Hesperian Health Guides

Терапиялык чөмүлмөлөрдүн түзүлүштөрү

Бул бөлүмдө:

Адамдын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин көптөгөн түрлөрүнөн жапаа чеккендер, айрыкча мүчөлөрү ооругандыктан же булчуңдарында спазмдар болгондуктан көп кыймылдай албагандар үчүн сууда сүзүү жана ойноо мыкты көнүгүү жана терапия болуп эсептелет.

Ky DVC Ch15 Page 133-1.png
Эгер дарыя же көлмө коопсуз болсо жана анда ар кандай ооруларды козгоочу жандыктар жок болсо, балдар үчүн сууга чөмүлүү, анда сүзүү жана ойноо абдан пайдалуу.
DVC Ch15 Page 133-2.jpg
PROJIMO борборундагы бул “терапиялык бассейндин” анда туруу, сүзүү жана ойноо мүмкүн болгон, чоң жана терең бир бөлүгү, жана сууну таяныч катары колдонуп, басканды үйрөнгөн балдар үчүн тереңдиктери түрдүү, кууш келген эки “жалгыз аяк жолу” бар. Бул бассейнде дени соо балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар чогуу ойношот.

СУУСУ КҮНДҮН НУРЛАРЫ МЕНЕН ЖЫЛУУЧУ ЖАСАЛМА ЧӨМҮЛМӨЛӨР

Жылуу сууга чөмүлүү – өзгөчө пайдалуу. Суунун жылуулугу денеге өтүп, кандын дене боюнча жүгүрүүсүн жакшыртууга, дене мүчөлөрүнүн оорушун басаңдатууга жана булчуңдарды бошоңдотууга жардам берет.
a sun-heated pool
кара түстүү бекем полиэтилен
кумдан же жумшак топурактан турган катмар (же цемент колдонуңуз)
Жерге чуңкур казып, суусу жерге сиңип кетпеши үчүн, бетин полиэтилен менен каптап же цементтеп койсо болот. Күндүн нурлары сууну тезирээк жылытышы үчүн, кара түстүү полиэтиленди колдонуңуз же цементти кара түскө боёңуз (жашыл түс кара түскө салыштырмалуу көзгө жагымдуураак урунат).
a covered pool
Чөмүлмө колдонулбаганда, суунун үстүн тунук полиэтилен менен жаап койсо, суу күндүн нурларына тезирээк жылыйт.

КҮН НУРЛАРЫНА ЖЫЛЫГАН СУУСУ ТҮТҮК БОЮНЧА ƟЗҮ АЙЛАНЫП ТУРУУЧУ ЧӨМҮЛМӨ

a pool with a sun heater
Суусу токтобой айланып турушу үчүн, сууну жылытуучу желим түтүк түрмөгү чөмүлмөдөн төмөнүрөөк болууга тийиш.
Жылуу суу муздак сууга салыштырмалуу жеңилирээк болгондуктан, күн нурларына жылыган ысык суу жогору көтөрүлүп, бул жеринен чөмүлмөгө куюлат.
Муздаган суу бул жеринен сыртка чыгат
кара түстүү желим түтүк
Желим түтүк үстүнөн тунук полиэтилен менен жабылган




This page was updated:23 Май 2025