Hesperian Health Guides
Эт оюлуунун жана жаракаттануунун АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу > Эт оюлуунун жана жаракаттануунун АЛДЫН АЛУУ
- Бала жумшак матрастын же жаздыкчанын (мисалы, көбүктүү резинкеден) үстүндө уктасын жана отурсун, жана көп ары-бери кыймылдап же оодарылып турсун.
- Баланын денесинин астынкы бөлүгүндө кандайдыр-бир дүүлүгүүнүн же жаранын баштапкы белгилерине күн сайын текшерип туруңуз. Айрыкча сандарын, тизелерин жана бут кетмендерин текшериңиз.
- Бала бир аз чоңоюп калганда, денесин өзү текшергенди үйрөнүп алса болот.
![]() |
Жүлүн чуркусу бар бул бала бут кетмендерин айнектин сыныктарына тилдирип алган. Тилинген жерлери оорубагандыктан, бала аларга көңүл бурган эмес. Натыйжада жаракаттанган жерлерине инфекция жугуп, алар ириңдеп кеткен. Бир канча убакыттан кийин инфекция бут кетмендеринин сөөктөрүнө өтүп, аларды буза баштаган. Ошентип отуруп, бут кетмендери абдан деформацияланып кеткен. Бала бут кетмендерин толугу менен жоготушу мүмкүн. |

АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ! Жүлүн чуркусу бар болгондуктан же пес оорусунан улам бут кетмендеринде сезгичтиги жоголгон, баса алган балдарда бут кетмендерин тилип алуу, күйгүзүп алуу, аларда жара пайда болуу жана аларга инфекция жугуу коркунучтары айрыкча чоң болот. Мындай балдарга бут кетмендерин күн сайын текшерип турууну үйрөтүңүз.
Мындай тышкары, бут кийимдери жана колдонулган ортездери балага чак келүүсүн, терисин өйкөбөөсүн жана анда көбүкчөлөрдү пайда кылбоосун камсыз кылыңыз.
{{important|Эт оюлуулардын алдын алууга жана аларды дарылоого арналган МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТТАРды 24- бөлүмдүн таба аласыз. Аларды сөзсүз окуп чыгыңыз. Мындан тышкары, пес оорусуна арналган 26-бөлүмдүн атайын бут кийим жана бут кетмендерин коргоо ыкмалары жөнүндөгү маалыматтарга да көңүл буруңуз.
Жүлүн чуркусу бар балага арналган башка маанилүү маалыматтарды бул китептин башка бөлүмдөрүнөн (айрыкча төмөнкүлөрдөн) табасыз.
23-бөлүм, “Жүлүн жабыркоо”
24-бөлүм, “Эт оюлуу”
25-бөлүм, “Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу”
Мындан тышкары, контрактураларга, маймактыкка, көнүгүүлөргө, өнүгүүсүндө артта калуусуна, ортопедиялык аппараттарга, дөңгөлөктүү отургучтарга жана атайын отургучтарга арналган бөлүмдөрдү да карап чыгыңыз.
|
|
Жүлүн чуркусу бар бул бала хирургиялык операция жасатууга каражаты жок айылдык кембагал үй-бүлөдө төрөлгөн. | PROJIMO тобу баланын омуртка тутумунан торсоюп чыгып турган “баштыкчаны” коргоо максатында жөлөнгүчүнө бекитилген чөйчөгү бар атайын отургуч жасап берди. |
![]() | |
![]() | |
Жүлүн чуркусу бар бала колго жасалган “бастыргычтын” жардамы менен басканды үйрөнүп жаткан учуру. (PROJIMO) |
Жүлүн чуркусу бар бир жашар бул бала ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматчылар тарабынан жасалган дөңгөлөктүү кичинекей отургучта отурган учуру тартылган. (PROJIMO) |