Hesperian Health Guides

КОНТРАКТУРАЛАРГА ЖОЛ БЕРБӨӨ ЖАНА АЛАРДЫ ЭРТЕЛЕП ДАРЫЛОО

Бул бөлүмдө:

Контрактураларды көп учурда (1) денени туура абалда кармоо жана (2) муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөрдү аткарып туруу аркылуу болтурбоого болот.

БАЛАНЫН ДЕНЕСИН ТУУРА АБАЛДА КАРМОО

Эгер балада контрактуралар пайда болушу ыктымал деп шектенсеңиз же алар пайда боло баштаса, баланын денесин жабыркаган муундарын чоюп тургандай абалына келтирүүгө аракеттениңиз. Бала муну күндөлүк тиричилигинде: жатканда, отурганда, башка бирөө аны ары-бери көтөргөндө, ойногондо, окуганда, кирингенде жана ары-бери жылганда аткарып туруусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз.

Оор илдетте (полиомиелиттин курч мүнөздүү формасы сыяктуу) же жүлүн жакында эле жабыркаганда контрактуралар абдан тез калыптанышы мүмкүн. Андыктан, эртелеп денени туура абалда кармай баштоо өтө маанилүү:


ТУУРА ТУУРА
child sleeps correctly with a pillow Бала тизелерин бир бирине тийгизбей кармоосу үчүн, эки бутунун ортосуна жаздык коюңуз. child sleeps correctly with a pillow
Жатканда же уктаганда, денени түз абалында кармоо аркылуу контрактуралардын алдын алууга болот. Капталдап жатканда да денени туура абалда кармоо үчүн, жаздыктарды пайдаланыңыз.
ТУУРА ЭМЕС
child sleeps incorrectly
Жатканда же уктаганда, буттарды кайчылаштырып же бүгүп кармоодон контрактуралар пайда болот.
DVC Ch8 Page 81-4.png
Бут кетмендерин керебеттин кырынан ашырып салаңдатып коюу таман сөөк - жото жилик муунунда контрактуралардын пайда болуусуна жол бербейт.
Убактысынын бир бөлүгүн курсакты ылдый каратып жатуу жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын чоюлуп туруусуна жардам берет.
Бул жерге коюлан жаздык тизелерди чоюп турууга жардам берет.
DVC Ch8 Page 81-5.png
Тамандарга такта жанаштырып орнотуп коюу таман сөөк - жото жилик муундарында контрактуралар пайда болуусуна жол бербейт.
DVC Ch8 Page 81-6.png
Эгер тамандарга жанаштырылып коюлган нерсени бир аз алдыга жантайтып койсо, бала аны улам түртүп туруу аркылуу бут кетмендеринин булчуңдарын чоюп тура алат. (Анын бетин жумшак бир нерсе менен каптап койгонду унутпаңыз.)


rightalt=child in a wheelchair with legs straight out Бут кетмендери туура бурчта кармалышы зарыл.
Эгер тизелерде контрактуралар пайда болуу ыктымалдуу болсо, аларды түз абалында мүмкүн болушунча көбүрөөк кармаңыз.
a child lies down with a leg separator
Буттарды бир биринен алыстатып кармоо үчүн атайын жасалга (эгер зарыл болсо)
a child eats at a table standing on a frame
Убактысынын көпчүлүк бөлүгүн отурган абалында өткөргөн бала анын бир бөлүгүн жаткан же турган (эгер керек болсо, турууга жардам берүүчү атайын алкакта) абалында өткөрүүгө тийиш. Муну менен жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында жана тизелеринде контрактуралардын пайда болуусуна жол бербейт.


ТУУРА ЭМЕС
a child eats at a table with unsupported feet
Бош коё берилген, салаңдаган бут кетмендеринде аттын бутун элестеткен контрактуралар калыптанышы мүмкүн.
ЖАКШЫРААК
a child eats at a table with a foot lift
Бут кетмендери тирелип турат
a child eats at a table with a foot lift
Бала денесин контрактураларды пайда кылбоочу абалдарында кармоосуна жардам берүүчү мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз.
ЭҢ ТУУРА АБАЛ
a child eats using child-sized furniture
баланын боюна чакталып жасалган эмерек


Буттары бир бирине басылып же кайчылашып калган, булчуңдар спастикасы бар баланы буттарын бир биринен алыстатып отургузуу, жаткыруу же колго көтөрүп алуу зарыл. Мында мисалдары келтирилген. “Тизелер бир бирине тийип калуу” контрактуралары калыптанышына жол бербөө жолдорунун кошумча мисалдарын.
a child using a special seat
a child sitting with his legs separated by a log
a child sitting with a pot between his legs
a child is held with separated legs


For more ideas about special seating and positioning, see Chapter 65.

DVC Ch8 Page 82-1.png

Контрактуралардын алдын алуу үчүн кɵнүгүүлɵр

Мышыктар, иттер жана башка көптөгөн жаныбарлар сыяктуу, ойгонгондо, балдар да колу-буттарын чоюп, денесин керилтүүдөн жана күчүн сыноодон ырахат алышат. Бул – оюндун максаттарынын бири.

Денени күнүгө керилтип чоюп туруудан муундар эркин кыймылдап, алардын ийкемдүүлүгү толук сакталат.


a woman helps a child move his arm up and down
ийин муунун толук көлөмүндө кыймылдатуучу көнүгүүлөр

ийин муунун Тилекке каршы, кээ бир балдар оорунун, шалдыктын же алсыздыктын айынан колун же бутун оюн учурунда же күндөлүк тиричилигинде сунуп толук чоюуга жөндөмсүз болушат. Эгер дененин кайсы бир бөлүгү такай чоюлуп же толук көлөмүндө кыймылдатылып турбаса, контрактуралар калыптанышы мүмкүн.

Муундарынын жана колу-буттарынын эркин жана толук көлөмүндө кыйймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоо үчүн, мындай балдар күнүгө денесинин жабыркаган бөлүктөрүн толук көлөмдө кыймылдатып туруучу көнүгүүлөрдү аткарып туруулары зарыл.


Дененин ар бир муунунун толук көлөмүндө кыймылдоосун сактоочу көнүгүүлөр 42-бөлүмдө каралат.

Муундарынын жана колу-буттарынын эркин жана толук көлөмүндө кыйймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоо үчүн, мындай балдар күнүг уруулары зарыл.

woman talks to and helps a child with range of motion exercise

Бала денесинин жабыркаган бөлүгүн мүмкүн болушунча өз алдынча толук көлөмүндө кыймылдатып турууга аракет кылышы керек. Бирок көп учурда дене мүчөсү өтө эле алсыз болуп, бала башка бирөөнүн жардамына муктаж болот. Ошентсе да, бала аны мүмкүн болушунча өз алдынча кыймылдатуусуна аракеттенүүсүн камсыз кылыңыз.

Булчуңдардын тең салмаксыздыгы бар болгондо, алсызыраак булчуңдарды көнүктүрүп күчтөндүрүү жолу аркылуу контрактуралардын алдын алууга болот. Булчуңдарды күчтөндүрүүчү көнүгүүлөрдүн мисалдарын:


Көнүгүүлөрдү аткаруу иш-чараларын мүмкүн болушунча кызыктуу кылууга аракеттениңиз

Бут кетмендери, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, ичти көздөй бурулуп кала бермейи бар балага бут кетмендерин, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, сыртты көздөй буруу кыймылдарынан турган көнүгүүлөр жардам бериши мүмкүн
child with feet bent inward exercising to bend feet outward
Бир бирине “V” тамгасы түрүндө бекитилген такталардын үстүндө басуу – ошончо пайдалуу, бирок андан да кызыктуу, булчуңдарды чоюу көнүгүүсү. Бирок “V” тамгасы түрүндөгү арык боюнча атасынын артынан ээрчип басуу андан да кызыктуу. Мында таман сөөк - жото жилик муундарынын булчуңдары жана тарамыштары көбүрөөк чоюлат, анткени арык абдан узун.
DVC Ch8 Page 82-6.png
DVC Ch8 Page 82-7.png


ЧОЮУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ АТКАРУУНУН ТӨРТ ЖОЛУ: Контрактуралардын алдын алуу (же аларды оңдоо) үчүн, көнүгүүлөрдү, баланын муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, 4 түрдүү жол менен аткарса болот. Кийинки бетте көрсөтүлгөн бул 4 жол көнүгүүлөрдү толугу менен башка бирөөнүн жардамы менен аткаруудан башталып, аларды толугу менен өз алдынча күндөлүк тиричиликте аткарууга чейин болуп бөлүнөт.

DVC Ch8 Page 83-1.png

ТАРТЫЛЫП КАЛГАН КЫЛТАНЫ ЧОЮУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ АТКАРУУНУН 4 ЖОЛУ

>/table>

1. Көнүгүү башка бирөөнүн жардамы менен аткарылат.
DVC Ch8 Page 83-2.png Кызыктуу болбосо да, керектүү көнүгүү.
2. Бала көнүгүүлөрдү өзү аткарат, бирок жабыркаган бөлүгүндөгү булчуңдары иштебейт.
DVC Ch8 Page 83-3.png
(Мындай көнүгүү контрактуралардын алдын алууга жардам бериши мүмкүн, бирок аларды оңдоого жардам бербейт.) Мында, бала кылтасын бир аз энесинин жардамы менен өзү чоюп жатат.
DVC Ch8 Page 83-4.png
Согончоктор жерден көтөрүлбөөгө тийиш. DVC Ch8 Page 83-5.png Түз турууга салыштырмалуу дубалга жөлөнүп, алдыга жантайып туруу бут кетмендерин көбүрөөк чоёт. DVC Ch8 Page 83-6.png
Эгер баланын алынан келсе, тизелерин бүгүү же колдору менен бут манжаларына жетүү – кылталарын тартып турган булчуңдарын чоюунун мыкты жолу. DVC Ch8 Page 83-7.png
ЭСКЕРТҮҮ! Бул көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда, таман бөлүк жото жилик менен болгон ашташынан чыгып, капталды көздөй бурулуп калбашын дыкат камсыз кылыңыз. Эгер чыгып кетсе, 1- ыкманы колдонуңуз (бут кетмени капталга жантайып калбашын дыкат камсыз кылыңыз).
DVC Ch8 Page 83-8.png
3. Бала денесинин жабыркаган бөлүктөрүндөгү булчуңдарын пайдаланып, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарат.
БИРӨӨНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:
Эгер бут кетменинин учун өзүн көздөй тартууга баланын алы келсе, аны өзү мүмкүн болушунча тартсын. Андан кийин бут кетменинин учун тартуусуна балага мүмкүн болушунча (байламталарынын чоюлушуна жараша) сиз жардам бериңиз.
Бут кетменинин учун өйдө көтөрүүчү булчуңдарды көнүктүрүп күчтөндүрүү контрактуранын алдын алышы мүмкүн.
woman talks to and helps child exercise
КАРШЫЛЫКТЫ ЖЕҢИП ӨТҮҮ АРКЫЛУУ:
Эгер бут кетменине келтирилген каршылыкты жеңип өтүүгө баланын алы жетсе, анда муну аткарсын. Бирок бут кетменинин учу толук көтөрүлүүсүн камсыз кылыңыз..
DVC Ch8 Page 83-10.png
бут кетменине байланган, кум толтурулган баштыкча
DVC Ch8 Page 83-11.png
автоунаанын же велосипеддин эски дөңгөлөгүнүн камерасынын бөлүгү
4. Бала көнүгүүлөрдү күндөлүк тиричилигинде өз алдынча аткарат.
Үй-бүлөсүнүн күндөлүк иштерине катышып жатып, булчуңдарын чоюп туруу аркылуу контрактуралардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берүүчү ыкмаларды жана жасалгаларды ойлоп чыгарууга аракет кылыңыз.
DVC Ch8 Page 83-12.png
Өйдөлүштө туруу же өйдөлүш боюнча чыгуу кылталарды чоюуга жардам берет
DVC Ch8 Page 83-13.png
жер жемиш чогултуу
DVC Ch8 Page 83-14.png
балдактарга карматылчу, көкүрөк тирөөчү кур
катуу сым
DVC Ch8 Page 83-15.png
DVC Ch8 Page 83-16.png
Кийим тигүүчү машинкеде иштөөдөн бут кетмендери чоюлуп, контрактураларга жол берилбейт. чочоюп отуруу жолу аркылуу таман сөөк - жото жилик муундарын чоюусун мүмкүн кылуучу, эки түркүккө орнотулган таяк





This page was updated:23 Май 2025