Hesperian Health Guides

ИЙНЕ АРКЫЛУУ БЕРИЛҮҮЧҮ ДАРЫЛАРДЫ ЖӨНҮ ЖАНА ЧЕГИ МЕНЕН КОЛДОНУУ МУКТАЖДЫГЫ

Бул бөлүмдө:

Ky DVC Ch3 Page 18-1.png
DVC Ch3 Page 18-2.png
Дүйнө жүзүнүн көпчүлүк аймактарында медициналык кызматкерлер, коомчолук медициналык-санитардык кызматчылар жана жөнөкөй адамдар ийне аркылуу берилүүчү дары-дармектерге ашыкча маани беришет.

Учурда бүткүл дүйнө жүзү боюнча байкалган, дары-дармектерди чегинен ашырып жана туура эмес колдонуу көйгөйү ден соолукка байланыштуу түйшүктөрдүн жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин негизги себепкерлеринин бирине айланды. Мунун себеби медициналык кызматкерлердин дары-дармектерди адамдарга өтө көп дайындоосуна жана алардын адамдарга туура эмес берилүүсүнө байланыштуу (мисалы, кош бойлуулук кезинде берилген белгилүү бир дарылар тубаса кемтиктерге алып келиши мүмкүн). Мындан тышкары, мындай жагдайды жакыр үй-бүлөлөр жана жакыр өлкөлөр ансыз деле чектелүү акча каражаттарынын зор бөлүгүн баалары жөнү жок көтөрүлгөн, зарылчылыгы жок же кооптуу жактары бар дары-дармектерге коротуусуна байланыштырса болот. Андан көрө, бул акча каражаттарын тамак-аш, эмдөө, таза суу жана алгылыктуураак билим берүү тармагы сыяктуу, ден соолукту чыңдаган нерселерге сарптаганда, оңураак болмок. Дары-дармектердин айрымдарынын, албетте алар туура колдонулган жагдайда, ден соолук үчүн мааниси чоң. Бирок алардын көпчүлүгүндө зарылчылык жок. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун корутундусу боюнча, өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө сатыкта жүргөн 30 000 дары-дармек түрлөрүнүн ичинен болжол менен 400ү гана адамдарга керек.

ИЙНЕ АРКЫЛУУ БЕРИЛҮҮЧҮ ДАРЫЛАР БАЛДАРДА ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН БУЗУЛУУЛАРДЫ КАНТИП ПАЙДА КЫЛАТ

Өлкөлөрдүн далайында дарыларды ийне аркылуу берүү “заманбап сыйкырдуу куралга” айланып кеткен жайы бар. Медициналык кызматкерлер жана коомчолук медициналык-санитардык кызматчылар буларды элге улам дайындай бергендиктен, эл мындай дары-дармектерди талап кылып калган, жана эл мындай дары-дармектерди талап кылгандыктан, медициналык кызматкерлер жана коомчолук медициналык-санитардык кызматчылар аларды элге жөнү жок өтө көп дайындашат.

a doctor holding up a syringe and a woman taking it
Мен ийне аркылуу берилүүчү дарыларга ишенем, анткени аларды мага менин дарыгерим дайындайт.
Мен ийне аркылуу берилүүчү дарыларды көп дайындайм, анткени менин бейтаптарым аларга ишенишет.
DVC Ch3 Page 19-1.jpg
DVC Ch3 Page 19-2.jpg
Бул балага стерилдүү эмес (тазалыгы жетишсиз) ийне аркылуу дары берилген. Кир ийнеден инфекция жугуп, андан ириңдүү шишик (абсцесс) пайда болуп, кийин ал жарылган. Дары балага суук тийгенде сайылыптыр. Андан көрө, балага эч бир дарыны бербей эле койгондо, оң болмок.

Туура колдонулганда, айрым вакциналар сыяктуу, ийне аркылуу берилүүчү дарылар баланын ден соолугун коргоо жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин пайда болуусуна жол бербөө үчүн маанилүү. Бирок дарыларды таза эмес ийне аркылуу берүүдөн инфекциялар көп жугат, мисалы, ВИЧ жана гепатит сыяктуу олуттуу оорулар жугушу мүмкүн (Where There Is No Doctor (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн”) деп аталган китептин 399–401- жана 172-беттерин караңыз).

Кир ийне жана шприц шалдыкка же жүлүн жабыркоого же өлүмгө алып келген инфекцияяларды өткөрүшү мүмкүн (окуяны караңыз). Ийне менен шприцти дезинфекциялабай туруп, бирден ашык адамга колдонууга такыр болбойт.

Мындан тышкары, ийне аркылуу берилүүчү айрым дарылар кооптуу аллергиялык реакцияларга, ууланууга же дүлөйлүккө себепкер болушу мүмкүн. Баланын төрөлүшүн тездетүү жана энеге “күч-кубат берүү” максатында гормондорду ийне аркылуу берүүдөн далай баланын мээси жабыркап төрөлөт.

Дары өткөрүүчү ийне менен шприцти кандай тазалоо керек

Шприцтер менен ийнелердин көпчүлүгү бир жолу гана колдонуу үчүн түрүндө жасалып, стерилизацияланган атайын таңгакчаларда болот. Алардын кээ бирлерин бөлүктөрүнө ажыратып, аларды кайнатып, такыр жарабай калмайынча, бир нече жолу кайра колдонуу мүмкүн, бирок аларды мындай колдонбой эле койгогонуңуз оң деп сизге айтар элек. Бирок эгер башка арга жок болсо, анда адегенде төмөнкү сунуштарыбызды карманыңыз:

  1. Колдоруңузду коргоо үчүн, калың кол каптарды кийиңиз.
  2. Шприцтин ичине ийнеси аркылуу таза суу (же 7 бөлүк сууга 1 бөлүк кездеме агарткыч кошулган аралашма болсо, андан да жакшы) сордуруңуз. Эгер кездеме агарткычты колдонсоңуз, күнүгө жаңы аралашма даярдоо керек, антпесе аралашманын инфекцияларды жок кылуу күчү азайып кетет.
  3. Сууну же аралашманы басым менен сыртка чыгарыңыз. Муну бир топ жолу кайталаңыз.
  4. Эгер кездеме агарткыч колдонулса, баарын таза суу менен бир нече жолу чайкаңыз.
  5. Шприц менен ийнени бир биринен ажыратып, сууда 20 мүнөт (күрүчтү бышырууга кеткен убакыттай) кайнатыңыз же бууга 20 мүнөт кармаңыз.

Эскертме: Кайнатууда да, бууга кармоодо да 20 мүнөттү суу толугу менен кайнагандан тартып санай баштаңыз.


DVC Ch3 Page 19-3.png Кайнатууда мискейдеги суу баарын бүтүндөй убакыты бою толук каптаарын камсыз кылыңыз. Эгер мүмкүн болсо, мискейдин капкагын жаап коюңуз. DVC Ch3 Page 19-4.png Бууга кармоо үчүн, ичине казган (тешиктери бар табак) салып коюуга мүмкүн, капкагы бар мискей керек. Капкагынын кырларынан 20 мүнөт бою буу чыгып тургандай көлөмдөгү сууну мискейге куюңуз.

Ийне менен шприцти сактоо

a syringe in a glass jar.

Ийне менен шприц кургагандан кийин, аларды буралып бекитилме капкагы бар айнек кумара сыяктуу кургак идиште сактаңыз. Бул идишти дагы адегенде дезинфекциялап тазалап алууну унутпаңыз. Эгер шприц менен ийнени ушинтип сактоого мүмкүн болбосо, анда буларды колдонуунун алдында ар бир ирет кайрадан кайнатып же бууга кармап пайдаланыңыз.

a syringe with an X drawn through it.
ДАРЫНЫ ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ЖОК ЭЛЕ ИЙНЕ АРКЫЛУУ БЕРҮҮДӨН ООЛАК БОЛУҢУЗ!

Ийне аркылуу берилүүчү дарыларды зарылдыгы жок эле саюудан жыл сайын миллиондогон адамдар, айрыкча балдар ооруларга, өлүмгө же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулууларга кабылып, бул дүйнөлүк деңгээлдеги эпидемияга айланып кетти. Доктурлардын, медайымдардын, коомчолук медициналыксанитардык кызматчылардын, салттуу эмчилердин (булардын көбү да дарыларды ийне аркылуу өтө көп беришет) жана элдин өзүнүн билим деңгээлин бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча жогорулатуу иш-чаралары талап кылынат.

Эмдөөнүн, таза суунун же дааратканаларды туура пайдалануунун мааниси канчалык болсо, дарыларды туура эмес жана чегинен ашырып колдонууга каршы күрөшүүнүн да мааниси ошончолук. Коомчолук медициналыксанитардык кызматчылар, мектеп мугалимдери жана коомчолордогу активисттер – бардыгы – түрдүү дары-дармектердин мүмкүндүү кооптуу жактары менен пайдасын таразалап кароосуна элге жардамын көрсөтүшү зарыл. Ийне аркылуу берилүүчү, зарылдыгы жок дарылардын кооптуу жактары тууралуу маалыматтарды Helping Health Workers Learn (Коомчолук медициналык-санитардык кызматчылардын билимин жогорулатууга жардам берүү) деп аталган китептин 18-, 19- жана 27-бөлүмдөрүн караңыз.



This page was updated:23 Май 2025