Hesperian Health Guides
ТУБАСА ДЕФЕКТТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 12-БӨЛҮМ: CКөп учураган тубаса дефекттер > ТУБАСА ДЕФЕКТТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ

- Кош бойлуулук мезгилинде жакшы тамактаныңыз. Жакшы азыктар менен жетиштүү тамактануу болочок энеге күч-кубат берет, инфекциялардан коргойт, ден соолугу чың күмөндүн калыптануусуна шарт түзөт жана төрөт учурунда кандын өтө көп кетүүсүнө жол бербейт. Фолий кычкылдыгына бай азыктар менен тамактанып турууну камсыз кылыңыз. (Where There Is No Doctor “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 11-бөлүмүн жана Where Women Have No Doctor (“Аял кишинин ден соолугу үчүн”) деген китептин 11-бөлүмүн окуңуз.
- Күмөнгө зыян келтирберин так билген жагдайлардан башка учурларда дары-дармектерден оолак болуңуз. (Витаминдер, вакциналардын айрымдары, антациддердин кээ бирлери жана темир кошулган азыктар туура дозаларда эч зыян келтирбейт.) Спирт ичимдиктерин ичүү жана тамеки тартуу да курсакта калыптанып келе жаткан күмөнгө залалдуу.
- Химикаттардын, пестициддердин жана башка уулардын денеңизге тийүүсүнө жол бербеңиз. Эгер кош бойлуу аялдын күйөөсү же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү пестициддерди же ууларды колдонуп иштөөгө аргасыз болушса, алар бул ишти аткарууда колдонулган кийимдерин жууп, кош бойлуу аялды химикаттардан коргоп туруусу зарыл.
- Жакын тууганыңызды өзүңүзгө жубай кылуудан оолак болуңуз. Бир бирине жакын туугандар балалуу болушканда, балдары тубаса дефекттер менен төрөлүү ыктымалдыгы кыйла чоң.
- Эгер сиздин тубаса дефекти бар бир же андан көп балаңыз бар болсо,' кийинки балаңыз да ошондой дефект менен төрөлүү ыктымалдыгы чоң. Андыктан мындан кийин балалуу болбой эле коюу мүмкүндүгүн карап көрүңүз.
- Кош бойлуу кезиңизде кызамык менен ооруган адамдан оолак болуңуз (эгер бул дарт менен буга чейин ооруган болбосоңуз). Бул илдет менен бойго бүтө электе бир сыйра ооруп чыккан оң. Вакциналар кызамыктан коргойт, бирок вакцинаны кабыл алгандан 1 ай өтмөйүнчө боюңузга бүтпөй турууга тийишсиз.
- Кош бойлуу кезде котон жараны же герпести жуктуруудан улам тубаса дефекттер пайда болушу мүмкүн. Өзүңүз да, жубуңуз да жупташуу аркылуу жугуучу ооруларга текшерилип, зарыл болсо, дарылоодон өтүүңөрдү камсыз кылыңыз.
- 35 же 40 жаш курактан кийин дагы балалуу болбой эле коюуну караштырыңыз, айрыкча эгер сиз да, жубайыңыз да ушул курактарда болсоңуз, же буга чейин сизден Даун синдрому бар бала төрөлгөн болсо, анткени дагы ушундай көйгөйлүү бала төрөлүү ыктымалдыгы бир топ жогору.
Эгер аял кишилер үчүн жакшы азыктар менен тамактанып туруу мүмкүн болсо, уулуу химикаттар менен иштөөгө аргасыз болушпаса жана сапаттуу медициналык тейлөө аларга жеткиликтүү болсо, тубаса дефекттердин көпчүлүк түрлөрүнүн алдын алууга мүмкүн. Тубаса дефекти бар балалуу үй-бүлөлөр мындай көйгөйү менен бетме-бет жалгыз калтырылбоого тийиш.
Тубаса дефекттердин кесепеттеринен бүтүндөй коом жапаа чегет. Тубаса дефекттердин пайда болуусуна жеткирбөө үчүн, биз жашаган коомубузду аял кишилер жана үй-бүлөлөр үчүн коопсуз кылып өзгөртүүбүз зарыл.