Көбүнчө бир нече муун ооруйт. (Сейрек учурларда гана бир эле муун катуу ооруп шишип баштайт, көбүнчө башка муундар дагы ооруйт.) Көп учурла адегенде кызыл ашыктар жана кырк муундар, андан кийин тизелер жана чыканактар ооруп баштайт. Ооруу муундан муунга өтүп, орду алмашып турушу мүмкүн.
Дене табынын катуу көтөрүлүүсү мүнөздүү (көбүнчө күтүлбөгөн жерден башталат)..
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Муундар ооруу жана дене табы катуу көтөрүлүү, негизи, дене табы көтөрүлүшү менен коштолуп, тамак катуу сезгенип ооругандан 1–3 жума өткөндөн кийин башталат.
Муундарды курчаган теринин астында шишимик тарткан түйүнчөлөр пайда болушу мүмкүн.
Кээде териде четтери даана эмес, тегерек сымал, кызгылт тактар пайда болот.
Катуулап өтүшүп же каралбай күчөп кеткен учарларда, жүрөктө көйгөйлөр пайда болот (жүрөк «шуулдап» согуу, оор дем алуу же көкүрөк ооруу).
Демейде 6 жума – 3 ай аралыгында абал оңолот, бирок абал кайрадан начарлашы ыктымалдуу.
Тамагы сезгенип ооруган сайын 10 күн бою (же такай, эгер жүрөк жабыркаган болсо) феноксиметилпенициллин колдонуңуз.
куракта башталат: Бардык курактарда, бирок көбүнчө 2–7 же 9–12 жаш аралыктарында башталат. Бир нече жылга созулат (көпчүлүк учурда баланын абалы ал жыныстык жактан жетилгенде жакшырып калат.
(also called juvenile rheumatoid arthritis or Still’s disease)
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Бир нече, көп же дээрлик бардык муундар оорушу мүмкүн.
(Балдардын ⅓ инде илдет бир гана муундун оорушу менен башталат, кийин башка муундар да оорушу мүмкүн.)
Муундар күчөп ооруганда, көп учурда дене табы бир аз көтөрүлөт. (Илдет дене табынын катуу көтөрүлүүсү менен башталуусу сейрек.)
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Демейде илдеттин алдында тамак сезгенип оорубайт.
Муундар катуу ооруйт, ысыйт, шишип кетет, көп учурда мындан булчуңдар алсыз болуп, контрактуралар жана деформациялар пайда болот.
Кээде териге бүдүр-бүдүр болуп исиркектер чыгып, кайра жоголуп турат.
Илдет бара-бара, кичинеден же күтүлбөгөн жерден катуу башталышы мүмкүн.
Бир көз же экөө тең кызарып, сезгенип (ирит оорусу), бул көздүн жабыркашыга адып кедищи мүмкүн.
Демейде илдет бирде басаңдап, бирде кайра күчөп, көп жылга созулат.
куракта башталат:
Көбүнчө 4–8 жаштагы эркек балдардыкы бузулат. Көбүнчө 11–16 жаштагы эркек балдардыкы чыгып кетет.
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Кашка жилик - жамбаш сөөк муундарынын бири ооруйт (экөө тең ооршу сейрек). Бузулуу:
Кашка жиликтин башы майдаланып, 2–3 жылда, барабара жаңыча калыптанат.
норма
Дартты так аныктоо үчүн, рентгено-граммасын алуу зарыл
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Бала аксап баса баштайт – көпчүлүк учурда бир жери ооруп жатканына арызданбайт.
Тизеси же саны (кээде жамбаш сөөк - кашка жилик мууну) ооруп жатканына арызданышы мүмкүн; бала бара-бара бутун сүрөттө көрсөтүлгөндөй көтөрө албай калат.
Мындай бузулуу орун алганда, эч нерсе кылбай эле койгон оң, бирок көптөгөн адистер азыр деле гипстөөнү, ортопедиялык жасалгаларды колдонууну же хирургиялык операция жасатууну сунуш кылышат.
Кашка жиликтин башы ашташынан чыгып кеткенде, аны хирургиялык операциянын жардамы менен ордуна орнотуп бекитүү зарыл болушу мүмкүн.
сөөктүн тышкы катмары (кемирчектүү өсүү пластинасы) сезгенүү
Мындай сезгенүүдөн бул жер шишип ооруйт (Рентгено-граммада көрүүгө болот.)
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Айрыкча абдан активдүү, күчтүү балдарда учурайт.
Секирүүдөн, чуркоодон же күчтү талап кылган көнүгүүлөрдү аткаруудан кийин ооруп башташы мүмкүн.
Ооруу толук басылмайынча (демейде буга 2–3 жыл кетет), күчтү талап кылуучу көнүгүүлөрдү аткарууну же спорт менен активдүү машыгууну токтого туруу зарыл.
Оорууну басуу үчүн, аспирин же ибупрофен колдонуңуз же ошол жерине жылуу (же муздак) бир нерсе басыңыз.
Ооруу бир топ жылга созулушу мүмкүн, бирок барабара ал да басылат, болгону, чегинен аша өскөн сөөктүү дөмпөйүү ошо бойдон калып калат
Муун «ысык»
куракта башталат: Бардык курактарда байкалат, бирок өтө кичинекей балдарда сейрек учура.
(дене табы көтөрүлүшү менен коштолгон) инфекциялуу сезгенүү (бактериялар: стафилококк, стрептококк, ич келтени козгоочу, ж. б.у.с. козгойт.)
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Жамбаш сөөк - кашка жилик, тизе же таман сөөк - жото жилик муундарынын бирөө
Бирден ашык муундун оорушу сейрек.
Көп учурда дене табы бир аз эле көтөрүлөт. Кээде дене табы, жок дегенде, башында, катуу көтөрүлөт.
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Кээде, муунду жабыркатып алуудан же ич келте сыяктуу илдет менен ооругандан кийин пайда болот.
Демейде күтүлбөгөн жерден башталат.
Муун көп учурда кызарып, ысып, шишип кетет.
Муун катуу бузулууга дуушар болуп, бул бара-бара анын башкача калыптанышына, катыгансып кыймылдабай калышына же сөөктүн ашташтан чыгып кетишине алып келиши мүмкүн.
Кайсы инфекциядан сезгенип ооруганын аныктаңыз (лабораториялык изилдөө талап кылынат).
Тийиштүү антибиотик менен дарылаңыз.
Дарылоонун баштапкы мезгилинде муунду кыймылдатып алуудан жана ага күч келтирүүдөн сактануу үчүн, шакшак колдонуңуз
Муун «муздак»
куракта башталат: Бардык курактарда учурайт, бирок көбүнчө жаш өспүрүмдөрдө жана жаш жигиттер менен кыздарда.
(дене табы көтөрүлүшү менен коштолбогон) же жай жүргөн инфекциялуу сезгенүү кургак учук (же сейрегирээк учурагандары – кулгуна (котон жара), гонорея же көк датка алып келүүчү илдеттер. Булар бул жерде каралбайт.)
Муун бара-бара чоңоюп же деформацияланып кетиши мүмкүн, бирок анча деле ысыбайт же кызарбайт
Көп учурда катуу ооруйт (кээде, сөөк же муун абдан чоң бузулууга дуушар болмоюнча, такыр оорубайт)
Дене табы көтөрүлбөйт
Бул жер жылуу жана жумшак болуп сезилет, жана шишип кетет
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Көп учурда, үй-бүлөдө кургак учук менен ооруп чыккандар бар.
Мындай балдардын жарымында гана өпкө кургак учугунун белгилери байкалат.
Териде Манту реакциясы текшерилгенде, денеде кургак учукту козгогучтардын бар болушу даана байкалат (мындай текшерүүнү кургак учукка каршы эмделбеген балдарда гана колдонууга болот).
Көп учурда (бирок бардык учурларда эмес) бала арыктап кетет же сыртынан оору-сыркоолуу көрүнөт.
Демейде муун ооруу кичинеден башталып, жай күчөйт. Андан соң ооруу бала бутун кыймылдата албай калгандай күчөп кетиши мүмкүн.
Муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөрдү күнүгө аткарып тургула.
Оорууну басуу үчүн, аспирин же ибупрофен колдонуңуз жана муунга жылуу бир нерсе басыңыз.
Булчуңдарынын күчүн сактоо үчүн, статикалык (кыймылсыз) көнүгүүлөрдү аткаргыла
Байламталарды чоюп же үзүп алуу
куракта башталат: Өспүрүмдөрдө же чоң кишилерде
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Бир гана муун ооруйт.
Муун адегенде ысып, шишип кетет
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Көбүнчө таман сөөк - жото жилик жана тизе муундары
Көп учурда, бутту катуу кайрып алуудан улам пайда болот.
Муун бошоп кетип, бир нече ай же жыл ушул абалында кармалышы мүмкүн. Аны кайрадан кайрып алуу же дагы башкача жакатуу оңой.
Кокустатып чоюп алгандан кийин дароо бир күн бою ага муздак бир нерсе, ал эми андан кийинки күндөрү жылуу бир нерсе басыңыз.
Муунду кыймылдатпай, туура абалда кармагыла.
Оорууну басуу үчүн, аспирин же ибупрофен колдонуңуз.
Муунду убактылуу кыймылдатпай кармоо үчүн, чоюлгуч же жабышма бандаж менен ороңуз же (оор учурларда) кызыл ашыкты гипстеп таңыңыз же ага ортопедиялык жасалганы кийгизиңиз.
Муундун бетин жабыркоо
куракта башталат: Өспүрүмдөрдө же чоң кишилерде
(мисалы, мениск айрылуу, бурсит)
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Көбүнчө бир гана муун ооруйт, көпчүлүк учурда, тизе
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Көбүнчө муунду кайрып, чоюп же жабыркатып алганда пайда болот.
Муун капыстан ооруй башташы же белгилүү бир мезгилдерде алсыз болуп калышы, андан соң кайрадан демейки абалына кайтып турушу мүмкүн.
Тизенин арткы жагындагы терисинин асты шишиши же анда “суюктук” чогулушу мүмкүн.
Муунду кыймылдатпай кармоо үчүн, чоюлгуч бандаж менен ороңуз.
Көп эс алсын, кыймыл аракеттерин чектесин.
Муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөрдү этияттап жасап тургула.
Оорууну басуу үчүн, аспирин же ибупрофен колдонуңуз.
Эгер көйгөй чечилбесе, адиске кайрылыңыз.
Кокустатып алуудан улам сөөк ашташынан чыгып кетүү
куракта башталат:
(Төрөт учурунда же өспүрүм куракта)
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Бир муун Көбүнчө кашка жилик, күң жилик жана кар жилик ашташынан чыгып кетет
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Муун адегенде катуу ооруп, алсыз болуп кетет.
Бир нече жума же айдан кийин (эгер сөөк ордуна коюлбаса) ооруу басаңдайт, бирок алсыздык сакталат.
Муун деформациялуу болуп көрүнөт
Ашташынан чыгып кеткен сөөктү (дароо же чыгып кеткен убактысынан көпкө калтырбай) тажрыйбалуу адиске ордуна койдуруңуз. Көптөн бери ордуна коюлбай кармалган же ашташынан жаңы эле чыгып кеткен сөөктөрдүн айрымдарын ордуна коюу үчүн, хирургиялык операция талап кылынышы мүмкүн.
Муунду (айрыкча ийинди жана тизени) ийкемдүү таңгыч менен бир нече жумага таңып карматып коюңуз.
Муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөрдү этияттап күнүгө жасап тургула.
Булчуңдар алсыз болуусунан же булчуңдардагы тең салмаксыздыктан улам сөөк ашташынан чыгып кетүү
куракта башталат: Полиомиелиттен жабыркаган же башка себептүү шалдыгы же артрити бар чоңоюп калган балдардаs
or muscle imbalance
Бир же бир нече муун ооруйт
Дене табы көтөрүлүү
Көбүнчө бир муун
оор бир нерсени көтөрүүдөн улам болгон, алсыз ийиндеги сөөк ашташынан чыгып кеткен
Дене табы көтөрүлбөйт
Башка белгилер
Дарылоо жана терапия ыкмалары
Муундар деформацияланып (демейкиден башкача калыптанып) кетет.
Бир жагын көздөй тарткан булчуңдар күчтүүрөөк болгондуктан же муунду курчаган булчуңдар ушунчалык алсыз болуп кеткендиктен сөөктөр тизедеги, ийиндеги, жамбаштагы, кызыл ашыктагы, чыканактагы ашташтарынан бара-бара чыгып кетиши мүмкүн.
Сөөк ашташынан чыгып кеткен.
Муундарды чоюу көнүгүүлөрүн этияттабай жасоодон сөөктөр ашташтарынан чыгып кетиши же мындай көйгөй ого бетер күчөшү мүмкүн.
Чыгып кеткен сөөктү ордуна коюп көрүңүз.
Сөөк ашташынан чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн дене абалдарынан оолак болгула.