Hesperian Health Guides
Эпилептикалык талмалардын түрлөрү
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 29-БӨЛҮМ: Талма: Эпилепсия > Эпилептикалык талмалардын түрлөрү
Эскертме: Төмөнкү маалыматтар реабилитологдор үчүн жана балдарын эпилептикалык талмадан дарылап жүргөн атаэнерлерге жардам катары келтирилет. Талманын айрым түрлөрүн так аныктоо бир кыйла оор болгондуктан, аларды чөнтөк телефондун камерасына тартып алуу көп учурда карыштыруучу талманын түрүн туура аныктоого дарыгерге жардам берет. Эгер баланын талмасын эффективдүү түрдө көзөмөлгө алууга мүмкүн болбой жатса, көп тажрыйбалуу дарыгерлерге, мисалы, балдардын неврологуна (эгер бар болсо) жардам үчүн кайрылуу керек. Uptodate® вебсайты сыяктуу интернеттеги сапаттуу маалымат булактары, же беделдүү булактардан алынып, интернетте жарыяланган макалалар абдан жардам бериши мүмкүн.
Төмөнкү тизмек авторлору Кемпе, Силвер жана О’Брайен болгон, Current Pediatric Diagnosis and Treatment (Педиатриядагы дарт аныктоонун жана дарылоонун заманбап ыкмалары) деп аталган, толугураак маалыматтарды камтыган басылмадан алынып, бул китепке ылайыкталган.
Талма бат-бат көз ирмөө же каректер кызыктай кыймылдоо, апноэ (дем алуу токтоо), көгөрүү, кызыктай кыйкырык чыгаруу, соруу же чайноо кыймылдары, дене мүчөлөрү кызыктай жулкунуу же сенейип, катыгансып калуу, же жөн эле шалдыроо түрүндө байкалышы мүмкүн. Жаңы төрөлгөн балдарда мындай карышууларды табуу үчүн, аларга тынбай байкоо жүргүзүү талап кылынат.
| ТАЛМА БАШТАЛГАН КУРАК | СЫРТКЫ БЕЛГИЛЕРИ | ДАРЫЛОО |
ТҮРҮ: Неонаталдык карышуулар |
||
| төрөлгөндөн тартып 2 жумага чейин | Көп учурларда, кийин пайда болуучу талмалар үчүн мүнөздүү эмес. Денеде капыстан жүүн боштук пайда болушу, же, тескерисинче, ал катып калгансып сенейип калышы мүмкүн. Дем алуу кыска мөөнөттөргө токтоо, дене көгөрүү, кызыктай кыйкыруулар; каректер төбөнү карап калуу; көз ирмөө же каректер ары-бери тез кыймылдоо; соруу же чайноо кыймылдары; дене мүчөлөрү же бүтүндөй дене тарткылоо же кызыктай кыймылдоо орун алышы мүмкүн. ЭСКЕРТҮҮ! Булчуңдардагы спазмдар селеймеден же менингиттен улам болбогонун текшериңиз. Церебралдык шалдыкта жаңы төрөлгөн баланын булчуңдары, көбүнчө, жүүнү бош болот. Дене катып калгансып сенейүү жана/же өзүнөн өзү кыймылдоолор демейде бир нече айдан кийин орун алат, бирок бала эсин жоготпойт. |
Фенобарбитал же фенитоин. Эгерде контролдонбосо, диазепамды кошуңуз. (Туулган кездеги мээ жаракаттарынан улам талмаларды көзөмөлдөө өтө кыйын.) (Төрөт учурунда жабыркоодон пайда болгон талманы көп учурда көзөмөлгө алуу абдан оор.) |
| ТҮРҮ: Ымыркайлардын спазмдары (Вест синдрому) | ||
| 3–18 айда (улуураак балдарда сейрек) | Колу-буттар капыстан эки жакка жайылып калат, бул тулку алдыга эңкейүү менен коштолот. Мындай кыймылдар көп учурда топ-топ болуп кайталанат. Баланын өнүгүүсүндө регрессия (өздөштүрүлгөн ык-жөндөмдөрдү жоготуу) байкалышы мүмкүн, ал ушул бойдон эч качан толук айыкпай калышы ыктымал, акыл-эси өрчүүсү жай жүрөт. | Кортикостероиддер аракет кылышы мүмкүн, бирок коркунучтуу болушу мүмкүн. Тажрыйбалуу дарыгерден же медициналык кызматкерден жардам алууга аракет кылыңыз. Вальпроат же диазепам жардам берет. |
| ТҮРҮ: Фебрилдик карышуулар (баланын дене табы катуу көтөрүлгөндө орун алат)(Вест синдрому) |
||
| 6 айдан 4 жашка чейин | Демейде баланын дене табы 38,5° С-дан жогору көтөрүлгөндө пайда болот. Калтыратмага тамактын сезгениши, кулак инфекциясы же респиратордук инфекция алып келиши мүмкүн. ЭСКЕРТҮҮ! Менингеалдык белгилерге текшериңиз. |
Бир нече жолу ысытма кармаган баланын ысытмасынын себебин аныктоо керек. Парацетамол (ацетаминофен) менен ысытманы түшүрүү ысытма кармамаларынын уланышын алдын алат. Талма 5 мүнөттөн ашык созулса, диазепамды колдонуңуз. Фенобарбитал сейрек талап кылынат. |
| ТҮРҮ: Леннокс – Гасто синдрому |
||
| бардык курактарда, бирок 2–7 жашта көбүрөөк | Леннокс – Гасто синдрому бар балдарда кармап келатканын алдын ала билдирүүчү белгилери жок, капыстан күчтүү кыймылдар же айрым булчуңдарында күчтүү спазмдар байкалат. Мындай кыймылдар баланы капталды, алдыны же артты көздөй “ыргытып”, азап чектириши мүмкүн. Көбүнчө ал эсин жоготпойт. Далай балдарда “чоң” же генералдашкан тоникалык-клоникалык талма да орун алат. Кичинекейинде балада “ымыркайлардын спазмдары” орун алган болушу мүмкүн (жогоруну караңыз). |
Дарылоо кыйын. Фенобарбиталды колдонуп көрүңүз, вальпроат менен. Эгерде жакшырбаса, кортикостероиддерди, ымыркайлардын спазмаларын же медициналык кеңеш менен башка дарыларды колдонуп көрүңүз. Баланын башын баш кийим жана ээк менен коргоңуз. |
| ТҮРҮ: Эс жоготуулар, же “абсанстар” (кичи талма). (Талманын бул түрү өзүнчө байкалуусу сейрек.) |
||
| 3–15 жаш |
Бала кылып жатканын капыстан токтотуп, бир жерди кызыктай же “бош көз караш” менен тиктеп, кыска убакытка катып калгансыйт; каректер ары-бери тез кыймылдашы же кабактары “дирилдеши” мүмкүн. Талмасы кармаганда, бала демейде айланасында эч нерсени көрбөй, эч нерсени укпай калат. Талма болгону бир нече секунд гана, кээде 10 секундка чейин созулат. Талма учурунда жазылып алынган ЭЭГда секундасына 3-4 комплекс пик-толкундуу жыштыктагы эпилептикалык активдүүлүк катталат. Мындай талмага гипервентиляция (бат-бат терең дем алуу) алып келиши мүмкүн. Баланын булчуңдарынын тонусу түшпөйт, бала жыгылбайт, эс жоготуу гана орун алат. Андан соң бала дароо эсине келет. | Вальпроат же этосуксимид. Көптөгөн балдарда да «чоң» талма бар болгондуктан, зарыл болсо, фенобарбиталды кошуңуз (же талма «психомотордук» болушу мүмкүн деп ойлосоңуз, адегенде колдонуп көрүңүз — төмөндө караңыз). |
| ТҮРҮ: Фокалдык талма |
||
| бардык курактарда | арышуулар дененин бир бөлүгүндө башталат. Андан кийин алар башка бөлүктөрүнө белгилүү бир ирээтте (Жексон маршы) жайылып, генералдашкан түрүнө өтүшү мүмкүн. Эскертме: Эгер талма дененин бир бөлүгүнө гана таасир этсе, мунун себеби мээдеги шишик болушу мүмкүн. |
Карбамазепинди колдонуп көрүңүз. Эгерде талма контролдонбосо, фенобарбитал же фенитоинди (же экөөнү тең) колдонуп көрүңүз. |
| ТҮРҮ: Психомотордук талма (комплекстүү парциалдык талма/ психомотордук эпилепсия/мээнин көз менен кулактын ортоңку бөлүгүнө байланышкан талма) |
||
| Бардык курактарда пайда болушу мүмкүн | “Алдын ала билдирүүчү белгилеринен”: коркуу сезиминен, ашказандан келген жагымсыз сезимдерден, кызыктай жыттардан же даамдануудан, угуу же көрүү галлюцинацияларынан башталат. Талма эсти жоготуу менен коштолгон бош көз караш, жүздү кызыктай кыйшаңдатуу (бет, ооз булчуңдарын, тилди кыймылдатуу), кызыктай добуштарды чыгаруу же кызыктай кыймылдоо (мисалы, бейтап кийиминен бир нерсе чогултуп жаткансыйт) түрүндө орун алышы мүмкүн. “Аң-сезим өчүп калуулардан” айырмаланып, мындай талма демейде топ-топ болуп эмес, бирден кармайт жана узагыраак созулат. Психомотордук талмалардан жапаа чеккен балдардын көпчүлүгүндө кийин “чоң” талма калыптанат. Талма кандайдыр бир сезимдин пайда болушунан башталышы, же бейтап кандайдыр бир добуш чыгарышы, кырылдашы, кандайдыр бир аура пайда болушу мүмкүн. Андан соң талма генералдашкан чоң түрүнө өтөт. |
Адегенде фенобарбиталды колдонуп көрүңүз — андан кийин фенитоинди же экөөнү тең, андан кийин карбамазепинди, же экөөнү чогуу, андан кийин карбамазепинди же үчөөнү чогуу колдонуңуз. Valproate да пайдалуу болушу мүмкүн. Кээде психологиялык кеңеш да жардам берет. |
| ТҮРҮ: Генералдашкан, тоникалык-клоникалык талма/эпилепсия/grand mal/карыштыруучу чоң талма менен коштолгон эпилепсия |
||
| Бардык курактарда пайда болушу мүмкүн | Бала эсин жоготот, көп учурда алдын ала билинер-билинбес сезим пайда болгондон же кыйкырыктан кийин. Өзүнөн өзү болгон, кайталанган, чукул, ритмдүү же күчтүү кыймылдар орун алат. Каректер төбөнү карап калат. Бейтап тилин тиштеп алышы, билбей заара кылып же заңдап коюшу мүмкүн. Талмадан кийин бейтаптын башы маң болуп, ал уктап калат. Далай учурда талманын башка түрлөрү менен чогуу байкалат. Көп учурда жакын туугандардын да эпилепсиясы бар болот. | Фенобарбитал, карбамазепин, вальпроат колдонуп көрүңүз. Комбинациялар зарыл болушу мүмкүн. Phenytoin натыйжалуу болушу мүмкүн. |
| ТҮРҮ: Аффективдикреспиратордук чабуул, кыжырланып жарылуу же “жинденүү” (эпилепсия эмес) |
||
| 7 жашка чейин | Кээ бир балдарда, кыжырланып жарылуу учурунда дем алуу токтоп калып, бала көгөрүп кетет. Аба жетпей калуу бала эсин кыска убактылуу жоготуусуна жана атүгүл конвульсияларга (бүтүндөй денеде спазмдар орун алуу, каректер төбөнү карап калуу) алып келиши мүмкүн. Бала эсин жоготкуча эле көгөрө баштоосу менен коштолгон мындай кыска убактылуу абалдар кооптуу эмес. | Медициналык дарылоонун кереги жок. Баланын жүрүм-турумун жакшыртууга жардам берүү ыкмаларын колдонуңуз (кара 40-бөлүмдү). |