Hesperian Health Guides

БАЛАНЫН ТАЛМАСЫ КАРМАСА, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК

Бул бөлүмдө:

  • Башталып келаткан талманын “алдын ала белгилерин” (мисалы, капыстан коркуу же кыйкырып жиберүү) тааныганганды үйрөнүңүз. Мындай учурда баланы тезинен жумшак килемге же кокус бир жерин жабыркатып алуусу мүмкүн болбогон башка коопсуз жерге жаткырыңыз.
  • Карыштыруучу “чоң” талма кармаган учурда, эгер бала кооптуу жерде эле болбосо, аны башка жерге которууга аракет кылбаңыз.
  • Бир жерин жабыркатып алуудан баланы коргоңуз, бирок кыймылдарын күчкө салып токтотпоого аракет кылыңыз. Учтуу жана катуу буюмдарды алысыраак алып салыңыз.
  • Талмасы кармаган учурда баланын оозуна эч нерсе – тамак-аш, суусундук, дары, жаактарын бир биринен ажыратуу жана тилин тиштеп алуусуна жол бербөө үчүн кандайдыр бир буюм салууга аракет кылбаңыз.
  • Карышуулардын арасында, шилекейи дем алуу учурунда өпкөсүнө кирип кетпей, оозунан сыртка чыгып турушу үчүн, баланын башын капталына этияттап буруп коюңуз.
  • Талмасы бүткөндөн кийин баланын абдан уйкусу, айланасындагыга жооп кайтарбашы) мүмкүн. Уктап, эс алсын. Эгер башы ооруса (талмадан кийин далай орун алат), ацетаминофен (парацетамол) же аспирин бериңиз.
БАШЫН КАНТИП КОРГОСО БОЛОТ
Талмасы кармаганда, көп жыгылып, бир жерин катуу урунткан бала, башын жабыркатып алуудан сакташы үчүн, убактысынын басымдуу бөлүгүн коргоочу баш кийим кийип жүрүүсү туура болот.
A child with chin pad and helmet like hat
ээкти коргоо үчүн жумшак нерсе
A cage of wire that look like hat wrapped with cloth
Коргоочу мындай туулганын “сүлдөрүн” бекем сымдан, аны автоунаанын камерасынан кесилген тилкелер, жумшак кездеме же губка менен ороп жасоого болот.




This page was updated:30 Дек 2025