Hesperian Health Guides

Шалдыгы бар адамдарда контрактуралардын жана деформациялардын пайда болуусуна ЖОЛ БЕРБӨӨ

Бул бөлүмдө:

Пес оорусунан улам пайда болуучу шалдыкта контрактуралардын алдын алуу иш-чаралары полиомиелиттен же шалдыктын башка түрлөрүнөн пайда болуучу, алакан-манжалардагы жана бут кетмендериндеги контрактуралардын алдын алуу иш-чараларына окшош. (КОНТРАКТУРАЛАРГА ЖОЛ БЕРБӨӨ ЖАНА АЛАРДЫ ЭРТЕЛЕП ДАРЫЛОО караңыз.) Бирок пес оорусунда дененин жабыркаган бөлүктөрүндө сезгичтиги да жоголгондуктан, алдын алуу иш-чаралары оорураак болот.

Муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөр 42-бөлүмдө каралат.

  • Манжалар жаныбарлардын манжаларына окшошуп, биротоло ийрийип кетүүсүнө жол бербөөчү көнүгүүлөрдү төмөнкү эки ыкмада аткарууга болот:

төмөнкүчө, манжаларды этияттап түздөө жолу менен:

Clawed right hand being opened by straightening fingers with the left hand


жана төмөнкүчө:

A normal hand with fingers flat and hand straight and a clawed hand

Мүмкүн болушунча башка бирөөнүн жардамысыз алаканыңызды ачып, манжаларыңызды түздөңүз. Андан кийин экинчи колуңуз менен кыймылды аягына чейин аткарыңыз. Андан соң манжаларыңызды кайрадан жаап, баарын башынан баштаңыз.

A child squating and holding onto support with heels down while defecating
a child leaning forward against wall with heels down
  • Бут кетмендери аттын бутуна окшошуп түздөлүп калуусу менен мүнөздөлгөн контрактуралардын калыптануусуна жол бербөө үчүн, дубалга таянып алдыга жантаюу, ошол эле убакта согончокторду жерден көтөрбөө, же чочоюп отуруу кыймылдарын аткаруу жолу менен кылталарды чоюп туруу жардам берет.

Бут кетмендеринде сезгичтиги жоголгон адамдар үчүн бут кийим

Мындай бут кийим төмөнкү сапаттарга ээ болууга тийиш:

 soft furry open toe shoe
Үстүнкү бөлүгү терини жоорутпайт жана бут манжалары үчүн жетишерлик кенен (же бут манжаларын ачык бойдон калтырат).
Батеги жумшак, анын калыңдыгы болжол менен 1 см-дей.
Тикенек, мык жана учтуу таштар буттарга зыян келтирбеши үчүн, бут кийимдин таманы калың.
Адам мындай бут кийимди такай кийип жүрүүсү үчүн, анын сырткы көрүнүшү жетишерлик жагымдуу (кадимки бут кийимдерден өтө деле айырмаланбайт).
БУТ КИЙИМДИН ТӨМӨНКҮ ТҮРЛӨРҮН КОЛДОНБОҢУЗ:
nails poking through sandal into foot
ТУУРА ЭМЕС!
  • пластмассадан жасалгандарын;
  • таманы аркылуу тикенектер оңой өткөндөй, жумшак тамандууларын;
  • такасы бут кийимдин таманына мыктар менен бекитилгендерин. (мыктар таманынан өтүп, бутту жабыркатышы мүмкүн. Андан көрө, такасын таманына тигип же жабышчаак желим менен бекитип койгон оң.)

Атайын бут кийимге жетүү жолдору

  • Атайын бут кийимдерди жасоочу устаканасы бар, пес оорулуу адамдарды дарылаган атайын бейтапканага кайрылыңыз. Анда ченемдериңиз боюнча бут кийим жасап бериши мүмкүн.
A foot being traced on paper
  • Жергиликтүү базарлардан жана дүкөндөрдөн караштырыңыз. Балким, алардан ылайыктуу батеги бар, кендир кездемеден жасалган бут кийимдер (же атайын теннистик бут кийим) чыгып калат.
A tennis shoe with sole shown
  • Же болбосо, кадимки эле бут кийимге жумшак батек салып алсаңыз болот. Бирок ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН: эгер стандарттык бут кийимге калың батек салсаңыз, анда бут манжалары кенен батпай калышы мүмкүн. Мындай жагдайда мындай бут кийимдин манжа бөлүгүн кесип салып, манжаларды ачык бойдон калтырып койсо деле болот.
Side angle of the show showing a sole in the front too
Бут кетмени кыска болсо, бут кийимге калың батек салып алса болот.
жумшак батек
  • Атайын бут кийимди өзүңүз жасаңыз (же муну жергиликтүү устага тапшырыңыз).
DVC Ch26 Page 225-6.png
DVC Ch26 Page 225-7.png
  • Бут кетменинин бул жеринде жара пайда болгон адамдар
бут кийиминин таманынын бул жерине кичинекей түркүк бекитип же таманынын бул жерине атайын төшөм салып алышса, манжалары кысылбай, жаңы жаралар пайда болуусуна жол берилбей калат.
  • Буттарда жаралар пайда болуусуна жол бербөө үчүн, пенопластты элестеткен, “пластазот” деп аталаган жумшак материалдан атайын таман төшөм даярдап колдонсо болот. Аны даярдоо үчүн, бул материалды адегенде ысытышат, анан ага тийиштүү форманы беришет.
DVC Ch26 Page 225-8.png


  • Булчуңдары алсыз болуусунан улам бут кетмени “салаңдап” калган адам, буттарында жаралар пайда болуусуна жана ар кандай жаракаттарга жол бербөө үчүн, ортез же бут кетменин өйдө тартып туруучу бөлүгү бар атайын жасалганы пайдаланса болот.
Ортезди же буга окшогон жасалганы реабилитациялык устаканада жасатууга болот, же аны пластмассадан, беттерин жумшак кездеме менен каптап, өзүңүз эле жасап алсаңыз болот.
DVC Ch26 Page 225-9.png
Же болбосо, бут кетменин өйдө тартып туруучу бөлүгү бар жөнөкөй атайын жасалга жасаңыз A shoe and boot like device hodling foot up



This page was updated:30 Дек 2025