Hesperian Health Guides
КОНТРАКТУРАЛАРДЫ ОҢДООНУН ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРЫ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 8-БӨЛҮМ: Контрактуралар: Жазылып түздөлбөй калган колу-буттар > КОНТРАКТУРАЛАРДЫ ОҢДООНУН ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРЫ
- Жаңыдан эле пайда боло баштаган контрактураларды жоюу үчүн, дене мүчөлөрүн чоюучу көнүгүүгүүлөрдү аткаруу жана аны туура абалга келтирип кармоо эле жетиштүү болушу мүмкүн.
- Бир топ илгерилеп кеткен контрактураларды оңдоо үчүн, дене бөлүктөрүн тийиштүү абалдарында кыймылдатпай кармоо, гипстөө, ортездерди же атайын жабдууларды колдонуу аркылуу дене мүчөлөрүн узак убактылуу үзбөй чоюп туруу талап кылынат.
- Абдан өтүшүп кеткен оор контрактураларды оңдоо үчүн, хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн.
Атүгүл контрактуралар өтүшүп кеткен учурларда деле, негизи, аларды, адегенде, анчалык радикалдуу эмес, мүмкүн болушунча жөнөкөйүрөөк ыкмалардын жардамы менен оңдоого аракет кылган оң.
Эгер контрактура өтүшүп кеткен болсо:
адегенде аны мүмкүн болушунча чоюу көнүгүүлөрүнүн жана денени туура абалына келтирип кармоонун жардамы менен оңдоңуз; | андан кийин, аны биринин артынан бири уланган гипстөөлөрдүн жардамы менен мүмкүн болушунча оңдоңуз. |
![]() |
![]() |
Андан соң, эгер дагы оңдоо керек болсо, хирургиялык кийлигишүүнү караштырыңыз. | ![]() |
Демейде хирургиялык кийлигишүү тартылып калган тарамыштарды узартуу үчүн колдонулат. |
Гипстөөнүн же ортездерди колдонуунун жардамы менен контрактураларды оңдоо тууралуу 59-бөлүмдөн караңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Айрым ортопед хирургдардын дароо эле хирургиялык кийлигишүүнү сунуш кылмай адаттары бар. Бирок хирургиялык кийлигишүү керек делген контрактуралардын көбүн, көп учурда, айыл же үй шартында эле атайын көнүгүүлөрдү аткаруу жана гипстөө же ортездерди колдонуу аркылуу оңдоого мүмкүн деген тыянакка келдик. Кандай болсо да, атүгүл хирургиялык операциядан кийин деле, контрактуралардын кайрадан калыптануусуна жол бербөө үчүн, көп учурда, узак убакыт (же такай) чоюу көнүгүүлөрүн аткарып туруу жана ортездерди колдонуу зарыл болот.
Мындан тышкары, контрактуралардын кээ бирлерин оңдобой, ошо бойдон калтырган оң (42- жана 56- бөлүмдөрдү караңыз). Эгер сизге бир нерсе күмөндүү болуп сезилсе, тажрыйбалуу физиотерапевттен кеңеш сураңыз.Контрактураларды оңдоо үчүн көнүгүүлөр – “чоюу көнүгүүлөрү”
Мындай көнүгүүлөр муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөргө окшош, бирок бир айырмасы бар – чоюу аракети туруктуу түрдө, этияттык менен, бирок ошол эле учурда бекем аткарылышы керек:

- Мүчөнү туруктуу түрдө чоюлган абалынан коё бербей кармап, 25ке чейин чейин жай санаңыз.
- Андан кийин, муунду андан ары дагы бир аз чоюп кармап, дагы 25ке чейин шашпай санаңыз.
- Муунду ушул ыкма менен чоюу даражасын улам көбөйтүүнү 5–10 мүнөт бою улантыңыз. Бул көнүгүүнү күнүгө бир нече маал кайталаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Дене мүчөсүн жабыркатып албоо үчүн, сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, муундун жанынан кармаңыз. Чоюу аракетинен пайда болгон бир аз ооруу эч нерсе эмес, бирок мындай ооруу катуу болбошу керек. Келтирилген басымды чоңойтуу жолу тез натыйжа бербейт. Андан көрө, мүчөнү чоюунун узактыгын жана бул көнүгүүнү аткаруу маалдарынын жыштыгын көбөйтүңүз.
Буттарында сезгичтиги жок балдарда, муундарын кокустатып албоо үчүн, көнүгүүлөрдү өзгөчө этияттык менен аткарыңыз.ЧОЮУ КƟНҮГҮҮЛƟРҮН АТКАРУУ БОЮНЧА СҮРӨТТҮҮ НУСКАМАЛАР
Чоюу көнүгүүлөрүнүн айрымдарын атайын ыкма боюнча аткарган оң. Көп учурда аларды бир нече жума же ай бою үйдөн аткаруу керек болот. Көп колдонулуучу чоюу көнүгүүлөрүн аткаруу боюнча нускамаларды “Муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу жана башка көнүгүүлөр” деп аталган 42-бөлүмдөн табасыз. Алардын ичинде:
“Тартылып калган кылтаны чоюу көнүгүүсү: | Бүгүү контрактурасы бар тизе муунун чоюу көнүгүүсү. | Бүгүү контрактурасы бар жамбаш сөөк - кашка жилик муунун чоюу көнүгүүсу. |
![]() |
![]() |
![]() |
КОНТРАКТУРАСЫ БАР МУУНДУ ЧОЮП, УШУЛ АБАЛЫНДА УЗАК УБАКЫТ КАРМОО
Оор контрактураларды оңдоого арналган ыкмалар (гипстөө, ортездерди жана башка көмөкчү каражаттарды колдонуу) 59-бөлүмдө каралат. Мисалы:
биринин артынан бирин улап гипстөө жана шынаа колдонуу | ыңгайлаштырылма ортездер | атайын чоюучу, ийкемдүү жасалгалар |
![]() |
![]() металлдан же пластиктен жасалганы
жыгачтан жасалганы |
![]() серпилги катары кызмат кылуучу бамбук же пластик
автоу-наанын же велоси-педдин камерасынын бөлүгү |
Артыкчылыктары: | Артыкчылыктары: | Артыкчылыктары: |
|
|
|
Кемчиликтери: | Кемчиликтери: | Кемчиликтери: |
|
|
|