоруңузду жакшылап жууганды унутпаңыз.

Чайноо

Чайнаганды үйрөнүүсүнө балага жардам берүү үчүн, катуу тамактын кичине бөлүгүн оозунун каптал жагындагы тиштеринин ортосуна салыңыз. Нандын же тандыр токочтун катуураак келген кырынан кичине кесимдерди берсеңиз болот. Ортоңку манжаңызды көтөрүп (“астынкы жаакты башкаруу” ыкмасы), балага оозун жабуусуна жардам бериңиз.

Бала тамакты өзү тиштеп ажыратып алуусу үчүн, оозуна тамактын узун кесимин салып, аны акырын тартыңыз. Же болбосо, тиштеринин ортосуна салардан мурун, кесимди тиштерине сүрткүлөңүз. DVC Ch36 Page 325-2.PNG
ЭСКЕРТҮҮ! Эгер бала кесимден бөлүгүн тиштеп алса, өзүңүз жаагын кыймылдатпаңыз, оозун ачып-жаппаңыз. Бөлүкүн тиштеп алгандан кийин, оозу (эки жаагы) жабылсын. Ортоңку манжаңыз менен астынкы жаагын басууну токтотпоңуз – ошондо ал тамакты чайнай баштайт. Жаактары мүмкүн болушунча өз алдынча кыймылдоосуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Чайноо кыймылдарын баланын ордуна өзүңүз жасабаңыз, анткени балага туура эмес чайнадаганды үйрөтүп коюшуңуз мүмкүн.


DVC Ch36 Page 325-3.PNG
шнур
Боонун ордуна, бышырылган же кургатылган катуу эттен узун кесимди же тооктун абдан катуу этин колдонсоңуз болот. Бала чайнап, андан бөлүгүн ажыратып ала албашы үчүн, эт жетишерлик катуу болууга тийиш, бирок ошол эле убакта, бала андан ырахат алуусу үчүн, ал жетишерлик ширелүү жана даамдуу болушу керек.

Эгер бала тамакты чайнай албай кыйналса жана тамакка какаса, төмөндөгүнү колдонуп көрүңүз:

Пахтадан жасалган таза жумшак боодон бөлүгүн кесип алыңыз же пахтадан жасалган кездеменин ичке тилкелерин өрүңүз. Боону даамдуу сорпого малыңыз же анда бир аз бышырыңыз. Бала боону бир учунан тиштегилеп жана чайнап, сорпосун соруп алышы үчүн, аны экинчи учунан кармаңыз. Астыңкы жаагын кармап, балага жардам бериңиз.

Бул ыкма толугу менен коопсуз. Сиз боону бир учунан чыгарбай кармап тургандыктан, бала андан бөлүгүн ажыратып, ага какап кала албайт. Бул көнүгүүнү тамактануунун башында, бала али ачка кезинде аткарган оң.

ЭСКЕРТҮҮ! Эгер тамактануу учурунда бала какаса, тулкусун тез жана кескин түрдө алдыга ийе эңкейтиңиз. Дүрбөлөнгө түшпөй, өзүңүздү кармаңыз. Эгер тез чара көрсөңүз, жаман эч нерсе болбойт - тамактын бөлүгү чыгып кетет, ал эми бала чочубайт. Аркасын ЧАПКЫЛАБАҢЫЗ, анткени бала андан дем алып, тамактын бөлүгү аба жүрүү жолдоруна өтүп кетиши мүмкүн.

Эгер тамактын бөлүгү чыкпаса, ал эми бала дем ала албай калса, көкүрөгүнүн астынкы бөлүгүн тез жана катуу кысыңыз. (Where There is No Doctor “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 79-бетин караңыз.)

Суюктук ичүү

Балага суюктук ичкенди жана тамак жегенди үйрөтүү үчүн, бүтүндөй денесин, башын, андан тышкары, жаак, бет булчуңдарын башкаруу талап кылынат. Мисалы, церебралдык шалдыгы бар бала чыныдан же стакандан иче алуусу үчүн, башын артка чалкалатууга туура келет. Бирок мындан денеси артын көздөй кериле ийилип, бала чакап калышы мүмкүн.
DVC Ch36 Page 326-1.PNG
Бирок эгер мурдуна туш келчү бөлүгү жок пластик идишти колдонсо, бала башын артка чалкалатпай эле иче алат.
Кыры минтип чыгып турган идиш колдонулушу керек. DVC Ch36 Page 326-2.PNG Баланын мурду бата тургудай кылып, идиштин бул бөлүгүн кесип салыңыз. DVC Ch36 Page 326-3.PNG
Бала денесин ушундай ыңгайлуу абалга келтирип алып ичсе болот DVC Ch36 Page 326-4.PNG

Идиштин кырын эриндерине келтирүүсүнө жардам берүү үчүн, башында баланын астынкы жаагын башкаруу талап кылынат. Суюктук үстүнкү эринине тийиши үчүн, идишти жантайтыңыз – калганын бала өзү аткарат. Ар бир жутумунан кийин идишти оозунан албаңыз, бала аны эриндери менен кармап турсун. Антпесе, бала идиштин артынан чоюлуп ээрчийт, ошондо оозун жана башынын абалын башкарбай каласыз. Коюу суюктуктарды, мисалы, айран, буламык, суюк пюре ичүү баарына жеңид. Мына ушулардан баштагыла.

Өз алдынча тамактануу ык-жөндөмү

Өз алдынча тамактанышы үчүн, бала оозун, эриндерин жана тилин башкара алуусу жетишсиз. Ал башын көтөрүп отура алышы, буюмдарды көтөрүп, оозуна алып келе алышы керек.

DVC Ch36 Page 326-9.PNG

Өз алдынча тамактануу ык-жөндөмүн тезирээк үйрөнүүсү үчүн, бала колдорун жана оюнчуктарды оозуна салып турсун. Андан тышкары, колдору бош болбогондо, отурган абалында тең салмактыгын сактаганды үйрөнүүсүнө жардам бериңиз.

Денесинин тең салмактыгын жакшы сактай албаган же денеси өзүнөн өзү кыймылдай берген балага башында атайын отургуч керек болушу мүмкүн.


БИЙИК ОТУРГУЧ КАРТОН КУТУДАН ЖАСАЛГАН ОТУРГУЧ
Баланы бир же бир нече кур менен байлап карматып көрүп, кайсынысы бала үчүн ыңгайлуу болорун текшериңиз. DVC Ch36 Page 326-10.PNG
DVC Ch36 Page 326-11.PNG
DVC Ch36 Page 326-12.PNG
Церебралдык шалдыгы бар балдардын кээ бирлерине буттары үчүн гана кур талап кылынат (денеси чыңалып керилип кетпеши үчүн).


ЭСКЕРТҮҮ! Кыймылдоосун чектеген отургучтар менен курларды бала денесинин абалын буларсыз же бирөөнүн жардамысыз башкарганды үйрөнгүчө гана пайдалануу зарыл. Атайын отургуч балага активдүүрөөк болуп, эркин кыймылдоосуна жардам бериши керек. Ал балага түрмөдөй болбоосу кажет. Ыңгайлуу отургучтар боюнча кошумча маалыматтар 65-бөлүмдө келтирилген.

Эгер бала буюмдарды кармоо же аларды оозуна салуу үчүн колдорун пайдаланганды көпкө дейре баштабай жатса, аны кылганды үйрөнүүсүнө төмөнкүчө жардам берсеңиз болот.

Сөөмөйүн айрыкча жактырган тамагына малыңыз. Сөөмөйүн оозуна жакындатыңыз. Өз алдынча муну кылганды үйрөнмөйүнчө, улам көбүрөөгүн өзү кылып көнүүсүнө жардам бериңиз.
DVC Ch36 Page 327-1.PNG
DVC Ch36 Page 327-2.PNG
DVC Ch36 Page 327-3.PNG


Жардам берүүңүздү улам азайтыңыз. Тамак кармаган колун оозуна жакындатып, эриндерине тийгизиңиз. Колун оозуна салар бекенине байкоо жүргүзүңүз. Бала муну кылгандай кийин, колун оозуна сиз жакындатыңыз. Ал калганын өз алдынча аткарар бекенин караңыз. Андан соң манжасын тамакка малып, аны оозуна өзү жакындатуусуна баланы шыктандырыңыз. Өнүгүүсүндө ар бир баскычка алдыга жылганда, баланы дайыма мактап туруңуз.

Бул ыкма жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөтүүдө жардам берүүчү “бихевиористтик ыкманын” бир бөлүгү болуп эсептелет. Кашыкты колдонуу же чыныдан ичүү сыяктуу, тамактанууга байланыштуу көптөгөн ык-жөндөмдөрдү балага үйрөтүү үчүн, ушул эле ыкманы колдонсо болот. Бул ыкма жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, “Баланын жүрүм-турумун оңдоо жана үйрөнүү жөндөмүн жогорулатуу” деп аталган 40-бөлүмдү караңыз.


Баланы өз алдынча тамактанууга көндүрүүдө аны шаштырбоо маанилүү, бирок тескериси да туура. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баладан көптүү күтүүгө болбойт деп, ата-энелер көпкө дейре күтүп жүрө беришет. Кийинки бетте, балдары жаңы нерселерди үйрөнүүгө жөндөмдүү болорун түшүнүүсүнө атаэнелерге жардам берген, реабилитологдор тарабынан колдонулган бир кичине “амал” келтирилген.

ӨНҮГҮҮСҮНДӨ АРТТА КАЛГАН БАЛДАР ҮЧҮН 6 МҮНӨТТҮК АМАЛ
Кристина Майлс, Пешавар, Пакистан, жана Бирмингем, Улуу Британия

Баласы чынында эмнеге жөндөмдүү экенине, эмнени үйрөнө аларына ата-эненин көзүн кантип ачса болот? Өнүгүүсүндө артта калган, 15–30 айлык балдары бар ата-энелерди ишибизде далай кезиктиребиз. Алар балдары өнүгүүсүндө курагындагы башка балдардан артта калганын түшүнүшөт. Бирок көп учурда алар балдары иш жүзүндө эмне кыла аларын билишпейт жана балдары жаңы ык-жөндөмдөрдү иш жүзүндө аткарып көрүү аркылуу үйрөнө аларын алигиче түшүнбөгөндөй элес калтырышат. Ата-энелер “балам сүйлөбөйт”, “балам муну кыла албайт, тигини кыла албайт” деп, машиненин бир жери бузулуп же кимдир бирөө иштете турган туура баскычты баспай калгансып арыздана беришет.

a woman speaking while standing near a child.


Ошондо мен алардан: “Балаңыз печений жей алабы?” деп сурайм. Алар: “Жок, ал болгону сүт ичет жана буламык жейт. Өз алдынча тамактана албайт” деп жооп кайтарышат. Ошондо мен печений алып чыгып, аны баланын колуна карматам, анан ошол колун оозуна жакындатам. Кээде бала печенийди тиштейт; кээде печенийдин бир бөлүгү сынып, бала аны жей баштоосу үчүн, аны эриндери менен тиштерине акырын чапкылап, суюлантуу зарыл болот. Андан кийин баланын колун оозунан алыстатып, баарын кайра башынан кайталайбыз. Демейде, печенийдин жарымы түгөнүп калганда, бала муну өз алдынча аткарганды үйрөнүп калат. Андан кийин ал печенийдин калган жарымын ырахаттануу менен түгөтөт. Ата-энеси буга таң калгансып, аны мактап кирет.

a woman speaking while a child eats a biscuit.

Ата-эне баласы 6 мүнөттүн ичинде маанилүү ыкжөндөмдү өздөштүрүп алганына күбө болду. Ал үчүн болгону жөнөкөй багыттоо кыймылы жана күчтүү сыйлык (таттуу печений) эле талап кылынды. Бала өнүгүүсүндө артта калуусу убактылуу эле нерсеби же абал дайыма ушундай бойдон калабы – кандай болбосун, ата-эне баласы жаңы нерселерди үйрөнүүгө жөндөмдүү болоруна күбө болот. Менайткан нерселерден бир нерсе алардын эсинде калабы, мен билбейм, бирок бул нерсе аларды жакшылап ойлонуусуна түрткү берет. Мага келерден мурун көп учурда алар бир нече дарыгерден өтүп, бирок алардан майнаптуу кеңеш деле таппаган болот.


Албетте, бул амал дайыма иштейт деп эч ким кепилдик бере албайт, бирок көпчүлүк учурда иштеши бизди бир четинен таң калтырып, бир четинен кубандырбай койбойт. Бул 6 мүнөттүк “печений” ыкмасы ата-энелерди балдарына дыкат байкоо жүргүзүүгө жана жаңы нерселерди үйрөнүүсүнө жардам берүүгө шыктандырат




This page was updated:30 Дек 2025