Hesperian Health Guides
8-БӨЛҮМ: Контрактуралар: Жазылып түздөлбөй калган колу-буттар
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 8-БӨЛҮМ: Контрактуралар: Жазылып түздөлбөй калган колу-буттар
КОНТРАКТУРА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Эгер кол же бут, тагыраак айтканда, андагы муун узак убакыт бою бүгүлгөн абалында кармалса, андагы булчуңдардын кээ бирлери кыскарып кетип, ошол кол же бут толук жазылбай калат. Же болбосо, кыскарып кеткен булчуңдар муунду бүктүрбөй, түз абалында кармашы мүмкүн. Ушуну “контрактура” деп аташат. Контрактуралар дененин бардык эле муундарында калыптанышы ыктымал. Мисалы:
1. Мигелдин бир буту шал болгондуктан, ал өмүрүнүн биринчи жылдарында төрт аяктап ары-бери жылууга аргасыз болгон. | 2. Мигель бара-бара жамбаш сөөк - кашка жилик муунун жана тизесин түздөй албай калган, жана бут кетменин бүгүү жөндөмдүүлүгү да жоголгон: |
Мигель бутуна тура албагандыктан, жамбаш сөөк-кашка жилик муунун жана тизесин дайыма бүгүлгөн абалында, ал эми бут кетменин аттын бутуна окшотуп түз абалда кармап жүргөн. | ![]() жамбаш сөөк - кашка жилик контрактурасы
тизе контрактурасы
бут кетмени аттын бутуна окшошуп түздөлүп калуусу менен мүнөздүү, кызыл ашыктагы контрактура |
![]() | |
![]() Бул жерден басканда,
бул тарамыш коё бербей тартылып турганын сезүүгө болот. |
3. Мигель контрактуралардын айынан бутуна тура да, баса алчу эмес (атүгүл ортездин жардамы менен). | |
![]() Кыскарып кеткен булчуңдар жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун контрактурасына алып келет.
Кыскарып кеткен балтыр булчуңдары кылтанын (согончок сөөгү менен булчуңдарды байланыштыруучу тарамыш) тартылып калуусуна алып келет. Натыйжада, бут кетмени аттын бутуна окшошуп түздөлүп калат.
Тизени бүккөн булчуңдардын кыскарып кетиши тизенин арткы бөлүгүндөгү тарамыштардын тартылып калуусуна алып келет. Ошондо тизе бүгүлгөн абалында бекем кармалып калат. |
Контрактуралар дененин мүчөсү же мууну толук көлөмүндө такай кыймылдап турбаганда пайда болуп калыптанат. Алардын калыптануусунун ыктымалдуулугу төмөнкү учурларда көбүрөөк:
|
![]() жото жилик - таман сөөктөр муунунун контрактурасы |
|
![]() жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун контрактурасы
жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун контрактурасы">тизе муунунун контрактурасы |
|
![]() жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун контрактурасы
тизе контрактурасы
жото жилик - таман сөөктөрү муунунун контрактурасы |
|
![]() контрактуралар:
жото жилик - таман: - моюнда - ийиндерде - омуртка тутумунда - чыканакта - кырк муундарда - манжаларда - жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында - тизелерде - жото жилик - таман сөөктөр муундарында - бут кетмендеринде - буттун манжала рында |
Контрактуралар тууралуу билүү эмне үчүн маанилүү?

- Контрактуралардын көпчүлүгүн атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу жолу жана дагы башка чаралар аркылуу болтурбоого болот. Ошентсе да, далай жерлерде, ден соолугунун физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жок дегенде жарымында контрактуралар калыптанат.
- Контрактуралардан улам реабилитациялоо иш-чаралары оорлойт. Бала басып кетиши же өзүнө кам көргүдөй болушу үчүн, көпчүлүк учурда контрактураларды оңдоо зарыл болот.
- Контрактураларды оңдоо иш-чараларынын жүрүшү жай жана көп чыгымдуу, көп учурда алар абдан чоң ыңгайсыздыктарды жаратат же катуу ооруу менен коштолот.
- Андан көрө, контрактуралардын калыптануусуна жеткирбеген оң. Бирок эгер контрактуралар калыптана баштаса, аларды мүмкүн болушунча эртерээк оңдоо зарыл. Жаңыдан калыптанып келаткан контрактураларды үй шартында атайын көнүгүүлөрдүн жардамы менен жана денени туура абалына келтирүү жолу аркылуу оңой эле оңдоп түзөөгө болот. Өтүшүп кеткен, эски контрактураларды оңдоо кыйла кыйыныраак. Мындай контрактуралар гипстөөнүн жардамы менен бара-бара чоюу ыкмасын же хирургиялык кийлигишүүнү талап кылышы мүмкүн.
Ушул себептерден улам . . .
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар ар бир үй-бүлө контрактуралар кантип пайда болорун, аларга кантип жол бербөө, ал эми калыптанып кеткендерин кантип эртелеп аныктап, оңдоо керектигин билип алууга тийиш.
Булчуңдардын тең салмаксыздыгы – контрактуралардын калыптануусунун негизги себептеринин бири
Колду же бутту бир багытта бүгүүчү же жазуучу булчуңдар аны тескери багытта жазуучу же бүгүүчү булчуңдардан кыйла күчтүүрөөк болгондо, муну “булчуңдардын тең салмаксыздыгы” деп аташат. Шалдык, муун ооруу же спастика булчуңдардын тең салмаксыздыгына алып келгенде, контрактуралар калыптануу ыктымалдыгы кыйла жогорулайт.
БУЛЧУҢДАРДЫН ТЕҢ САЛМАКТЫГЫ БУЗУЛБАСА, КОНТРАКТУРАЛАР КАЛЫПТАНУУ ЫКТЫМАЛДЫГЫ ТӨМӨН | Буттун эки жагындагы булчуңдар бирдей алсыз. | |
Толугу менен шал болгон бутта контрактуралар калыптануу ыктымалдыгы төмөн. Мындай учурда тизе атүгүл нормасынан ашып жазылып калышы мүмкүн. | ![]() |
|
Контрактура жок |
БУЛЧУҢДАРДЫН ТЕҢ САЛМАКТЫГЫ БУЗУЛСА, КОНТРАКТУРАЛАР КАЛЫПТАНУУ ЫКТЫМАЛДЫГЫ ЖОГОРУ | ||
Булчуңдардын контрактураларды пайда кылуучу тең салмаксыздыгы айрым булчуңдардын тартуу күчүнүн жогорулашы менен коштолгон, алардагы спазмдардан же спастикадан улам пайда болушу мүмкүн (балдардын церебралдык шалдыгында жана жүлүн жабыркоодо). | ||
![]() Эгер тизени түздөөчү жана бут кетмендин башын көтөрүүчү булчуңдар абдан алсыз болсо,
ал эми тизени бүгүүчү жана бут кетменинин төмөнкү бөлүгүндөгү булчуңдар күчтүү болсо, анда контрактуралар калыптануу ыктымалдыгы абдан жогору. |
![]() буттардын Х-кейпилүү деформациясы менен коштолгон, жамбаш сөөк - кашка жиликтер муундарынын контрактурасы
Мисалы, спастикалык церебралдык шалдыгы бар бул бала чыканагын бүгүлгөн абалында, ал эми буттарын кайчылаштырып кармашы контрактураларга алып келиши мүмкүн. Мындай контрактуралар калыптанганда, бала чыканагын түздөй албай, буттарын эки жакка буруп жаза албай калат.z |
Булчуңдардын тең салмаксыздыгына текшерүү үчүн, муунду бүгүүчү жана аны жазуучү булчуңдардын күчүн өзүнчө сынап, аларды бир бири менен салыштырыңыз. (Булчуңдардын күчүн текшерүү тууралуу караңыз.)