Hesperian Health Guides
3-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге жол бербөө
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 3-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге жол бербөө
Алдын алуу боюнча маалыматтарыбызды ошол бөлүмдөрдүн баштарына эмес, аяктарына жайгаштырганыбызга көңүлүңүздү буруңуз. Мунун себеби – адамдар ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер тууралуу, жакыны алардын бирине кабылмайынча демейде эзели ойлонбойт. Мындай жагдайга кабылгандан кийин ойлорунун баары ошол адамына жардам берүүдө болот. Үй-бүлөгө баласы үчүн кандайдыр бир нерселерди аткаруусуна жардам берип бүткөн соң, биз аларды үй-бүлөсүнүн жана коомчосунун башка мүчөлөрүндө мындай илдеттин пайда болуусун болтурбоого багытталган ыкмаларга кызыктыра алабыз.
Биз муну айтып жатканыбыздын себеби – ден соолук маселелери боюнча адистер коомчолорго программаларды иштеп чыгууда, көпчүлүк учурда адегенде алдын алуу иш-чараларына көңүл бурууга аракет кылышып, кийин элдин мындай программаларга анчалык деле кызыгуусун байкашпайт. Бирок ата-энелер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарына чогулуп жардам берип, алардын кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес муктаждыктарын канааттандырган соң, мындай илдеттердин алдын алуу иш-чараларына жигердүү катышууга даяр болушу мүмкүн.
Коомчодо жүргүзүлө турган программа ийгиликтүү болушу үчүн, адегенде ошол коомчонун элине маанилүү болуп сезилген нерселерден баштап, анан кийинки баскычтарына өтүңүз.
Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин алдын алуу үчүн, биз алардын пайда болуу себептерин түшүнүүбүз керек. Дүйнө жүзүнүн көпчүлүк бөлүгүндө мындай илдеттердин пайда болушу жакырдыкка байланыштуу. Мисалы:
- Болочок энелер кош бойлуу кезинде зарыл азыктар менен жетишсиз тамактанганда, көп учурда балдары өз убагынан эрте же салмагы жагынан жетилбей ара төрөлүшөт. Мындай балдарда церебралдык шалдык пайда болуу коркунучу өзгөчө чоң. Церебралдык шалдык – ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин эң көп кездешкен олуттуу түрлөрүнүн бири. Тубаса кемтиктердин айрымдары кош бойлуулуктун баштапкы айларында орун алган начар тамактанууга байланыштуу.
- Эмчек эмбеген наристелер жана начар тамактанган жаш балдар инфекцияларды оңоюраак жуктуруп, алардан катуураак жапаа чегишет. Ич өткөк толук наристеде демейде анчалык олуттуу болбойт. Ал эми начар тамактанган арык наристеде ич өткөк көп учурда денесинин олуттуу түрдө суусуздануусуна, температурасынын катуу көтөрүлүүсүнө жана кээде мээсинин жабыркоосуна (талмага же церебралдык шалдыкка) алып келет.
- Тамактануунун начардыгы санитардык жана жашоо (чектелүү аянтта өтө көп адам жашаганда) шарттарынын начардыгы менен коштолгондо, кургак учук сыяктуу оорулар жана кургак учук козгогон, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген олуттуу илдеттер кыйла көбүрөөк пайда болот.
- Атүгүл кош бойлуу аялдардын тɵрɵлɵ элек балдары да уулуу химиялык заттарга дуушар болуп, ден соолук мүмкүнчүлүктɵрүн чектеген түрдүү илдеттерге кабылышы мүмкүн. Зыядуу химиялык заттарды жакыр коомчолордо же аларга жакын жерлерде колдонуу же таштоо учурлары жок эмес.
- Жакыр коомчолордо ден соолук маселелери боюнча иштеген жайлардын жана реабилитациялык кызматтардын жетишсиздигинен улам ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер көбөйүп, алардын катаалдыгы жогорулайт. Көп учурда, алдын алуу иш-аракеттерин эрте баштоо аркылуу болтурбоого мүмкүн болгон, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген кошумча илдеттер пайда болот.
Жакырдыктан улам пайда болуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин пайда болуусуна жеткирбөө үчүн, коомдук түзүлүшүбүздө чоң өзгөрүүлөр керек. Жер, ресурстар, маалымат жана саясий бийлик адилеттүүрөөк бөлүштүрүлүүгө тийиш. Кедей-кембагалдар чогулуп, өз укуктарын биргелешип алып талап кылууга батынганда гана, мындай өзгөрүүлөр мүмкүн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү бул ишти алдыга жылдырган лидерлерден боло алышат. Адилеттүүрөөк коомду түзүү аркылуу гана жакырдыктан улам пайда болуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин алдын алууда туруктуу ийгиликтерге жетүүгө үмүттөнө алабыз.
Эмне себептен сапаттуу вакцина бар болгон жагдайда, ушунчалык көп өлкөлөрдө полиомиелитке дуушар болгон адамдардын саны дагы эле көп?
|
Жакырдыктан улам пайда болуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерди мүмкүн болушунча толугураак болтурбоо маселеси коомубуздагы өзгөрүүлөрдөн көз каранды жана буга жетүү үчүн бир топ убакыт керек. Бирок адамдар үйбүлөсүндө, коомчосунда жана улуттук деңгээлде зарыл чараларды көрүшү аркылуу мындай илдеттердин айрымдарынын алдын алууга жардам бере алышат.
Мисалы:
- Полиомиелитти, көпчүлүк учурда, эмдөө аркылуу болтурбоого болот. (Бирок эмдөө майнаптуу болушу үчүн, сапаттуу вакцинанын гана болуусу жетишисиз. Төрт бурчтуктун ичиндеги текстти караңыз.)

Эмдөө иш-чаралары такыр жүргүзүлбөгөн же анча майнаптуу жүргүзүлбөгөн аймактарда үй-бүлөлөр жана коомчолор балдарына эмчек эмизүүнү мүмкүн болушунча токтотпоо аркылуу полиомиелиттен улам пайда болуучу шалдыкка кабылуу коркунучун азайтууга өз салымын кошо алышат.
- Эгер энелер жана аначылар кош бойлуулук кезинде жана төрөт учурунда кошумча сактык чараларын карманышса жана балдарды кызылча оорусуна каршы эмдесе, мээ жабыркаган жана талма пайда болгон учурлар азайышы мүмкүн.
- Тубаса кемтиктердин айрымдарына жана акыл-эстин жайыраак өнүгүүсүнө алып келген абалга жеткирбөө үчүн, энелер боюнда бар кезинде дары-дармектердин көпчүлүгүнөн оолак болууга тийиш жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын ден соолукка пайдалуу тамак-ашка сарптаганы оң.
- Эгер аталар акча каражаттарын спирт ичимдиктерине короткондон көрө, билим алууга жана коомчосундагы коопсуздук маселелерине сарптаса, жүлүн жабыркатып алуу учурлары кыйла азаймак.
- Эл пес оорусу бар адамдардан чочулабай, алар менен катнашуудан баш тартпаганда, пес оорусун негизинен жоюу мүмкүн болот. Коомчо мындай илдети бар адамдарды үйүнөн эртелеп дарыланууга аларга колдоо көрсөтүп шыктандыруу аркылуу пес оорусунун жайылуусун токтото алат, анткени дарыланып жаткан адамдардан оору жукпайт.
- Айрым өлкөлөрдө А витамини бар тамактар менен жетиштүү көлөмдө тамактанбаган жаш балдар сокур болуп калышат. Бул да жакырдык көйгөйүнө кептелип турат. Ошол эле учурда, адамдар балдарына каралжын-жашыл жалбырактуу жашылчаларды, сары түстүү мөмөлөрдү же атүгүл белгилүү бир отоо чөптөрдү жана жапайы мөмөлөрдү берип, мындай сокурдуктун алдын ала алышат.
- Болочок эне боюнда бар кезинде тамагына йоддолгон тузду колдонуу аркылуу дүлөйлүктүн жана акыл-эстин жайыраак өнүгүүсү менен мүнөздүү бузулуулардын айрым түрлөрүн болтурбоого жетише алат.

Индияда 2 миллиондон ашык адамды “майыптаган” 4 эң чоң себепкер көйгөйгө полиомиелит, йод жетишсиздиги, флюороз жана латиризм кирет. Саясий эрк менен бул көйгөйлөрдүн баарын жоюуга болот!
- Тамактагы, суудагы, абадагы же иш ордундагы уулуу заттардан улам пайда болуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер. Зыянкеч курттарга жана отоо чөптөргө каршы жакында эле дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулуп жүргөн химиялык заттар зор ден соолук көйгөйүнө айланды. Көп учурда айыл тургундары мындай пестициддердин коркунучтуу жактарын билбей же сактык чараларын карманышпай колдонушат. Натыйжада көбү шал, сокур болуп калат же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген башка илдеттерге чалдыгат.
- Айрым аймактарда уулуу азыктардан улам ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер көп пайда болот. Индиянын кээ бир жерлеринде айыл чарбасында эмгектенген жумушчуларга маяналары уулуу жасмык түрүндө берилет. Мындай азык «латиризм» деп аталган илдетке алып келип, адам шал болуп калат. Колунда жок жумушчулар бул коркунучту билишет, бирок тамактануу үчүн мындан башка эч нерселери жок. Мындай жагдайды оңдоо үчүн, паракорлукту жоюу жана маяналарды адилеттүү көлөмдө төлөп берүү талап кылынат.
- Индиянын айрым аймактарында жана башка жерлерде ичилчү суудагы фторийдин кошундулары менен уулануудан (флюороз) улам болгон сөөктөрдүн деформациялануулары көп учурайт. Коопсуз суу менен камсыз кылуу иш-чаралары талап кылынат.
- Кооптуу иштөө шарттарынан, абадагы уулардан жана негизги сактык чараларынын сакталбагандыгынан улам ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген көптөгөн бузулуулар пайда болот. Булардын ичине күйүктөр, ампутациялар, сокурдук, арканы жана башты жабыркатуу кирет. Айрым өлкөлөрдө мектептердин, иш орундарынын жана үйлөрдүн чатырларын жана дубалдарын тургузууда колдонулган асбест материалда- рынан өпкөгө доо келтирген илдеттер пайда болот. Мындай жагдайды оңдоо үчүн, улуттук деңгээлде катуу чаралар көрүлүүгө тийиш жана элди бул тууралуу маалымдоо талап кылынат.
- Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге алып келүүсү менен белгилүү, кооптуу жактары бар, кээ бир дары-дармектерге өндүргөн өлкөлөрүндө тыюу салынганы менен, алар башка өлкөлөрдө эм- дигиче сатылып жүрөт. Мисалы, Жапонияда, курамында “клиохинол” деген зат бар, ич өткөктүн дарысы миңдеген адамды сокур жана шал кылган.
Учурда дүйнө жүзү боюнча дары-дармектердин кымбаттыгы, аларды ашыкча жана туура эмес колдонуу сыяктуу көйгөйлөр жакырдыктын жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин санын ого бетер көбөйтүүдө. Дары-дармектерди жеткиликтүү кылуу жана алардын колдонулуусун тартипке салуу үчүн, доктурлардын да, жөнөкөй адамдардын да билимин жогорулатып, натыйжалуу эл аралык мыйзамдарды кабыл алуу талап кылынат.
Эскертме: Эскертме: Фторий өтө көп көлөмдө зыяндуу, бирок анын азыраак көлөмү сөөктөрдүн жана тиштердин саламаттыгы үчүн керек. Фторийди айрым аймактарда ичилчү суудан алып салуу зарыл болсо, башка жерлерде аны сууга кошуу талап кылынат.