Hesperian Health Guides

ПЕС ООРУСУ ЖАНА КООМ

Бул бөлүмдө:

Коомдо пес оорусуна карата көп ар кандай түшүнбөстүктөр жана чочулоолор илгертеден бери эле келе жатат. Бул дартка чалдыккан адамдар шаарлардан далай ирет куулуп же ырайымсыз мамилеге дуушар боуп келген. Өкмөттүк мекемелер пес оорусу менен ооруган адамдарды алардын үй-бүлөлөрүнөн ажыратып, “лепрозорий” деп аталган атайын жайларга бекитип кармоосу жакында эле токтогон. Буга окшогон көрүнүштөр элдин бул илдетке карата болгон чочулоолорун ого бетер күчөтүп келген.

Учурда пес оорусуна каршы дарылоону эрте баштоо жолу аркылуу бул дарттан пайда болуучу түрдүү деформацияларга же майыптыктарга жеткирбей, аны айыктыруу мүмкүн. Бул илдетти үйдөн эле дарыласа болот. Аны менен ооруган адам мектепте окуусун же жумуш аткаруусун уланта берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Адам пес оорусун жугузуп алса эле, анын физикалык ден соолугу же социалдык бейпилдиги сөзсүз түрдө жабыркоого тийиш эмес.

Бирок коомчолорубуздун көбүндө мындай чочулоолор жана түшүнбөстүктөр азыр деле сакталуу. Пес оорусун жуктуруп алган адамдар, аларда бул дарттын биринчи белгилери байкалып баштаса деле, ооруп калгандарын моюнга алуудан баш тартышат. Натыйжада, алар денелеринде ар кандай деформациялар калыптанып калганча дарыланбай жүрө беришет. Ошол эле учурда, дарыланып баштабаган бейтаптар дартты башкаларга жуктуруусун улантышат. Ошентип, пес оорусу тууралуу мифтер жана чочулоолор коомдо улана берет.

Мындай жагдайды оңдоо үчүн, коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылардын, реабилитологдордун, мугалимдердин, дин кызматчыларынын, коомчо башчыларынын, бейтаптардын үй-бүлөлөрүнүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын уюмдарынын – баарынын бирдиктүү иш-аракети талап кылынары күмөнсүз. Төмөнкү кадамдар зарыл:

1. Маалымат жана билим жайылтуу. Жумурай журтка пес оорусу тууралуу туура маалыматтарды жеткирип, алардын бул дарт боюнча билимин жогорулатуу үчүн, мектептерди, ден соолук борборлорун, көңүл ачуучу гезит-журналдарды, радио жана теле берүүлөрдү колдонсо болот. Жайылтыла турган маалыматтар төмөнкүлөрдү камтышы керек:
  • элдин пес оорусуна карата болгон чочулоолорун азайтуу жана андан айыгуу мүмкүн экенин ага жеткирүү;
  • бул дартты эрте байкап, эрте дарылап баштоонун маанилүүлүгүн баса белгилөө;
  • анын баштапкы белгилерин кантип байкаса болорун жана андан дарыланууну каерден өтүүгө мүмкүн экенин элге жеткирүү;
  • өз убагында пес оорусуна шектенип, жардам алууга макул болуп, андан айыгып кеткендердин өмүрбаяндары.
2. Пес оорусу менен күрөшүүгө багытталган программаларды улуттук саламаттыкты сактоо системинин иш-чараларына кошуу. Пес оорусу менен күрөшүүгө багытталган иш-аракеттердин жалпы медициналык иш-чаралардан сырткары, өзүнчө аткарылуусу улам кайталана бергендиктен, бул өкүндүрбөй койбойт. Эл (жана коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылар) пес оорусуна болгон мамилесин өзгөртүп, аны “олуттуу ден соолук көйгөйү” катары (мисалы, балдардагы ич өткөктөй) карап баштоосу абдан маанилүү.
DVC Ch26 Page 226-1.jpg
Мектеп окуучуларын пес оорусуна текшерүү иш-чарасы, Индия. (Фото “Пес оорусуна каршы миссия” уюмунан алынган.)
3. Балдарды териде пайда болуучу тактарга жана пес оорусунун башка белгилерине такай текшерип туруу (көп баланы бир текшерүү иш-чаралары). Мындай текшерүүнү “БАЛА балага” программасына (47-бөлүм) кошуп, ошол программанын алкагында мектеп окуучулары бир бирин, мындан тышкары, инилерин жана карындаштарын текшерип туруусун аларга үйрөтүп койсо болот. “БАЛА балага” программасынын, пес оорусуна атайын арналган иш-чаралар барагын” TALC уюмунан алууга болот. (47-БӨЛҮМ караңыз.)
4. Пес оорусунан дарыланып жаткан балдарга мектепте окуусуна, жумуш таап иштөөсүнө, жарманкелерге катышуусуна жана коомдук иштерге аралашуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн, бүтүндөй коомубуздун басымы жана өкмөтүбүздүн буйруктары. (Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын уюмдары муну ишке ашырууга жардам беришсе болот.)
5. Пес оорусуна чалдыккан адамдардын өзүнө өзү жардам берүү жумушчу топтору жана башка коомдук топтор калың журтка бул дарт тууралуу туура маалыматты жеткирип, мындай көйгөйү бар адамдарга карата болгон мамилени өзгөртүүгө жардам бере алышат. Мындан тышкары, алар пес оорусуна каршы колдонулуучу дары-дармектерди жана керектүү башка каражаттарды табуу, бул дарттан денеде пайда болуучу ар кандай деформациялардын пайда болуусуна жол бербөө үчүн чогулуп аракет кылышса болот. Пес оорусу менен ооруган адамдардын мектепте окуусун, медициналык жардам алуусун, иштөөсүн жана башка социалдык укуктарга ээ болуусун мүмкүн кылуу керек болгон жагдайларда, мындай коомдук жумушчу топтор алардын укуктары үчүн күрөшүп жардам беришсе болот.

Пес оорусу менен ооруган адамдарды жылуу кабыл алып, алардын денесине тийүүдөн коркпогонун ачык көрсөтүп турган, коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылар ушундай мамилеси менен элдин бул дартка карата болгон негизсиз чочулоолорун азайтып, коомдун бул бей-бечараларга карата мамилесин оң жакка өзгөртүүгө чоң салым кошо алышат.





This page was updated:30 Дек 2025