Hesperian Health Guides

15-БӨЛҮМ: Муундар ооруу

Бул бөлүмдө:

DVC Ch15 Page 129-1.png


Балдардын муундарынын оорушунун себептери көп. Дарылоо ыкмасын себебине жараша тандоо керек болушу мүмкүн. Кийинки 2 бетте келтирилген тизмек баланын муундары эмне себептен узак убакыт (өнөкөт) басылбай оорушун аныктоого жардам берет. Бирок мындай ооруунун азыраак учураган башка себептери да болушу мүмкүн. Кээде, себебин так аныктоо үчүн, лабораториялык изилдөөлөр керек болушу ыктымал.

Муун ооруунун белгилүү бир түрлөрүн, айрыкча инфекциядан пайда болгондорун, атайын ыкмалар менен дарылоо зарыл. Ошентсе да, денени кароонун жана терапиянын айрым негизги принциптери муун ооруунун көпчүлүк түрлөрүнө, ар биринин өзүнүн бөтөнчө себеби бар болгонуна карабастан, туура келет. Кийинки 2 беттеги, муун ооруунун себептерин камтыган тизмектен муун оорууга карата чара көрүүнүн кээ бир жалпы принциптерин көрсөңүз болот. Бул принциптер ювенилдик артритке арналган 16-бөлүмдө толугураак сүрөттөлүп келтирилген.

Муун ооруу менен коштолгон, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге арналган үч бөлүм: “Ювенилдик артрит” (16-бөлүм), “Курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма” (17-бөлүм) жана “Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттери” (18-бөлүм). Бирок артрит (муун ооруу жана бузулуу) шалдыктан же булчуңдардын тең салмактыгы бузулуусунан улам дененин абалы бузулушу же сөөктөр муундарында бурулуп калуусу менен коштолгон илдеттерде (кайсы гана болбосун) байкалышы мүмкүн. Полиомиелиттен жабыркап калган балдардын көбүнүн айрым сөөктөрү ашташтарынан чыгып кетип, бул ооруу менен коштолот, же, алар чоңойгондо, артрит оорусу пайда болот.

Эскертме: Кийинки беттердеги тизмек муундун убактылуу оорушуна алып келүүчү жугуштуу оорулардын көбүн камтыбайт. Негизи, мындай оорулар узакка созулуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге алып келбейт. Муундун убактылуу оорушуна алып келүүчү ооруларды так аныктоо жана дарылоо тууралуу толугураак маалымат үчүн коомчоңуздагы медициналык-санитардык кызматчыга кайрылыңыз же Where There Is No Doctor (“Үйбүлөнүн ден соолугу үчүн”) деп аталган китеп сыяктуу медициналык маалымат булактарынан издеңиз.


ЭСКЕРТҮҮ! Окшош ооруларды бир бири менен алмаштырып албоого аракет кылыңыз. Балдардын муундарынын оорушунун себептеринин ичинен эң көп учураган экөө – курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма жана ювенилдик артрит. Жадагалса кээ бир доктурлар жана коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылар буларды бир бири менен алмаштырып, ювенилдик артритти курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма деп аныктап жаңылышат. Чынында эле бул эки илдеттин окшоштуктары бар. Бирок курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма дээрлик дайыма адамдын дене табы көтөрүлүп, тамагы сезгенип ооруп бир сыйра сыркоолоп чыккандан кийин пайда болот. Эгер баланын тамагы сезгенип ооруган эмес болсо, муундары курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратмадан эмес, башка себептен улам ооруп жатат болуш керек. Бирок эгер буга күмөнүңүз бар болсо, сактык үчүн 10 күн бою пенициллин кабыл алуу туура болушу мүмкүн. Пенициллиндин дозалары боюнча маалыматты караңыз.

Муундардын оорушунун эң көп учураган себептеринин ортосундагы айырмачылыктарды жакшылап билип алыңыз. Эгер өзүңүзгө ишенбесеңиз, бул маселеде көбүрөөк тажрыйбасы бар башка бирөөдөн жардам издеңиз.




This page was updated:23 Май 2025