Hesperian Health Guides

ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН КОШУМЧА БУЗУЛУУЛАРДЫН ПАЙДА БОЛУУСУНА ЖОЛ БЕРБӨӨ

Бул бөлүмдө:

Буга чейин полиомиелит же жүлүн жабыркоо сыяктуу ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген баштапкы же “негизги” илдеттерди болтурбоо иш-чаралары тууралуу сөз кылдык. Бирок ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген “кошумча” бузулуулар дагы абдан олуттуу. Алар реабилитациялоо иштеринин негизги багыттарына кирет.

“Кошумча” деп атаганыбыздын себеби – мындай бузулуулар ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген баштапкы илдеттерден кийин же ошолордон улам калыптанат.

Мисалы, полиомиелиттен жабыркаган же церебралдык шалдыгы бар, баса албаган баланы алып карайлы. Мындай баланын бут муундарынын толук кыймылдоо амплитудасы бара-бара кичирейе баштайт. “Контрактуралар” деп аталган, кыскарып кеткен булчуңдары буттарын түздөөгө жол бербейт. Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген мындай кошумча бузулуу баланын мүмкүн болушунча нормалдуу кыймылдай же баса алуусун баштапкы шалдыгына салыштырмалуу көбүрөөк чектеши мүмкүн:


Полиомиелиттен жабыркагандан кийин, бул баланын денесинин төмөнкү бөлүктөрүндө бара-бара контрактуралар калыптанган. Баштапкы шалдыгы эмес, контрактуралар балага турууга же басууга мүмкүнчүлүк бербеди.
illustration of the below: a girl with contractures
кашка жилигинин жамбаш сөөгү менен ашташында
бут кетменинде жана тизесинде
a girl who cannot walk because of contractures.
Эгер муундардын толук кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого багытталган көнүгүүлөрдү эрте баштап, аларды үзгүлтүксүз аткарып туруу аркылуу контрактураларга жол берилбегенде, бул бала буттарына туруп баса алмак.

Контрактуралардын көпчүлүгүн оңдосо болот, бирок буга көп убакыт жана көп чыгым, атүгүл хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн. Андыктан, КОНТРАКТУРАЛАР КАЛЫПТАНА ЭЛЕКТЕ АЛАРДЫН АЛДЫН АЛГАН кыйла оң.
a girl walking with crutches.


Контрактуралар ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин көбүндө кошумча бузулуу түрүндө калыптангандыктан, биз аларды өзүнчө бөлүмдө карайбыз (8-бөлүм). Контрактураларга жол бербөөгө жана аларды оңдоого багытталган, муундардын толук кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого арналган көнүгүүлөр 42-бөлүмдө каралат. Контрактураларды оңдоодо колдонулган гипстеп таңуу ыкмалары 59-бөлүмдө сүрөттөлүп айтылат.

Тийиштүү алдын алуу чаралары көрүлбөгөндө, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген, көптөгөн кошумча бузулуулар пайда болот. Мисалы, жүлүнү жабыркаган балдарда – эт оюлуу (24-бөлүмдү караңыз), арка булчуңдары алсыз же бир буту кыскараак балдарда – омуртка тутум ийрийүү (20-бөлүмдү караңыз), талмасы капыстан кармаган балдарда – баш жабыркоо. Көптөгөн башка мындай кошумча бузулууларга жол бербөө иш-чаралары тууралуу ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген, конкреттүү илдетке арналган бөлүмдөрдүн өзүндө талкууланат. Негизинен медициналык дарылоодон же ортопедиялык көмөкчү каражаттардын колдонулуусунан улам пайда болгон көйгөйлөр же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулуулар китептин далай жерлеринде талкууланат. Мисалы,

  • “Фенитоин” деп аталган, талмага каршы колдонулуучу дары айрым балдарда бүйлөнүн олуттуу шишүүсүнө алып келет. Буга жол бербөө үчүн, тиштерди күнүгө тиш тазалагыч менен тазалап туруу зарыл.
  • Колтук ойдуңчаларына катуу басым келтирген балдактардан алардагы нервдер жабыркап, алакандар менен манжалардын бара-бара шал болуусуна алып келиши мүмкүн. Кыскараак же чыканакка чейин (жогорудагы сүрөттөгүдөй) балдактар мындай көйгөйдүн пайда болуусуна жол бербейт.
  • Өзүн кармоого же ары-бери кыймылдоого балага жардам берген контрактуралар кээде хирургиялык операциянын жардамы менен жоюлганда, кыйынчылыктар азайгандын ордуна, тескерисинче көбөйүшү мүмкүн. Хирургиялык операцияга баруудан мурун, анын оң жана терс таасирлерин жакшылап таразалап ойлонуштуруу зарыл.
  • Ортопедиялык аппараттардын же көмөкчү каражаттардын кээ бирлери балага башында жардам берип, кийин анын андан ары өнүгүп өрчүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн.

Мындай каталарга жол бербөө үчүн, ар бир баланын муктаждыктарын өзгөчө кылдаттык менен өзүнчө изилдеп кароо жана мындай изилдөөнү белгилүү бир мөөнөт сайын кайталап туруу маанилүү. Дарылоодон улам болуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жаңы илдеттердин пайда болуусуна жол бербөө үчүн, болушунча аракет кылышыбыз керек

Реабилитологдун же ата-эненин башкы жоопкерчилиги – дарыгердикиндей: ЗЫЯН КЕЛТИРБЕ!


Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген кошумча бузулуулардын физикалык түрлөрүнөн тышкары, психологиялык же социалдык (баланын акыл-эсине, жүрүм-турумуна же коомчосундагы ордуна таасир тийгизген) түрлөрү да болушу мүмкүн.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын айрымдарынын жүрүм-турумдарында олуттуу көйгөйлөр пайда болот. Көп учурда балдар жакшы жүрүм-турумга салыштырмалуу начар жүрүм-турумдан башкалар аларга көбүрөөк көңүл бурарын жана мындай жүрүм-турум көбүрөөк “сыйланарын” байкашат. 40- бөлүмдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар ачууга алдыруусуна жана өзүн начар алып жүрүүсүнө жол бербөөгө жардам берүүчү ыкмалар талкууланат.

Балдардын көбүндө (жана чоң кишилерде) ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген мындай кошумча бузулуулардын адегенде пайда болуп, андан соң күчөшү, негизинен, башка адамдардын буларга түшүнүү менен мамиле кылуусунун жетишсиздигинен жана мындай адамдарды кабыл албоосунан улам болот. Колуңуздагы китептин 2-БӨЛҮГҮНДӨ коомчо кантип ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарына колдоо көрсөтүп мамиле кылууга жана муктаждыктарын канааттандыруусуна жардам берүүгө жигердүүрөөк катыша алары тууралуу сөз болот. 2-БӨЛҮКТӨ, коомчосундагы башка адамдар булардын кыйынчылыктарына түшүнүү менен мамиле кылуусуна жетишүү жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттери мындан да олуттуу көйгөйгө айлануусуна жол бербөө үчүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү эмне кылышы керектиги дагы каралат.

Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген кошумча бузулууларга жол бербөө – реабилитациялоонун негизги.




This page was updated:23 Май 2025