Hesperian Health Guides
ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН ИЛДЕТТЕРГЕ ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ КИМ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 3-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге жол бербөө > ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН ИЛДЕТТЕРГЕ ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ КИМ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК
Жалпы социалдык чаралар сыяктуу, биз караган алдын алуунун өзгөчө чараларынын көбү адамдардын бул көйгөйлөр менен канчалык жакшы тааныш болуусунан, мындай көйгөйлөрдү чечүүгө бүтүндөй коомчонун катышуусунан жана мындай нерселерге жаңыча көз-караш менен мамиле кылуудан көз каранды болоруна көңүлүңүздү бурабыз. Мындай өзгөрүүлөр өзүнөн өзү болбойт. Буга эң кызыкдар адамдар тарабынан уюштуруу, элдин билим деңгээлин жогорулатуу иштери жана мындай өзгөрүүлөргө багытталган талыкпас күрөш талап кылынат.
Дени соо адамдардын көпчүлүгү ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер тууралуу көп деле ойлонушпайт жана булардын алдын алууга аракет кылышпайт. Мындай түйшүк адамдын башына чынында түшмөйүнчө, ал, көпчүлүк учурда, “мен буга эч качан кабылбайм” деп ойлойт.
Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер тууралуу эң көп кам санагандар – бул, негизинен, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өздөрү. Ушул себептен, так ушул адамдардын өздөрү коомчолорунда мындай көйгөйлөрдү болтурбоо маселелери боюнча билим жайылтуучу лидерлерден боло алышат.
Муну формалдык эмес түрдө, жекеме-жеке жасоого болот. Мисалы,

Же болбосо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана алардын үй-бүлөлөрү окшош түйшүктөрү бар башка үй-бүлөлөр менен уюшуп, мындай көйгөйлөрдү болтурбоо иш-аракеттерин чогуу жүргүзүшсө болот. Бир айылда энелер, эмчек эмизүүнүн жана эмдөөнүн маанилүүлүгүн бүтүндөй коомчосуна жеткирүү үчүн, театрлаштырылган кыска көрсөтүүлөрдү коюшкан. Мексикада ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, PROJIMO долбоорунун реабилитациялоо иштери боюнча кызматкерлери алыскы тоолуу айылдарда жашаган балдарды эмдөө иштерине жардам беришти.
Колуңуздагы китептин 1-БӨЛҮГҮНӨ, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген түрдүү илдеттердин өздөрүнөн тышкары, аларды болтурбоого арналган маалыматтардын негизгилерин да коштук. Китепти ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга пайдалануудан тышкары, мындай көйгөйлөрдү башкаларда болтурбоо үчүн да колдоносуз деп терең ишенебиз.