Hesperian Health Guides

24-БӨЛҮМ: Эт оюлуу

Бул бөлүмдө:

БУЛ ЭМНЕ?

“Эт оюлуу” деп, адам денесинин сөөк уркуйган бөлүгүнө өтө узак убакыт басым келтирип, кыймылдабай жатканда же отурганда, ошол бөлүктө пайда болуучу жараларды айтышат. Тери керебетке же отургучка басылып калганда, астындагы кан тамырлар кысылып жабылып, ошол жердеги тери менен астындагы жумшак ткандарга кан менен кычкылтек келбей калат. Эгер адам өтө узак убакыт кыймылдабай же оодарылбай жата берсе, ошол жердеги тери жана жумшак ткандар бузулууга дуушар болушу же өлүп калышы мүмкүн. Адегенде анда кызыл же кара түстүү так пайда болот. Эгер бул жер басылуу токтобосо, анда ачык жара калыптанышы ыктымал. Жара адегенде териде башталып, анан жумшак ткандарга өтөт, же дароо жумшак ткандардын өзүндө, тагыраак айтканда, сөөктүн жанында башталып, анан бара-бара териге жетиши мүмкүн.

women lying on her side showing pain on upper thigh
Дененин бул жеринде – кашка жиликтин башынын тушунда эт оюлуу көп пайда болот.

Эт оюлуу көбүнчө кимде орун алат?

Дени соо адам узак убакыт бир абалда жатканда же отурганда, адегенде ал өзүн ыңгайсыз сезе баштайт же атүгүл бир жери ооруй баштайт. Ошондо ал турат же оодарылат. Муну менен эт оюлуу пайда болуусуна жол берилбейт. Эт оюлуулар көбүнчө төмөнкү адамдарда пайда болот:

1. ооруп же алсырап тургандыктан же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан өз алдынча оодарыла албаган адамдарда. Мындай адамдарга полиомиелиттен жабыркап калгандар, мээси жабыркагандар, булчуңдар дистрофиясы күчөп кетип же катуу жаракат алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелип калгандар кирет.
2. денесинин бөлүктөрүндө сезгичтиги жок болгондуктан, денеси жабыркап жатканын билдирүүчү оорууну же ыңгайсыздыкты сезе албаган адамдарда. Буларга жүлүнү жабыркагандар, жүлүн чуркусу барлар жана пес оорусу менен ооругандар кирет.

ЭСКЕРТҮҮ! Жүлүнү жабыркаган адамдар, биринчиден, оодарыла албагандыктан, экинчиден, денесинин бөлүктөрүндө сезгичтиги жоголгондуктан, денесинде эт оюлуулар пайда болуу ыктымалдыгы кыйла жогорулайт.

3. колунда же бутунда гипстүү таңуусу (мисалы, контрактураны оңдоо же сынган сөөктү айыктыруу үчүн) бар адамдарда. Мындай таңуудан дененин сөөк уркуйган бөлүктөрү көбүрөөк басылып калат. Басылып калган жерлер башында ооруйт – бала ыйлашы же зарданышы мүмкүн. Басылып калган жердин сезгичтиги бара-бара жоголуп, бала зардануусун токтотот, бирок ал жери жараланып кетиши мүмкүн.

Бут кетмендеринде сезгичтиги жок балдар гипстүү таңууларды колдонгондо, аларда эт оюлуу ыктымалдыгы жогорулайт. Мындай балдарда атүгүл ортопедиялык бут кийимден же мүчөнү ордунда бекем кармоочу атайын жасалгадан эт оюлуу тез эле башталып кетиши мүмкүн – андыктан өтө этият болуу керек.

Эт оюлуу көбүнчө дененин кайсы бөлүктөрүндө пайда болот?

bottom of the foot with sore sites
Cезгичтиги жоголгон таманда эт оюлуулар көбүнчө бул жерлерде пайда болот.

Эт оюлуулар дененин сөөк уркуйган бардык бөлүктөрүндө пайда болушу мүмкүн. Эт оюлуу көбүнчө каерде пайда болору бул сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.

Эт оюлуу пайда болуу ыктымалдыгы эң жогору болгон жерлер – жамбаш сөөк бөлүк – ЧОҢ ТАМГА менен белгиленген.

male standing facing front with sore sights depicted
кызыл ашыктын ички бетинде жана бут бармагынын түбүндө (гипстүү таңуудан же бут кийимден пайда болот)
тизенин алдынкы бетинде
жамбаш сөөктүн кырында
КАШКА ЖИЛИКТИН ҮСТҮНКҮ УРКУЙГАН БӨЛҮГҮНДӨ (сандын үстүнкү капталкы бөлүгү)
тизенин каптал бетинде жана жото жиликтин үстүнкү бөлүгүндө
кызыл ашыктын сырткы бетинде
male standing facing back  with sore sights depicted
кежигеде
далыларда
ийинде
чыканакта
тизелердин ички беттеринде
ЧЫЧАҢДА (ОМУРТКА ТУТУМУНУН ТҮБҮ)
ЖАМБАШТА (көпкө отурганда жамбаш сөөктүн уркуйган бөлүктөрүнө болгон басымдан)
согончоктун арткы бетинде

Эт оюлуу канчалык кооптуу?

skull with cross bones
a foot cast with extra padding
Квадриплегиясы бар 15 жашар кыздагы бул эт оюлуулар бал жана шекер менен дарыланып, 2 айда айыккан.

Эт оюлууларга көңүл бурулбаса, алар кеңейип жана тереңдеп чоңоюп кетиши мүмкүн. Жараларда теринин жана жумшак ткандардын өлгөн бөлүкчөлөрү бар болгондуктан, алар тез эле инфекцияланып кетет. Эгер жара тереңдеп отуруп, сөөккө жетсе (далай учурда так ушундай болот), сөөк да инфекцияланып кетиши ыктымал. Сөөктүн инфекциялануусун айыктыруу көпчүлүк учурда абдан оор (жана чыгымы көп). Сөөк инфекциялары бир нече жылдап созулушу мүмкүн, жана баштапкы эт оюлуудан пайда болгон жара айыккандан кийин деле улам кайрадан козголо бериши ыктымал. (“Сөөк инфекциялары” деп аталаган 19-бөлүмдү караңыз.) Сөөктөрдүн инфекциялануулары ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген деформацияларга алып келиши мүмкүн.

Тереңдеп кеткен эт оюлуулардагы инфекциялар канга өтүп, дене табын кыйла көтөрүп, бүтүндөй денеге терс таасирин тийгизет (сепсис). Мындай жагдайда адам өлүп калышы мүмкүн. Негизи, эт оюлуулар – жүлүнү жабыркаган адамдарды өлүмгө дуушар кылган негизги бузулуулардын бири.

Жүлүнү омуртка тутумунун өйдөкү бөлүгүнөн жабыркаган (квадриплегия) адамдарда дененин эт оюлууларга реакциясы капыстан баш катуу ооруп баштоо жана кан басымы көтөрүлүү түрүндө байкалышы мүмкүн (дисрефлексия). Мындай абал дагы адамдын өмүрүнө коркунуч туудурушу ыктымал.

Эт оюлуулар канчалык көп учурайт?

Денесинин бөлүктөрүндө сезгичтиги жоголгон адамдарда эт оюлуулар абдан көп учурайт. Эт оюлуулар бай өлкөлөрдө жашаган, жүлүнү жабыркаган адамдардын көпчүлүгүндө жана жакыр өлкөлөрдө жашаган, мындай көйгөйү бар адамдардын бардыгында орун алат. Эт оюлуулар, көбүнчө, адам омуртка тутумун жабыркатып алгандан кийин көп өтпөй, бейтапканада, медайымдардын канааттандырарлык эмес кароосунан улам башталат. Андыктан, жүлүнү жабыркаган адамдардын үй-бүлөлөрү жана мындай адамдар өздөрү эт оюлууларга жол бербөөнүн жана аларды эртелеп дарылап баштоонун жол-жоболорун мүмкүн болушунча эртерээк үйрөнүп, бардык зарыл чараларын көргөнү маанилүү.




This page was updated:30 Дек 2025