Hesperian Health Guides
19-БӨЛҮМ: Сөөк инфекциялары
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 19-БӨЛҮМ: Сөөк инфекциялары
Сөөктөрдүн өнөкөт (узакка созулган) инфекциялары адам жылаңайлак жүргөндүктөн ар түрдүү жаракаттар жана оорулар далай орун алган айыл жергесинде кыйла көп учурайт. Мындай инфекцияларды көк датка алып келүүчү жандыктардын (грибок) же бактериялардын (алардын ичинде ич келтеге, кургак учукка алып келүүчүлөрү жана стафилококк) көптөгөн түрлөрү козгойт. Далай учурларда мындай инфекциялар көп жылдап созулуп, сөөктөрдүн бузулушуна жана адамдын ден соолук мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу чектелүүсүнө алып келет.
Жаракаттары, күйүктөрү жана эт оюлуулары каралбай калган, алакан-манжаларында жана бут кетмендеринде сезгичтиги жоголгон адамдарда сөөк инфекциялары көп учурайт. Мындай категориядагы адамдарга жүлүн чуркусу, пес оорусу бар жана жүлүнү жабыркаган адамдар да кирет. Мындай адамдарда бир жери ооруганы сезилбегендиктен, алар денелеринин жабыркаган бөлүктөрүн эс алдырышпайт, тазалашпайт жана коргошпойт. Натыйжада ошол бөлүктөрүнө инфекция кирет. Инфекция улам терең кирип отуруп, бара-бара сөөктөргө чейин жетет.
ЖАРАКАТТАРДЫ ЖАНА ЖАРАЛАРДЫ ЭРТЕЛЕП ТУУРА ДАРЫЛАП БАШТОО АРКЫЛУУ СӨӨКТӨР ИНФЕКЦИЯЛАНУУСУНА ЖЕТКИРБӨӨГӨ БОЛОТ.

Пес (Хансен) оорусу менен ооруган адамда кээде орун алчу, дене бөлүктөрүн жоготуу көйгөйүнө ошол пес оорусун козгогон микрожандыктар себеп эмес. Адам жаракат алып, бирок денесинин жабыркаган бөлүгү оорубагандыктан, адам ага көңүл бурбай калганда, сөөктөргө жетип, аларды жабыркаткан башка микрожандыктар бар. Ошолор дене бөлүктөрүн жоготуу көйгөйүнө алып келет.
Сөөктөрдүн өнөкөт инфекциясынын белгилери

- Уркуйган сөөктүн үстүндөгү териде улам айыгып жабылып, анан кайрадан ачылып, ириң суюлтуп турган кичинекей терең жаралар болот. Жараланган жер бара-бара чоңоюп, дагы жаңы жаралар пайда болот.
- Жаралуу жер оорушу же оорубашы деле мүмкүн.
- Суюлган ириңден жаман жыт келиши же ал жыттанбашы деле мүмкүн.
- Дене табы көбүнчө көтөрүлбөйт. Бирок эгер бул биринчи жолу болуп жатса (кээде) же инфекция канга өтүп кетсе, дене табы көтөрүлөт.
- Көпчүлүк учурда инфекция антибиотиктердин жардамы менен сонун эле басылат, бирок улам кайта пайда боло берет.
- Инфекцияланган сөөк бара-бара жооноюп кетиши мүмкүн, анткени анын ички бөлүгү улам бузулуп, анын үстүндө улам жаңы катмар пайда болуп турат.
Дарылоо
- Мүмкүн болушунча, тажрыйбалуу доктурдан жардам алууга аракет кылыңыз.
- Пенициллин же ванкомицин сыяктуу антибиотиктер менен туура дозаларында эртелеп дарылап баштоо аркылуу инфекцияны кээде толугу менен жок кылууга болот. Ошондо инфекция кайта пайда болбойт. Эгер мүмкүн болсо, ириңди лабораториялык изилдөөдөн өткөрүп, анда кайсы инфекция бар жана ага дарылардын кайсынысы баарынан ылайыктуураак келерин аныктоо зарыл. Демейде дарыны узак убакыт (бир нече ай) бою ийне аркылуу венага киргизип берүүгө туура келет.
- Эгер ириңди лабораторияда изилдөө мүмкүн болбосо, инфекцияны феноксиметилпенициллин же диклоксациллин менен дарылап көрүүгө болот. Дарынын салыштырмалуу чоң дозаларын колдонуу керек. Тийиштүү дозаларын жана сактык чараларын “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталаган китептен караңыз, же, профессионалдык медициналык жардам алуу үчүн, доктурга кайрылыңыз.
- Инфекциялуу өлгөн сөөктү алып салуу үчүн, хирургиялык операция зарыл болушу мүмкүн.
- Кээде ампутациялоо зарыл болот.
- Атүгүл дарылоо иш-чаралары абдан эффективдүү жүргүзүлгөндө деле, эч көйгөйү жок өткөн бир нече айдан же атүгүл жылдан кийин жаралар кайрадан ачылып, инфекциялуу сөөк ириңдей башташы мүмкүн.
Реабилитация жана көмөкчү каражаттар
![]() |
Сөөгүнө инфекция жуккан (остеомиелит) аялдын бут кетмениндеги, сөөгүнө чейин жеткен чоң тешик. Бул көйгөйү мындан 30 жыл мурун ал бала кезинде эле башталган. |
Кандай реабилитация же ортопедиялык каражаттар керек болору бузулууга дуушар болгон сөөк тканынын көлөмүнөн көз каранды. Кээде хирургиялык операция мүмкүн эмес болот, же адам денесинин бөлүгүн кестирүүдөн көрө көйгөйү менен жашоону артык көрүшү ыктымал. Алдын алуу, реабилитациялоо жана көмөкчү каражаттар тууралуу маалыматтарды эт оюлууга, пес оорусуна жана ортопедиялык аппараттарга арналган 24-, 26- жана 58-бөлүмдөрдөн издеңиз.

Сөөк чоң бузулууга дуушар болгондо, мүчөнү ордунда бекем кармоочу атайын жасалга басуусун жеңилдетүүгө адамга жардам бериши мүмкүн.