Hesperian Health Guides
МУУНДАРДЫН КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА БУЛЧУҢДАРДЫН КҮЧҮН ТЕКШЕРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 4-БӨЛҮМ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы карап текшерүү жана анын жалпы абалына баа берүү > МУУНДАРДЫН КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА БУЛЧУҢДАРДЫН КҮЧҮН ТЕКШЕРҮҮ
Физикалык активдүүлүгүн бузган илдеттери бар балдардын айрым булчуңдары алсыз же “шал” болушу мүмкүн. Мунун натыйжасында, дененин кээ бир бөлүктөрү анын соо бөлүктөрүнө салыштырмалуу азыраак же начарыраак кыймылдайт.
Булчуңдарда күч жоголуу жана активдүү кыймылдоонун аздыгы убакыт өткөн сайын муундардын ийкемсиздигине же булчуңдардын контрактураларына (8-бөлүмдү караңыз) алып келиши мүмкүн. Мындан улам дененин жабыркаган бөлүгү нормадагыдай толук көлөмүндө кыймылдай албай калат.
Мазмуну
АКТИВДҮҮ КЫЙМЫЛ
Нормада ийин булчуңдары колду тик тургузуп көтөрө алат | Ийин булчуңдары шал болгондо, бала колун өз алдынча көтөрө албай калат |
![]() |
![]() |
Бала, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, өз булчуңдарынын жардамы менен колун көтөрсө, бул АКТИВДҮҮ КЫЙМЫЛ деп аталат. |
ПАССИВДҮҮ КЫЙМЫЛ
Шал болуп калган колду башында башка бирөө тик тургузуп көтөрө алат. Муну ПАССИВДҮҮ КЫЙМЫЛ деп аташат. | Эгер күнүгө көнүгүү аткаруу аркылуу колдун кыймылдоо ийкемдүүлүгүнүн амплитудасын сактабаса, ал бара-бара кыскарып кетет. |
![]() |
![]() |
Эми колду атүгүл башка бирөөнүн жардамы менен дагы тик көтөрүү мүмкүн эмес. |
Булчуңдарында алсыздык, шалдык же жаракаттан же күйүүдөн калган тырыгы бар же муундары ооруган баланы физикалдык текшерүүдөн өткөргөн учурда, контрактуралары же башка көйгөйү бар болушу мүмкүн деп шектенткен, денесинин бардык бөлүктөрүнүн КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮНӨ жана БУЛЧУҢДАРЫНЫН КҮЧҮНӨ көңүл буруп, бул маалыматты кагаз бетине түшүрүп жазып алуу маанилүү. Мунун 2 себеби бар:
- Дененин кайсы бөлүктөрүндө контрактуралар бар же кайсы бөлүктөрү алсыз экенин жана көйгөй канчалык олуттуу экендигин билсек, баланын кыймылдоосу эмне себептен ушундай экенин же ал эмне үчүн аксап басарын түшүнүүгө бизге жардам берет. Мындай маалымат кандай иш-аракеттер, көнүгүүлөр, ортопедиялык аппараттар же дагы башка чаралар бала үчүн пайдалуу болушу мүмкүндүгүн аныктоого көмөк берет.
- Эгер булчуңдарындагы күчтүн жана муундарынын ийкемдүүлүгүнүн өзгөрүүсүн такай каттап турсак, баладагы белгилүү көйгөйлөр азайып же, тескерисинче, күчөп баратканын байкоого мүмкүнчүлүк берет. Андыктан, үзгүлтүксүз текшерип туруу көнүгүүлөр, ортездер, шакшактар же башка көрүлгөн чаралар канчалык жардам берип жатканын, баланын абалы жакшырып баратканын (эгер ошондой болсо) жана бул канчалык тез болуп жатканын баалоого шарт түзөт.
Муундардын ийкемдүүлүгүн жана булчуңдардын күчүн текшерүү үчүн, адегенде булардын көрсөткүчтөрү нормада кандай экенин билип алган оң. Муну жакшылап өздөштүрүү үчүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелбеген, соо балдарды текшерип көнүксөңүз болот. Бул балдар сиз текшере турган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар менен бир куракта болууга тийиш. Муну эске алуу эмне үчүн маанилүү? Анткени ымыркайлардын булчуңдары чоңоюп калган балдардын булчуңдарына салыштырмалуу алсызыраак, ал эми муундары кыйла ийкемдүүрөөк болот. Мисалы:
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
Ымыркайдын омуртка тутуму жана кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтары ушунчалык ийкемдүү болгондуктан, ал буттарына жатып алууга жөндөмдүү болот. | Бир аз чоңоюп калган жаш баланын ийкемдүүлүгү азыраак, бирок ал демейде колдору менен бут манжаларына жете алат. | 11–14 жаштагы бала үчүн бут манжаларына жетүү кыйыныраак. Анын буттары денесинин үстүнкү бөлүгүнөн тезирээк өскөндүктөн узунураак келет. | Кийин дененин үстүнкү бөлүгү буттардын өсүүсүн “кууп” жетет. Бала үчүн кайрадан колдору менен бут манжаларына жетүү оңоюраак болуп калат. |
Ар түрдүү балдарда (кээде бир эле балада) кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарында, тизелеринде, таман сөөктөрүнүн шыйрактар менен ашташтарында, бут кетмендеринде, бут манжаларында, ийиндеринде, чыканактарында, кырк муундарында, алакандары менен манжаларында, аркасында, далыларында, мойнунда жана жаактарында булчуңдардын күчүн жана муундардын ийкемдүүлүгүн текшерүү зарыл болушу мүмкүн. Айрым муундар 6 же андан көп багытта кыймылдайт (бүгүү жана жазуу, сунуу жана келтирүү, ичти жана тышты көздөй буруу). 42-бөлүмдүн мисал катары кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын түрдүү кыймылдары (кыймылдоо ийкемдүүлүгүн көбөйтүүчү көнүгүүлөр) келтирилген.
Эгер “муундардын ийкемдүүлүгүн” да, “булчуңдардын күчүн” да текшерүү зарыл болсо, анда адегенде “муундардын ийкемдүүлүгүнөн” баштаңыз. Ошондо, эгер бала кайсы бир муунун жаза албаса, бул ошол муунду кыймылдатуучу булчуңдарында күчтүн жоктугунан гана эмес экени түшүнүктүү болот.
Мисал: Муундун ийкемдүүлүгүн текшерүү
Тизе
1. Тизесин болушунча түздөөсүн баладан өтүнүңүз. |
![]() |

2. Эгер тизесин аягына чейин түздөй албаса, анда өзүңүз күчкө салбай абайлап, канчалык түздөй аларыңызды текшериңиз.

3. Эгер муун дароо түздөлбөсө, анда үзгүлтүксүз түрдө басуу жолу менен аракетти 2 же 3 мүнөт улантыңыз.
4. Эгер муун аягына чейин түздөлбөсө, анда баланын денесинин абалын өзгөртүп көрүңүз.
![]() |
Мисалы, кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтары жазылган абалындагыга салыштырмалуу алар бүгүлгөн абалында тизе анчалык түздөлбөйт. | ![]() |
Ушул себептен, муундун кыймылдоо ийкемдүүлүгүндөгү өзгөрүүнү текшерүүдө, баланы дайыма бир абалга келтирип муну аткарыңыз. |
Денесинин абалы белгилүү бир муундардын жазылуу же бүгүлүү амплитудасына таасир тийгизет. Бул ар бир бала, айрыкча, спастикасы бар бала үчүн чын.

5. Муун канчалык түздөлөрүн текшерүүдөн тышкары, ал канчалык бүгүлөрүн да текшериңиз.
6. Мындан тышкары, муундун кыймылдоо ийкемдүүлүгү нормадан ашык эмес бекенин текшериңиз. |
![]() Басканда алсыз бутуна таянганда, бала, жыгылып кетпөө үчүн, тизесин артка ийүүгө аргасыз болот. Убакыт өткөн сайын, тизеси, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, артты көздөй улам чоюла берет.
Так эле ушундай көрүнүш балдактарды колдонууга (же жөргөлөп жылууга) аргасыз болгон, колдору алсыз балада да байкалышы мүмкүн. |
емейде, муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшерүү үчүн, чоюу көнүгүүлөрүн жана муундардын толук кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого көрсөтүлгөн көнүгүүлөрдү (42-бөлүмдүн караңыз) аткарууга сунуш кылынган дене абалдары эң ыңгайлуу.
Муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн туура ченөө жана каттоо ыкмалары тууралуу 5-бөлүмдө айтылат.
Контрактураларга текшерүүдөгү сунуштар
Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын ден соолугуна баа берүү үчүн, таман сөөктөрүнүн шыйрактар менен ашташтарындагы, тизелериндеги жана кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарындагы кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшерүү маанилүү. Биз буга чейин тизе тууралуу сөз кылдык. Төмөндө таман сөөктөрдүн шыйрактар менен жана кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарындагы контрактураларга текшерүүдө пайдалуу сунуштар келтирилген.
Таман сөөктөрүнүн шыйрак менен ашташы
![]() Өйдөнү көздөй бүгүлүүсү нормалдуу |
Бул ашташтын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн тизе мүмкүн болушунча түздөлүп турган абалында текшериңиз. | Тизе бүгүлүп турганда, бут кетмени демейде жакшыраак бүгүлөт. Бирок бала баса алуусу үчүн, тизе түздөлүп турганда бут кетмени канчалык бүгүлөрүн текшерүү зарыл. |
![]() Бул жерде кылта тартылуусун кармалап сезиңиз. |
![]() |

Кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташы
TКашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташы канчалык түздөлөрүн текшерүү үчүн, бала, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бели үстөлгө кептелгидей кылып, экинчи тизесин көкүрөгүнө тартсын. Эгер ушул абалдан, текшерилип жаткан бутунун санын үстөлгө коюу үчүн, бала аркасын ийүүгө аргасыз болсо, демек анын кашка жилигинин жамбаш сөөк менен ашташында бүгүүчү контрактура бар.
![]() |
ТУУРА |
![]() |
ТУУРА ЭМЕС |
Булчуңдардын күчүн текшерүү
Булчуңдар күчүнүн көрсөткүчү нормалдуудан нөлгө чейин болушу мүмкүн. Аны текшерүү жолдору төмөндө:
Эгер бала бутун тизеси толук түздөлгүчө көтөрө алса, ал өзү менен тең курактагы башка балдар көтөрө алгандай басымды көтөрө алар бекенин текшерүү үчүн, бутун ылдый басыңыз. Эгер көтөрө алса, анда анын булчуңдарынын күчү НОРМАЛДУУ деп эсептелет | ![]() Булчуңдарынын күчү – НОРМАЛДУУ.
Күчүңүз менен төмөндү көздөй басыныз. |
Эгер бала буту менен кошумча жүктөмдү көтөрө алса, бирок бул көрсөткүч дени соо баланыкынан төмөн болсо, анда анын булчуңдарынын күчү ЖАКШЫ деп эсептелет. |
![]() Бир аз басыңыз
Булчуңдарынын күчү – ЖАКШЫ. |
Эгер бала бутунун салмагын гана (кошумча жүктөм жок) көтөрүп кармай алса, анда анын булчуңдарынын күчү КАНААТТАНДЫРАРЛЫК деп эсептелет. | Эгер бала бутунун салмагын көтөрүлгөн абалында кармай албаса, анда аны капталына жаткырып, бутун түздөп көрүңүз. Эгер буту түздөлсө, анда анын булчуңдарынын күчү НАЧАР деп эсептелет |
![]() Булчуңдарынын күчү – КАНАТТАНДЫРАРЛЫК |
![]() Булчуңдарынын күчү – НАЧАР. |
Эгер бала тизесин такыр жаза албаса, анда ал бутун түздөйүн деп аракет кылганда, анын булчуңдарынын үстүнө колуңузду коюңуз. Эгер булчуңдарынын тартылуусун сезсеңиз, анда анын булчуңдарында АНЧА-МЫНЧА күч бар. |
![]() Булчуңдары кыймылдайт, бирок буту кыймылдабайт.
АНЧА-МЫНЧА күч бар.
Булчуңдары такыр кыймылдабайт:
булчуңдарынын күчү НӨЛ.
|
Жабырланган болушу мүмкүн деп эсептелген бардык булчуңдарынын күчүн текшериңиз. Төмөндө, түрдүү көйгөйлөрү бар балдардын кыйынчылыктарын жана муктаждыктарын аныктоо үчүн эң пайдалуу деп эсептелген, булчуңдардын күчүн текшерүү ыкмалары келтирилген.
Эскертме: Бул ыкмалар жөнөкөй, жана, негизинен, булчуңдар топторунун күчүн текшерүү үчүн колдонулат. Физиотерапевттер өзүнчө булчуңдардын күчүн кантип текшерүү керек экенин билишет.
Таман сөөктөрүнүн шыйрак менен ашташы жана бут кетмени
ЫЛДЫЙ КӨЗДӨЙ | ӨЙДӨ КӨЗДӨЙ | ИЧТИ КӨЗДӨЙ БҮГҮҮ | СЫРТТЫ КӨЗДӨЙ ИЙҮҮ |
![]() |
![]() |
Эгер бала баса алса, бут манжаларына жана согончокторуна тура аларын жана аларга туруп баса аларын текшериңиз |
![]() Балтыр булчуңдарынын күчү – НОРМАЛДУУ
Бут кетменин көтөрүүчү булчуңдарынын күчү – НОРМАЛДУУ. |
Эскертме: Бут кетменин көтөрүүчү булчуңдары алсыз болгондо, кээде бала бут манжаларын көтөрүүчү булчуңдарын бут кетменин көтөрүү үчүн пайдаланат. |
Эгер бала бут манжаларын төмөнкүдөй өйдө бүгүү жолу менен бут кетменин көтөрсө, | бут манжаларын төмөнкүдөй ылдый бүгүп, бут кетменин көтөрө алар бекенин текшериңиз. |
![]() |
|
Мындан тышкары, бут кетмени бир жагына жантайып же тартылып турар-турбарын текшериңиз. Мындай көрүнүш булчуңдарда “дисбаланс” (теңдик бузулуу) бар болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт. |
ындан тышкары, бут кетмени бир жагына жантайып же тартылып турар-турбарын текшери.
Дененин тигил же бул бөлүгүн тигил же бул багытта кайсы булчуңдар кыймылдатарын билүү үчүн, текшерүү учурунда колдоруңузду коюп, булчуңдардын жана тарамыштардын чыңалуусун “сезиңиз”.
Тизе
ТҮЗДӨЛҮП ТУРГАН АБАЛЫ | БҮГҮЛҮП ТУРГАН АБАЛЫ |
![]() Санынын үстүнкү бөлүгүндөгү булчуңдары чыңалып турганын сезе аласыз.
Санынын арткы бөлүгүндөгү булчуңдары чыңалганын сезесиз.
Бул жериндеги тарамышы тартылганын сезиңиз. |
Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтары
БУТТАРДЫ ЭКИ ТАРАПКА КЫЙМЫЛДАТЫП, АЛАНЫ АЧУУ | БУТТАРДЫ БИР БИРИНЕ ЖАКЫНДАТЫП, АЛАНЫ ЖАБУУ | КӨЗДӨЙ АЙЛАНТУУ (балтыр ичти карап калат) | АЙЛАНТУУ (балтыр сыртты карап калат) |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
ЖАЗУУ | |||
БҮГҮҮ | Жамбаш булчуңдарынын чыңалганын сезиңиз. | IЭгер бул ашташында контрактуралар калыптанган болсо, анда буттарын үстөлдүн кырынан ары чыгарып текшериңиз. | |
![]() |
![]() |
![]() төшөм |
БУТТУ КАПТАЛГА КЫЙМЫЛДАТУУ Санынын каптал бөлүгүндөгү булчуңдары чыңалганын бул жерден сезиңиз. |
![]() |
Эскертме: Сан булчуңдарынын алсыздыгынан кээде кашка жилик жамбаш сөөк менен болгон ашташынан чыгып кетет. Буга да текшерүүнү унутпаңыз.
Сандын каптал бөлүгүндөгү булчуңдардын күчүн текшерүү бала эмне себептен аксап басарын жана бутунун бүткүл узундугуна созулуучу, белдемчиси бар ортезди колдонуу керек же кереги жогун аныктоо үчүн мааниси өтө чоң.
Курсак жана арка
Курсак булчуңдары канчалык алдуу экенин аныктоо үчүн, бала жаткан абалынан отура (же жок дегенде башы менен көкүрөгүн көтөрө) алар бекенин текшериңиз. | Арка булчуңдарын текшерүү үчүн, ал сүрөттөгүдөй ийиле алар бекенин көрүңүз. |
|
Тизелерди ийип, жаткан абалдан отурганда, негизинен курсак булчуңдары иштейт. Курсак булчуңдарынын чыңалуусун колуңуз менен сезиңиз. | Тизелерди түз кармап, жаткан абалдан отурганда, кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарын бүгүүчү булчуңдар жана курсак булчуңдары иштейт. | Омуртка тутумунун эки жагындагы булчуңдарынын чыңалуусун колуңуз менен сезиңиз. Эки жагынын булчуңдарынын күчү бирдей бекенине жана же бир жагыныкы күчтүүрөөк бекенине көңүлүңүздү буруңуз. |
![]() |
![]() |
![]() |

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, бала тулкусунун кыймылдарын канчалык башкара аларын жана курсак, арка жана капталындагы булчуңдарынын күчүн текшере аласыз. Бала тизелерине туруп, аркасын түздөсүн. Андан соң алдыга эңкейсин, артка, эки капталына жантайсын жана тулкусун бурсун.

Курсак жана арка булчуңдары алсыз балага денесин бекем кармоочу ортездер же дөңгөлөктүү отургуч керек болушу мүмкүн.
Ийиндер, билектер жана алакандар менен манжалар
Эгер баланын буттары шал, бирок тулку булчуңдарынын күчү КАНААТТАНДЫРАРЛЫК болсо, ал балдактардын жардамы менен баса алышы мүмкүн (эгер ийиндери жана колдору бул үчүн жетишерлик күчтүү болсо).
Therefore, an important test is this: | ![]() |
Андыктан, бала, сүрөттөгүдөй кылып, тулкусун отурган абалынан колдору менен көтөрө алар бекенин текшерсин. | |
Эгер көтөрө алса, анда балдактардын жардамы менен басуу мүмкүндүгү кыйла чоң. |
Эгер көтөрө албаса, ийин жана кол булчуңдарынын күчүн текшериңиз:
КОЛДОРУ



Эгер ийин булчуңдары ылдый көздөй жакшы түртө алса, бирок чыканагын түздөөчү булчуңдары алсыз болсо, анда бала чыканагын бек кармоочу жасалгасы бар балдакты колдоно алышы мүмкүн.

Же болбосо, чыканак муунунун кыймылдоо ийкемдүүлүгү нормалдуу болсо, чыканагын сүрөттөгүдөй артынан “бекитип” кармап басууну үйрөнүп алса болот. Бирок мындай ыкма чыканагында көйгөй пайда болуусуна алып келиши мүмкүн.
Төмөнкүдөй картаны даярдап, текшерүү бөлмөңүзгө эскерткич катары илип койсоңуз, пайдасы тийет.
БУЛЧУҢДАРДЫН КҮЧҮНӨ ЖЕ АЛСЫЗДЫГЫНА БАА БЕРҮҮ | |||
ЭСКЕРТҮҮ! Туура эмес корутунду чыгарып албоо үчүн, булчуңдардын күчүн текшерүүдөн мурун муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшериңиз. | |||
Булчуң күчүнүн көрсөткүчү | Баланы бутун көтөрө алгыдай кылып жайгаштырып текшериңиз. | ||
![]() |
НОРМАЛДУУ (5) |
Бутун чоң жүктөмгө карабай көтөрүп кармай алат. | ![]() |
ЖАКШЫ (4) |
Бутун чоң эмес жүктөм менен көтөрүп кармай алат. | ![]() | |
КАНААТТАНДЫРАРЛЫК (3) |
Бутунун салмагын гана көтөрүп кармай алат.e | ![]() | |
Баланы бутун кыймылдата алгыдай, бирок анын салмагын көтөрө албагыдай кылып жайгаштырып (капталына жаткызып) текшериңиз.. | |||
![]() |
НАЧАР (2) |
Кошумча жүктөм жок бутунун салмагын көтөрө албайт, бирок аны жакшы кыймылдата алат. | ![]() |
БИЛИНЕРБИЛИНБЕС (1) |
Араң кыймылдатат | ![]() | |
НӨЛ (0) |
Кыймылдын эч кандай белгиси байкалбайт. | ![]() |
Булчуңдардын күчүн текшерүүдө, КАНААТТАНДЫРАРЛЫК жана НАЧАР деп белгиленген күч түрлөрүнүн ортосундагы айырмага көңүл буруу өзгөчө маанилүү.
КАНААТТАНДЫРАРЛЫК деп белгиленген күч көрсөткүчү көп учурда туруу, басуу же өз алдынча тамактануу үчүн жетиштүү. Демейде, НАЧАР деп белгилген күч көрсөткүчү бул функцияларды аткаруу үчүн жетишсиз.
НАЧАР деп белгиленүүчү күч көрсөткүчү бар булчуңдарды кээде көнүгүүлөрдүн жардамы менен КАНААТТАНДЫРАРЛЫК деп белгиленүүчү күч көрсөткүчүнө көтөрүп бекемдесе болот. Муну менен алардын функцияналдуулугу жогорулайт. БИЛИНЕР-БИЛИНБЕС деп белгиленүүчү күч көрсөткүчү бар булчуңдарды атүгүл көнүгүүлөрдү арбын аткаруунун жардамы менен деле КАНААТТАНДЫРАРЛЫК деп белгиленүүчү көрсөткүчкө көтөрүү дээрлик мүмкүн эмес. (Бирок эгер булчуңдардын алсыздыгы аларды жетиштүү көлөмдө колдонбогондуктан улам калыптанса (мисалы, шалдыктан эмес, артриттин оор формасындагыдай), НАЧАР деп белгиленүүчү күч көрсөткүчү бар булчуңдарды көнүгүүлөрдүн жардамы менен кээде ЖАКШЫ же атүгүл НОРМАЛДУУ деген көрсөткүчкө көтөрсө болот. Мындан тышкары, полиомиелиттен же булчуңдардын алсыздыгына алып келген башка илдеттен жаңыдан айыгып келе жатканда НАЧАР же БИЛИНЕР-БИЛИНБЕС деп белгиленген күч көрсөткүчү бар булчуңдарды кээде КАНААТТАНДЫРАРЛЫК деген же андан да жогору көрсөткүчкө көтөрсө болот.)
Физикалдык текшерүүдө дагы эмнелерге көңүл буруу керек


аны мүмкүн болушунча түз жаткырыңыз. Баланын эки капталындагы сөөк уркуйган жерлерин таап, аларды белгилеңиз:
3-июль, 1986-ж |---|
10-сентябрь, 1986-ж |-----|
2-декабрь, 1986-ж. |-------|
Омуртка тутуму ийрийүү
Эгер бир буту кыска болсо же курсагынын же аркасынын эки жагындагы булчуңдары бир биринен айырмалануусунун белгилери байкалса, омуртка тутуму ийрийип кеткен-кетпегенин сөзсүз текшериңиз. Омуртка тутуму ийрийип кетүүсүнүн негизги 3 түрү бар (алар өзүнчө же бир бири менен айкалышып калыптанышы мүмкүн):
Капталды көздөй ийрийүү (сколиоз) | |
![]() Кыска бут тарабындагы ийини өйдөрөөк
Омуртка тутумунун бул тарабындагы булчуңдары алсызыраак бекенин текшериңиз.
Бала аркасын алдыга ийсин. Омуртка тутуму ийрийүүсүнүн оркойгон тарабында кабыргадан дөмпөйүү бар бекенин текшериңиз. |
Бүкүрөйүү, арка дөмпөйүү (кифоз) | Омуртка тутумунун физиологиялык алдыга ийилүүсү патологиялуу күчөп кетүү (лордоз) | ||
Себеби – арка булчуңдары алсыз жана тулкуну туура кармап алып жүрбөө | ![]() |
![]() |
Курсак булчуңдары алсызданышынан же кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташында бүгүү контрактурасынан улам болушу мүмкүн. (Буларга текшерүүнү унутпаңыз.) |

Омуртка тутумунун айрым ийрийүүлөрү бала денесинин абалын өзгөрткөндө, жатканда же алдыга эңкейгенде өзү түздөлүп калат. Башка ийрийүүлөрү – денени кандай гана абалына келтирбегин – түздөлбөйт, жана булар демейде олуттуураак келет. Омуртка тутумунун ийрийүүлөрүнө жана деформацияларына текшерүү тууралуу кошумча маалыматтарды 20-бөлүмдөн караңыз.