Hesperian Health Guides
35-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүнө түрткү берүүнү эрте баштоо жана өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 35-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүнө түрткү берүүнү эрте баштоо жана өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
Бул бөлүмдө биз баштапкы ык-жөндөмдөрдү өнүктүрүү үчүн зарыл көмөкчү көнүгүүлөр жөнүндө, ошол ыкжөндөмдөрдүн адетте пайда болуу ирээти менен баяндап беребиз. Башты кыймылдатуу ык-жөндөмүнөн баштап, анан татаалдыгы жогорураактарына (кол сунуу, кармоо, отуруп тең салмактыкты сактоо, туруу, басуу жана сүйлөө) өтөбүз. Тамактануу, кийинүү жана даараткананы пайдалануу сыяктуу өзүн тейлөө ык-жөндөмдөрүн үйрөтүү көнүгүүлөрү китептин кийинки бөлүмдөрүндө талкууланат.
Кайсы ык-жөндөм болбосун – башты кыймылдатуу болобу же колдорун пайдалануубу – бала белгилүү бир баскычтардан өтөт. Мисалы, буюмдарды кармоону үйрөнүүдө адегенде бала бир нерсени бүтүндөй алакан-манжалары менен апчыйт, андан кийин аны бармагы жана сөөмөйү менен кармаганды үйрөнөт.
Көнүгүүлөрдүн кайсынысынан баштоону чечүү жана балаңыздын өнүгүү деңгээлин аныктоо үчүн, картаны пайдалануудан баштаңыз. Андан кийин карап чыгып, балаңыз үчүн ирээти боюнча кийинки орунда турган ык-жөндөмдөрдү тандаңыз. Бала бул көнүгүүлөрдү өздөштүргөн соң кийинки көнүгүүлөргө өтүңүз.
Баланын өнүгүүсү бир эле убакта көп багыттар боюнча жүрөт, андыктан ага дароо бир нече багытта жардам берүүгө аракет кылыңыз. Ар бир багытында бала буга чейин үйрөнгөн ык-жөндөмдү андан да жакшыраак өздөштүрүүсүнө жардам берген көнүгүүлөрдү тандап, аларды бүткөн соң кийинки кадамдарга өтүңүз.
Баланы бир багытта өнүктүрүүгө көмөк берүүчү көнүгүүлөр көп учурда башка багыттарда да жардам берет.
Мисалы, бул сүрөттү коштогон көнүгүүнү “баштын кыймылдарын башкаруу” деген бөлүктө келтирдик. Бирок так ушул көнүгүү сезүү (көрүү, тийүү, угуу) органдарын пайдаланганды, баштын кыймылдарын башкарганды, көз менен колдун биргелешип кыймылдоосун, отуруп тең салмактыкты сактаганды жана дене ийкемдигин (тулкуну капталдан капталга буруу) өнүктүрүүгө да жардам берет. Эгер мындай иш-аракеттерди балага карата мээрим менен аткарып, аны мактап көңүлүн көтөрүп турса, балада өзүнө ишенүү түптөлүүсүнө жана башкалар менен катнашуу ык-жөндөмүнүн жетилүүсүнө жардам берет. Эгер атасы бала менен ойноп жатып, ар бир буюмдун жана кыймыл-аракеттин атын атап, ал менен сүйлөшсө, бул баланы тил үйрөнүүгө даярдайт.
MБалаңыз менен бул көнүгүүлөрдү аткарууда, жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүнү балаңызга жеңилдетүү үчүн, аларды кичинекей кадамдар менен бара-бара кошууну эстен чыгарбаңыз. Балаңыз ийгиликке жеткен же катуу аракет кылган сайын аны мактаңыз. Балаңызда жаңы ык-жөндөмдөр калыптануусуна жардам берүү үчүн, сунуштарыбызды пайдаланыңыз.