Hesperian Health Guides
Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ жана аларды оңдоо
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу > Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ жана аларды оңдоо
ЭСКЕРТҮҮ! Чоюу көнүгүүлөрүн чыңалып кыймылдабай калган же кыймылдоо ийкемдиги чектелүү муундарга гана жасаңыз. Эгер муун бош болсо, булчуңдарды андай ары чойбой эле коюңуз, муундун кыймылдоо ийкемдиги ансыз эле жогору.
Мисалы: | |||
Эгер бут кетмени сүрөттө көрсөтүлгөндөй кармалган боюнча катып калгансып калса, | ![]() |
бут кетменин бара-бара көтөрүү үчүн, көнүгүүлөрдү аткарыңыз. |
ТУУРА
|
Бирок эгер бут кетмени бош болсо же өйдөгө нормадан ашык көтөрүлсө, | ![]() |
булчуңдарын жана байламталарын ого бетер чоюп салуучу көнүгүүлөрдү жасабаңыз. |
ТУУРА ЭМЕС
|
Жүлүн чуркусу бар балдардын жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүүчү булчуңдары аларды жазуучу булчуңдарынан күчтүүрөөк болгондуктан, аларда, төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн баланыкындай, контрактураралар пайда боло бермейи бар. Чоюу көнүгүүлөрү жана курсагына жатуу жардам бериши мүмкүн.
![]() контрактуранын бурчу
Тартылып калган тарамыштары бул муунун жазытпай кармап турат. |
Мындан тышкары, басуу үчүн көмөкчү жасалгалары контрактураларды күчөтпөй, аларды оңдоого жардам берерин камсыз кылыңыз.
![]() |
![]() |
Металлдан жасалган, кымбат мындай ”бастыргыч” жамбаш муундары бүгүлүү, жүлүн чуркусу бар баланын “басуусуна” мүмкүнчүлүк берет. | Туура бийиктикте орнотулган параллелдүү брустарды кармап басканда, бала тигирээк туруп басууга мүмкүнчүлүк алат. Мындай ыкма контрактуралардын калыптануусуна жол бербейт жана көмөкчү каражаттардын жардамысыз басууга шарт түзөт. |
Бут кетмендери өйдөгө чегинен ашып бүгүлүп калгандыктан, кээде бала жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарын бүгүп кармоого аргасыз болот. Мындан анын жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарында контрактуралар пайда болушу мүмкүн. |
![]() |
![]() |
Түзүрөөк туруу, жакшыраак басуу жана контрактуралардын калыптануусуна жол бербөө үчүн, балага бут кетмендерин бекем кармоочу, тизеге чейин ортездер жетиштүү болушу мүмкүн. |