Hesperian Health Guides
СОГУШТУК ЖАҢЖАЛДАР – ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН БУЗУЛУУЛАРДЫН СЕБЕПКЕРИ КАТАРЫ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 3-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге жол бербөө > СОГУШТУК ЖАҢЖАЛДАР – ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН БУЗУЛУУЛАРДЫН СЕБЕПКЕРИ КАТАРЫ
![]() |
Сүрөттө “Контра” кыймылынын бомбасынан мунжуланган никарагуалык бала. “Контра” АКШнын өкмөтү тарабынан колдоого алынган, көтөрүшчүлөр кыймылы болгон. Анын максаты Никарагуалык өкмөттү кулатуу эле. (Марк Кризактын сүрөтү, Links.) |
Куралдуу зомбулук күндөн күнгө күчөп, адам өмүрүн улам көп кыйууда. Учурдагы согуштук жаңжалдарда баарынан көп өлүмгө же жаракатка дуушар болгондор – жоокерлер эмес, аялдар жана балдар. Жарылуучу заттардын жерге көмүлмө түрлөрү, дрондор, касеттик бомбалар жана уулантуучу химиялык заттар сыяктуу, согуштарда колдонулган куралдардын кубаты мурункудан да жогорулап, адамдарга карата болгон коркунучу арбыды.
Өткөн он жылдыкта согуштук жаңжалдарда миллиондогон балдар каза болуп, жок дегенде 6 миллиону жаракат алды же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулууларга кабылды. Кээде балдар, айрыкча эркек балдар, согуштук жаңжалдарда жоокер катары салгылашууга мажбурланып, алардын көбү каза болот же жаракат алат, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулууга кабылат. Кээде кыздар жоокерлер үчүн “жыныстык кулдарга” айлантылып, далай зордукталышат. Бул балдар физикалык гана жактан эмес, психикалык жактан дагы мунжуланып жапаа чегишет.
Күчөгөн жакырдык жана согуштардан улам болгон “оор мезгилдер” да ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулуулардын санынын көбөйүшүнө алып келет. Дүйнө жүзүндө 66 миллиондон ашык качкын бар. Алардын көбү кооптуу жана антисанитария шарттарында жашайт. Жакыр өлкөлөрдө 146 миллион баланын салмагы жетишсиз, бул негизинен тамак-аштын жетишсиздигинен. Миллиондордун үй-жайы жок. Ушундай жагдайда дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүнүн жетекчилери триллиондогон долларларды согуштарга жана куралдарга коротушат (2016-жылкы көрсөткүч – 1 570 000 000 000 АКШ доллары).
Согуш, терроризм жана зомбулук бу дүйнөнүн кубаттуу күчтөрүнүн экономикалык, саясий жана социалдык көзөмөлгө жетүү куралына айланды. Жакыр өлкөлөрдөгү элдер диктаторлорунан бошонуп, улуттук байлыкты адилеттүүрөөк бөлүштүрүү максатын туу кылып карманып иштеген, элдин колдоосуна ээ болгон өкмөттөрдү тургузууга батынганда, кубаттуу бай өлкөлөр көп учурда мындай жаңы өкмөттөрдү жок кылууга аракеттенишет. Алар терроризмди, узакка созулган согуштарды, мектептердин, ден соолук борборлорунун, таза суу менен камсыздоочу жана санитардык системдердин, тамак-аш чыгаруучу жана өндүрүштүк ишканалардын кыйроосун каржылашат. Мындай аракеттин натыйжасы бир – мурункудан да көбөйгөн жакырдык, оорулар жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулуулар.
Мындай жагдайды өзгөртүү үчүн, биз – бүткүл дүйнө жүзүндөгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар – бу дүйнөнүн жакшылыктарынан куру калган жана өздөрүнө карата адилетсиз мамиледен жапаа чеккен адамдар менен биригип, чыныгы адамгерчиликтүү дүйнөлүк жаңы тартипти курууга күрөшүүбүз керек.