Hesperian Health Guides

Ооруган муундарга кантип кам көрүү керек

Бул бөлүмдө:

1. МУУНДАРДЫ ЭС АЛДЫРУУ
Муун канчалык катуу ооруса, аны ошончо көп эс алдыруу керек. Муунду бир топ кыймылдатып туруу да маанилүү, бирок ага күч келтирүүгө болбойт.
DVC Ch15 Page 132-1.png
Эгер муундар шишисе, аларды көтөрүп коюу жардам берет.
2. МУУНГА ЖЫЛУУ ЖЕ МУЗДАК БИР НЕРСЕ БАСУУ
Көп учурда, муунга жылуу (оң тараптагы төрт бурчтукту караңыз) же муздак бир нерсе басуу аркылуу анын оорушун басаңдатууга жана жакшыраак кыймылдоосуна жардам берүүгө болот. Мисалы, муздак бир нерсе катары музду кездемеге же сүлгүргө ороп алып, муунга 10 же 15 мүнөт бою басыңыз. Кайсынысы (жылуулук же муздактык) жакшыраак жардам берерин текшериңиз. Негизи, муздак бир нерсе ысып сезгенген муундарга, ал эми жылуу бир нерсе катып калгансыган ооруган муундарга жакшыраак жарайт.

Ысык суунун ордуна ысык момду колдонсо болот. Айрым адистер ысык мом ысык суудан пайдалуураак дегенге кошулушпайт, бирок артриттен кыйналган адамдар “ысык мом муундун оорушун басаңдатууга абдан жакшы жардам берет” дешет.


Аары момун же парафинди эригиче ысытыңыз (бирок өтө ысык болбошу керек – муну адегенде бармагыңыз менен текшериңиз). Колду же ооруган муунду өтө ысык эмес момго салыңыз. Колду момдон чыгарыңыз. Мом тез эле катып калат.
DVC Ch15 Page 132-7.png
DVC Ch15 Page 132-8.png
DVC Ch15 Page 132-9.png
Ал муздаганда, колду кайрадан момго салыңыз.
3. ООРУУНУ БАСУУЧУ ДАРЫЛАР
Негизи, эң жакшы жардам берүүчү каражат – бул аспирин же ибупрофен, анткени алар оорууну да, сезгенүүнү да жоёт. Дозаларын жана сактык чараларын караңыз.
Ky DVC Ch15 Page 132-10.png

Эскертме: Муун катуу ооруганда, кыймылдатпай бекем кармоочу шакшактар анын оорушун азайтууга жана контрактуралардын калыптанышына жол бербөөгө жардам берет.


4. МУУНДУН ТОЛУК КӨЛӨМДӨ КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН САКТООЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР
Муундарды күнүгө эки маал толук көлөмүндө кыймылдатып туруу маанилүү (айрыкча шакшактар колдонулган учурда). Эгер муну кылганда муун ооруса, адегенде ага жылуу же муздак бир нерсе басыңыз, анан аны абдан жай кыймылдатыңыз. Күчкө салбаңыз! (16- жана 42-бөлүмдөрдү караңыз.)
DVC Ch15 Page 132-11.png
5. СТАТИКАЛЫК (КЫЙМЫЛСЫЗ) КƟНҮГҮҮЛƟР
Мындай көнүгүүлөрдүн жардамы менен ооруган муундарды кыймылдатпай эле булчуңдарды бекемдөөгө болот. Мисалы, тизеси ооруган бала бутун бүкпөй эле, сан булчуңдарын түйүп көнүктүрүп туруу аркылуу аларды алдуу калыбында сактай алат. Бала булчуңдары чарчап, титирей баштамайынча, аларды түйүлгөн абалында кармоосу зарыл. Мындай көнүгүү булчуңдарды бекемдеп, алдуу калыбында сактайт. (КЫЙМЫЛСЫЗ КӨНҮГҮҮЛӨР жана Түрдүү муктаждыктар үчүн ар түрдүү кɵнүгүүлɵр.)
woman talks to a child
6. ДЕМЕЙКИ КҮНДӨЛҮК ИШТЕРДИ УЛАНТУУ
Муун ооруунун көпчүлүк түрлөрүндө бала жетишерлик активдүү болуусун улантуусу маанилүү. Ал ооруган муундарына күч келтирбей турган бардык демейки күндөлүк иштерин улантууга аракет кылышы керек. Негизи, орточо активдүүлүк сунуш кылынат, бирок инфекция курч мүнөздө жүргөн учурларда жана жаракаттарда денени бир нече күн бою толук бойдон эс алдыруу керек болушу мүмкүн.
DVC Ch15 Page 132-13.png




This page was updated:23 Май 2025