Hesperian Health Guides

ЖАМБАШ СӨӨК - КАШКА ЖИЛИК МУУНДАРЫНЫН КОНТРАКТУРАЛАРЫ

Бул бөлүмдө:

Көпчүлүк учурда жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын “бүгүү” контрактураларын (буттар сан бөлүгүндө алдыга бүгүлүп, ошо боюнча кармалуу) оңдоо оор болот, жана ал үчүн атайын ыкмалар талап кылынат.

Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын, сүрөттөгүдөй, өтүшүп кеткен контрактураларын оңдоо үчүн, көп учурда хирургиялык кийлигишүү талап кылынат..
DVC Ch8 Page 86-1.png


Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын, төмөнкү сүрөттөгүдөй, анчалык өтүшүп кете элек контрактураларын денени туура абалына келитирип кармоо жана дене бөлүктөрүн курлар менен байлоо ыкмаларынын жардамы менен кээде оңдосо болот. Мында, курсагына жаткан баланын жамбаштары кенен курдун жардамы менен жерге тартылып турат.
DVC Ch8 Page 86-2.png
child lies down with straps and a cushion
Тизелеринде эт оюлуу пайда болбошу үчүн, сандарынын астына жаздыкчалар салынган.
Бала күнүгө денесин ушундай абалда мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт кармоосу зарыл. Эгер мүмкүн болсо, түнкүсүн дагы. Тизелеринде эт оюлуу пайда болбогонун саат сайын текшерип туруу керек. (24-бөлүмдү караңыз.)

Муундарын бир нече жумалап же айлап чоюуга аргасыз болгон баланын ушул абалында өткөрө турган күндөрү кызыктуураак болушу үчүн, ал дөңгөлөктөрү бар атайын арабага жатып алып, ары-бери которулса болот.

a child on a mobile lying frame
ойноого же китеп окууга мүмкүнчүлүк берүүчү текче.
тизе жана таман сөөк - жото жилик муундарын жазуу үчүн гипстүү таңуу
Эки буттун ортосуна орнотулган чектегич буттарды туруктуу абалында кармоого жардам берет (жана буттарды бир бирине тартуучу контрактуралардын пайда болуусуна жол бербейт).
чоң велосипеддин дөңгөлөгү
арабаны буруу үчүн арткы дөңгөлөктөрү
ЭСКЕРТҮҮ! Контрактураларды ушул ыкма менен оңдоо учурунда, эт оюлуулар (айрыкча тизелерде) пайда болушуна жол бербеңиз. Эгер бала бир жери ооруганына даттанса, курдун тартуусун бир аз азайтыңыз. Тамактануу, киринүү, заара кылуу же заңдоо, көнүгүү аткаруу маалында денесин ыңгайлуу абалга келтирүү үчүн, курун чечиңиз. Бирок 24 сааттын болжол менен 20сын жамбаштары кур менен керебетине тартылган абалында өткөргөнү оң.


Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында олуттуураак контрактуралары бар баланы тепкичтүү атайын алкакка кур менен бекем карматуу зарыл болушу мүмкүн.

a child on an angled frame
кур
орусча “губка” деп аталган материал
жыгачтан жасалган алкак
тулкуну өйдөкармоо үчүн автоунаанын эски дөңгөлөктөрү
Такталарды сандарга туруктуу басым келтирип тургандай бурчта орнотсо болот. Контрактуралар бара-бара жоюлган сайын, сан такталарын көтөрүү же тулку тактасын түшүрүү жолу менен бул бурчту өзгөртүп турушат.
frame and leg boards
фанера же жыгач
сандарга жумшак келген, булгаарыдан же кендир кездемеден жасалган ийкемдүү бириктиргичтер
Эки муунундагы контрактуралардын бурчтары эки башка болгон бала үчүн сандарынын астында кармалуучу такталарын өзүнчө ыңгайлаштырылма түрүндө жасап койсо болот.



Контрактураларды оңдоо ыкмалары 59-бөлүмдө каралат.



This page was updated:23 Май 2025