Hesperian Health Guides
Ооруга каршы дарылар
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 15-БӨЛҮМ: Муундар ооруу > Ооруга каршы дарылар
- Булар оорууну гана басып тим болбостон, сезгенүүнү (шишүү жана муундун бети жабыркоо) да азайтат. Бул дарылар ушундай жол менен муундардын бузулушун токтотууга жардам берет. Парацетамол сыяктуу, оорууну басуучу башка дарылардын мындай таасирлери жок.
- Аспирин кымбат эмес. Ибупрофен бир аз кымбатыраак.
Аспирин көйгөй жаратпай, жакшы жардам бериши үчүн:
- Аны күнүгө өз убагында туура дозада ичип туруу зарыл.
- Ооруу атүгүл басаңдагандан кийин деле дарыны ошол эле дозада ичүүнү улантуу керек. Ушинткенде, муундар шишүү азайып, алар айыга баштайт.
САКТЫК ЧАРАЛАРЫ
A. Аспирин жана ибупрофен ашказанды жана көкүрөктү (зарына) оорутушу, атүгүл ашказандын тешилишине (ашказан жарасы) алып келиши мүмкүн. Буларга жеткирбөө үчүн: |
|
Б. Аспириндин муун шишүүнү азайта ала турган дозасы анын денени ууландыра ала турган дозасына дээрлик барабар. Кулакта зыңылдаган добуш пайда болуу – аспиринден уулануунун баштапкы белгиси. Эгер кулактар зыңылдай баштаса, мындай зыңылдоо такыр жоголмоюнча аспирин ичүүнү токтотуңуз. Андан соң аны кайрадан, бир аз азыраак дозада иче баштаңыз. |
B. Аспиринди балдар жетпеген жерде сактаңыз. |
АСПИРИНДИН ЖАНА ИБУПРОФЕНДИН АРТРИТКЕ ЖАНА КУРЧ МҮНӨЗДӨГҮ РЕВМАТИКАЛЫК КАЛТЫРАТМАГА КАРШЫ КОЛДОНУЛУУЧУ ДОЗАЛАРЫ:
Төмөндө келтирилген дозалар – сезгенүүнү токтотууга жетиштүү дозалар. Алар ооруу басууга жана дене табынынын көтөрүлүүсүн азайтууга жетиштүү дозалардан эки эсе көп.
Аспирин |
Чоң кишилерге арналган аспирин көбүнчө 300 же 500 мг-дык таблеткалар түрүндө, балдарга арналган түрү – 81 мг-дык таблеткалар түрүндө чыгарылат. Аспириндин сизге жеткиликтүү таблеткаларынан анын туура дозасын ченеп алуу шарт. Аспириндин дозасы – 80-100 мг/кг/күнүнө, 4–6 маалга тең бөлүштүрүп. Мисалы, салмагы 25 кг бала күнүгө 2000–2500 мг же, башкача айтканда, 500 мгдык таблеткадан күнүнө 4–5 маал (дайыма тамак же көп суу менен кошо) ичет. Абал абдан катаал болгондо, дозаны 130 мг-га (мг/кг/күнүнө) чейин көбөйтсө болот (5–6 маалга тең бөлүштүрүп). |
500 мг-дык таблеткалар колдонулгандагы дозалары: Чоң кишилерге: 2–3 таблеткадан, күнүгө 4–5 маал. |
Ибупрофен |
Ибупрофен көбүнчө 200 мг-дык таблеткалар түрүндө чыгарылат.
Эгер муундар шишибесе, оорушун басуу үчүн, ацетаминофен (тайленол, парацетамол) колдонуңуз. 1 жашка чыга элек балага аспиринди же ибупрофенди берүүгө тыюу салынат. Оорууну басуучу башка дарылар тууралуу Where There Is No Doctor (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн”) деп аталган китептин жашыл беттерин караңыз. |