Hesperian Health Guides
АЙЛАНАҢАРДАГЫ АДАМДАРГА ЭПИЛЕПСИЯСЫ БАР АДАМДАРГА ТУУРА МАМИЛЕ КЫЛУУСУНА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 29-БӨЛҮМ: Талма: Эпилепсия > АЙЛАНАҢАРДАГЫ АДАМДАРГА ЭПИЛЕПСИЯСЫ БАР АДАМДАРГА ТУУРА МАМИЛЕ КЫЛУУСУНА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
Эпилептикалык талмадан ага күбө болгон адамдар чочулашы мүмкүн. Ушул себептен, эпилепсиясы бар балдар (жана чоңдор) үчүн кээде айланасындагы адамдар менен нормалдуу мамилелерди куруу жана алардын колдоосуна ээ болуу жеңил болбойт.
Реабилитологдор эпилепсиясы бар адамдын айланасындагы бардык адамдар эпилепсия – бирөөнүн суук дубасынын натыйжасы же жиндердин аракети эмес экенин түшүнүп, так билип алуусуна жардам бериши керек. Ал акылдан тайгандыктын белгиси эмес, бала, анын ата-энеси же ата-бабалар кылган жаман иштер үчүн жаза эмес, жугуштуу оору эмес (аны башка бирөөдөн же башка бирөөгө жугузуу мүмкүн эмес). Эпилепсия балдардын мээсинде алардын өсүүсүн жана жаңы нерселерди үйрөнүүсүн мүмкүн кылган татаал өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде көбүрөөк учурайт.
Эпилепсиясы бар балдар мектепте окушу, үй-бүлөсүнүн күндөлүк иштерине, оюндарга, үй-бүлөсүнүн жана коомчосунун турмушундагы иш-чараларына катышып туруусу маанилүү. Талмасын атүгүл толук көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатса да, жогорудагы айтылган нерселердин мааниси чоң. Мектептеги мугалимдер менен окуучулар эпилепсия жөнүндө жакшыраак билип, баланын талмасы кармаганда, ал бир жерин жабыркатып албашы үчүн, аны коргоо ыкмаларын үйрөнүп алуулары керек. Эпилепсия тууралуу көбүрөөк билгенден кийин, алар мындай көйгөйү бар баладан чочулабай же ага орой мамиле кылбай калышат, тескерисинче, ага колдоо көрсөтө башташы мүмкүн. (“БАЛА балага” программасысынын иш-чараларын караңыз.)