Hesperian Health Guides

ЭТ ОЮЛУУНУ ДАРЫЛОО

Бул бөлүмдө:

Денеде эт оюлуунун баштапкы белгилери пайда болуп бараткан-баратпаганын аныктоо үчүн, бүтүндөй денени күнүгө текшерип тургула. Күзгүнүн жардамы менен денесин текшерип турууну балага үйрөтүңүз.
A person lying on side examining his back with mirror

Эгер жаранын баштапкы белгилери (кызаруу, караруу же тери сүрүлүү) пайда болсо, дененин абалын өзгөртүп, анын кысылып кала берген жерлерин коргоо үчүн, жумшак төшөнчү колдонуңуз.

a towel rolled up and made into a circle

Дененин чоң бөлүктөрүн (мисалы, омуртка тутумунун төмөнкү бөлүгүндөгү уркуйган сөөктөр) кысылып калуудан сактоо үчүн, орусча “скутер” деп аталган кичирээк мотоунаанын дөңгөлөгүнүн камерасына аба толтуруп колдонуп көрсөңүз болот. Денеден чыккан терди сиңирип алуусу үчүн, камеранын үстүнө сүлгүр салып коюңуз. (Тердеген тери резинага сүрүлгөндө да, жара пайда болушу мүмкүн.)


ЭСКЕРТҮҮ!

Дененин кичине бөлүктөрүндөгү (мисалы, согончок) жараны басылып калуудан сактоо үчүн, кездемени эч качан тогоо формасына келтирип колдонбоңуз. Анткени мындай формадагы кездеменин ортосунда калган жерге кан барбай, жара калып, жара ого бетер күчөп кетиши мүмкүн.
a towel rolled up tightly and made into a circle

БОЛБОЙТ!

ЭГЕР ЭТ ОЮЛУУ ПАЙДА БОЛУП КАЛГАН БОЛСО:

a man lying on belly on a wheel lying cart helping a child walk
Параплегиясы бар бул жигиттин жамбашында чоң эт оюлуу бар. Жара айыкмайынча, ал отурбоого тийиш. Жигит курсагына жатып алып ары-бери которулуусу үчүн, айылдагы реабилитологдор ага бул арабаны жасап беришкен. Сүрөттө ал жаш балага басканды үйрөтүп жатат. (Сүрөттүн автору Жон Фаго.)
  • Эт оюлуу пайда болгон бөлүктөгү ткандарды басылып калуудан толук сактаңыз.
  • Бул бөлүктү толук таза боюнча кармаңыз. Аны күнүгө эки маал таза же кайнатылган суу менен абайлап жууп туруңуз. Спирт суюктуктарын, йод, мертиолат же башка күчтүү антисептиктерди пайдаланбаңыз.
  • Жакшы тамактануу камсыз кылынууга тийиш. Эгер жарадан көп суюуктук бөлүнүп чыкса, анын ичинде көп протеин жана темир бар болгондуктан, дене буларды көп жоготот. Тезирээк айыгуу үчүн, адам бул заттарды кайрадан толуктоосу зарыл. Эгер анемиянын белгилери байкалса, курамында темир бар таблеткаларды кабыл алгыла. Протеинге бай азыктарды (буурчактын, жасмыктын түрлөрү, жумуртка, эт, балык, сүт азыктары) жеп тургула.
  • Эт оюлуу пайда болушу ыктымал бөлүктөрдү ушалабыңыз же аларга укалоо (массаж) жасабаңыз. Анткени ансыз да алсыз жумшак ткандар айрылып, анын астындагы бузулуу чоӊоюп кетиши мүмкүн

ЭГЕР ЖАРА ТЕРЕӉ БОЛСО ЖАНА АНДА ӨЛҮП КАЛГАН ТКАНДАР КӨП БОЛСО:

a side angle picture of an open sore
ачык жара
Өлүк ткандар боз же кара болуп же жашыл же сары тартып көрүнүшү мүмкүн. Ал инфекцияланган болсо, андан жаман жыт келиши ыктымал.
Water is sprayed through a syringe onto the wound
Жараны жууш үчүн, пластиктен же айнектен жасалган шприцти колдонгон жакшы. Шприцти пайдалангандан кийин, аны дайыма самындуу суу менен жакшылап чайкап жууӊуз.
  • Жараны күнүгɵ 3 маал тазалаңыз.
  • Өлүп калган ткандарды кырып, жараны улам тазалап туруу зарыл. Жара сиз ойлогондон чоңураак экенин далай жолу көрөсүз. Жаранын тери астындагы тереңдиги чоң болушу мүмкүн. Өлүк ткандарды астындагы кызыл тирүү ткандарга (же сөөккө!) жеткиче кичинеден тазалап алып салыңыз.
  • Жараны ушинтип тазалагандан кийин, аны дайыма самындуу суу менен жууңуз. Эгер мүмкүн болсо, хирургиялык атайын суюк самынды колдонуңуз. Андан кийин жараны таза суу (кайнатылып, анан суутулган) менен чайкаңыз.


Эгер жара инфекцияланган (ириң, жагымсыз жыт, шишүү, кызаруу, жаранын айланасы ысуу же адамдын дене табы көтөрүлүп, ал чыйрыкса) болсо, коомчоңуздагы тажрыйбалуу медициналык-санитардык кызматчыга кайрылып, төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Жараны күнүгɵ 3 маал жогоруда түшүндүрүлгөндөй тазалап туруӊуз.
  • Эгер мүмкүн болсо, жарадагы инфекция микрожандыктардын кайсы түрүнөн козголгонун жана кайсы дарылар эң ылайыктуу экенин аныктоо үчүн, бейтапты клиникалык лабораторияга алып барыңыз.
  • Эгер экинчи пункуттагы кеңешти аткаруу мүмкүн болбосо, бейтапты эритромицин, доксициклин же диклоксациллин менен дарылаңыз. (19- бөлүмдү караңыз.)


Эгер жаранын абалы жакшырбаса, же андан улам суюктук же ириң чыкса, анын астындагы сөөк инфекцияланган болушу мүмкүн. Мындай учурда атайын текшерүү, дарылоо жана, балким, хирургиялык кийлигишүү керек болушу ыктымал. Бейтапты тийиштүү медициналык борборго алып барууга аракет кылыңыз. (19- бөлүмдү караңыз.)

Эт оюлууларды дарылоонун эки элдик ыкмасы

ПАПАЙЯ

papaya fruit cut open

Папайяда өлгөн ткандарды эритүүчү энзимдер (химиялык заттар) бар. Ашпозчулар аны эт жумшартуу үчүн колдонушат. Так ошол энзимдер эт оюлуудагы өлүк ткандарды жумшартып, аны алып салууну жеңилдетүүгө жардам берет. Адегенде өлүк ткандары бар жараны тазалап жууңуз. Андан кийин стерилдүү кездемени же марлини папайя дарагынын сөңгөгүнөн же жашыл мөмөсүнөн алынган “сүтүнө” малып, аны жарага басыңыз. Бул ыкманы күнүгө 3 маал аткарып туруу зарыл.

БАЛ ЖАНА ШЕКЕР

DVC Ch24 Page 202-2.jpg
Айылдагы реабилитолог бул жигиттин жараларын бал менен шекердин аралашмасы менен дарылап жаткан учуру.

Жара өлүк ткандардан тазаланып бүткөндөн кийин, күнүгө 2 же 3 маал ага бал же шекер толтуруп туруңуз – бул ыкма жара инфекциялануусуна жол бербөөгө жана тезирээк айыгуусуна жардам берет. Байыркы Египеттиктер тарабынан пайдаланылган, азыркы доктурлар тарабынан жакында эле кайрадан колдонула баштаган бул ыкма абдан эффективдүү. Учурда бул ыкма Американын жана Британиянын кээ бир бейтапканаларында колдонулууда.

Жараны толтурууну жеңилдетүү үчүн, балга кадимки шекерди кошуп, коюу паста болгуча аларды аралаштырыңыз. Даярдалган аралашманы жарага оңой эле терең киргизсе болот. Андан кийин жараны бир нече катмарлап бүктөлгөн, калың марли менен жаап коюңуз.

ЭСКЕРТҮҮ! Жараны күнүнө жок дегенде 2 маал адегенде тазалап, анан аны кайрадан аралашма менен толтуруп туруу маанилүү. Эгер бал же шекер жарадан чыккан суюктукка салыштырмалуу өтө суюлуп кетсе, анда ал микробдорду жок кылгандын ордуна, аларга тамак болуп, тескерисинче, аларды көбөйтүп жиберет.

Орусча “патока” деп аталган затты да пайдаланса болот. Колумбияда (Түштүк Америка) доктуралар шекер кайышынын бетинен ичке бөлүктөрүн тилип, буларды жарага колдонушат.




This page was updated:30 Дек 2025