Hesperian Health Guides

Эпилептикалык талмалардын түрлөрү

Бул бөлүмдө:

  • Энесинин курсагында кезинде, төрөт учурунда жана кичинекейинде мээси жабыркап калуусуна жеткирбөөгө аракет кылгыла. Бул маселе балдардын церебралдык шалдыгынын алдын алууга арналган бөлүктө каралат.
  • Жакын туугандар никелешүүдөн оолук болгула, айрыкча эгер үй-бүлөңөрдө эпилепсия менен ооругандар бар болгон болсо.
  • Эгер эпилепсиясы бар балдар, талмасын алдын алуу үчүн, анын дарыларын такай кабыл алып турушса, кээде, дарыларды кабыл алууну токтоткондон кийин, талмасы кармабай калат. Талмасы кайрадан жанданбашы үчүн, балага талмасы акыркы жолу кармаганынан жок дегенде дагы 2 жыл өтмөйүнчө эпилепсияга каршы дарыларын улантып, сөзсүз берип туруңуз. (Бирок кээде, дарыларды кабыл алууну токтоткондон кийин, талма кайрадан кармай баштайт. Эгер ушундай болсо, дарыларын кайрадан берип баштап, жок дегенде бир жыл бою үзбөй берип туруу керек. Андан кийин аларды берүүнү токтотуп, талмасы жанданар бекенин кайра текшериңиз.)



This page was updated:30 Дек 2025