Hesperian Health Guides
ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР БАЛАНЫ ДАРЫЛОО ЖАНА АГА КАМ КӨРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу > ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР БАЛАНЫ ДАРЫЛОО ЖАНА АГА КАМ КӨРҮҮ
ОПЕРАЦИЯГА ЧЕЙИН | ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН |
![]() |
![]() |
Чуркунун өзүн дарылоо жана ага кам көрүү. Омуртка тутумунда чуркулуу баштыкчасы бар болуп, жаңы төрөлгөн балага өмүрүнүн биринчи бир нече жумасында операция жасалса, анын жашап кетүү ыктымалдыгы кыйла жогорураак болот. Дефект хирургиялык операциянын жардамы менен булчуң тканы жана тери менен капталып жабылат. Мындай операция жасалбаса, чуркулуу баштыкча жаракаттанышы жана ага инфекция (менингит) жугуу коркунучу чоң. Кокус мындай болсо, бала көп жашабайт.
Эгер операция жасатуу мүмкүн болбосо, чуркулуу баштыкчанын ичке каптоосу жаракаттанбашы же айрылып кетпеши үчүн, аны коргоого аракет кылыңыз. (Эгер ал айрылса, менингит оорусу пайда болот.)
Бул “баштыкчаны” коргоо үчүн, жумшак кездемеден же көбүктүү резинкеден ортосу бош, тегерек жасалга жасап, баштыкчаны анын ортосуна жайгаштырып, жасалганы баланын денесине карматып байлаңыз. Мындай жасалга же кийим-кечек баштыкчага тийбөөгө тийиш. | ![]() |
![]() |
МЭЭДЕН ЖҮРӨККӨ ЧЕЙИН ШУНТ КОЮУ | МЭЭДЕН КУРСАККА ЧЕЙИН ШУНТ КОЮУ |
![]() бир багытта гана коё берүүчү сарпкапкак
ийкемдүү түтүк (шунт)
|
![]() сарпкапкак
ийкемдүү түтүк (шунт)
Бала чоңойгон сайын жазылып турушу үчүн, бул учунун кошумча оромдору бар.
|
Гидроцефалия. Бала төрөлгөндө жана андан кийин жума сайын, анын башынын айланасын ченеп туруу маанилүү. Эгер башы нормадан тезирээк чоңоё баштаса, же башы катуу шишигенин байкасаңыз, балада гидроцефалия бар болушу керек.
“Шунт коюу” деп аталган хирургиялык операцияны мээдеги суюктуктун басымы олуттуу залал келтире элегинде жасоо зарыл болушу мүмкүн. Мээдеги суюктукка толгон көңдөйдөн жүрөктүн же курсак көңдөйүнүн кире-беришине чейин түтүк тартылат. Ушул түтүк аркылуу мээдеги ашыкча суюктук чыгарылып турат.
Мындай операция гидроцефалиянын белгилери эрте байкалып баштаган балдардын баарына эле зарыл эмес. Эгер баш өтө деле чоңойбосо же тез чоңоюусу токтосо, абал дарылоосуз эле жакшырышы мүмкүн.
Эскертме: Мындай операциялар көп үй-бүлөлөр үчүн мүмкүн болбору айдан ачык. Кызматтарын акысыз көрсөткөн бейтапканалар эле жардамга келбесе, көп учурда мындай операциялар кымбаттыгынан жасалбайт.
Операцияга аттанууга чечим чыгаруудан мурун, төмөнкү нерселерди эсепке алыңыз:
- Эгер операция ийгиликтүү өтүп, бала аман-эсен калса, анын келечеги кандай болот? Бала абдан кыйналып өмүр сүрүү ыктымалдыгы көбүрөөкпү, же чектөөлөрүнө карабастан толук кандуу жана бактылуу өмүр сүрүү ыктымалдыгы көбүрөөкпү?
- Эгер үй-бүлө операцияларга, алардан кийин балага кам көрүүгө көп акча каражатын сарптаса, үй-бүлөдөгү башка балдардын саламаттыгына жана жалпы бейпилдигине мунун таасири кандай болот?
Кыскасы, операцияны жасатуудан мурун, баланын жана анын үй-бүлөсүнүн турмушунун сапатына мунун кандай таасири тийиши мүмкүн экенин дыкат кароо маанилүү.