Hesperian Health Guides

Катнашуу жана сүйлөө ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр

Бул бөлүмдө:

Дени соо балада башкалар менен катнашуу ык-жөндөмүнүн өрчүүсү төмөнкү баскычтардан турат:

муктаждыктарын денесин кыймылдатуу, үрөйүн өзгөртүү жана ыйлоо аркылуу билдирет ырахат алганда, “гугулап” добуш чыгарат добуштарга кулак салып, былдырап, аларды тууроого аракеттенет
a baby crying at less than 1 month old.
0-1 ай 1-2 ай 4-8 ай
бир нече сөз айта алат сөздөрдү (жана түшүнүктөрдү) айкалыштырып айта баштайт
a baby speaking at 8 to 12 months.
8-12 ай 12 ай – 3 жыл

Жаш балада сүйлөө ык-жөндөмүнүн өрчүп калыптануусундагы баштапкы баскычтардын бири – бала түрдүү добуштарды бир биринен ажыратканды үйрөнүшү жана аларга жооп кайтарышы. Өнүгүүсүндө артта калган балага кошумча жардам жана түрткү керек болушу мүмкүн:

Коңгуроо, шылдырак жана добулбас менен адегенде алдынан, анан, башын бурушу үчүн, капталынан добуш чыгарыңыз.
someone shaking a toy next to a child.
Эгер бала башын добушка бурбаса, анда оюнчукту ал көргүдөй кылып, кайра алдына алып келиңиз. Андан кийин аны кайрадан көз алдынан алып кетиңиз.

Же болбосо, добушту эмне чыгарып жатканын көрүүсү үчүн, башын оюнчукка абайлап буруңуз. Ал башын өзү бурганды үйрөнмөйүнчө жардамыңызды улам азайта бериңиз.
Былдыроосун баланын артынан кайталаңыз: ал менен анын тилинде сүйлөшүңүз. Бирок бала кадимки сөздөрдү айта баштаганда, ошол сөздөрдү кайталап, так жана туура айтыңыз – ошондо “баланын тилин” колдонбоңуз
a baby and a girl speaking.
Баланы тилге көндүрүү үчүн, ага карата аткарган кыймыл аракеттердин баарын балага түшүндүрүп туруңуз. Жөнөкөй так сөздөрдү колдонуңуз – ар бир ирет ошол эле сөздөрдү. Оюнчуктарды, буюмдарды, дененин бөлүктөрүн аттарынан атаңыз. Уламулам кайталап туруңуз.
a girl speaking to a child as she washes his hands.
Тил түшүнүүсү бир угуусунан эле эмес, эриндердин кыймылдоосуна жана үрөйдүн өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүүдөн да көз каранды. Андыктан, бала менен тең туруп сүйлөшүңүз.
a man sitting while speaking to a child; another man speaks to a child while standing above her.
Бала сөздөрдү айтардан мурун адегенде аларды түшүнөт. Кулак салып, жаңы нерселер менен таанышканды үйрөнүүсүнө жардам берүү үчүн, бала менен суроо-жооп оюндарын ойноңуз. Суроолоруңузга бала колу менен көрсөтүп, баш ийкеп же чайкап жооп бере берсе болот.
someone holding a different toy in each hand while a child points.
Сөздөрдү кайталаңыз. Балага чакан суранычтар менен кайрылыңыз. Ийгиликтери үчүн сыйлаңыз.
Ритм тилдин өрчүп жетилүүсү үчүн маанилүү. Ырдаңыз, музыкалык аспаптарда ойноңуз, балага дене мүчөлөрүңүздүн кыймылдарын тууратыңыз: кол чабыңыз, бут манжаларыңызга тийиңиз, добулбас согуңуз.
a man chanting and clapping while a child imitates him.
Бала чыгарган добуштарды туураңыз, анан ошол эле добуштарды бадага кайталатыңыз. Андан кийин, ошол добуштарга окшош сөздөрдү айтыңыз.

Мындан тышкары, ооздун колдонулуусун көрсөтүңүз: аны кенен ачыңыз, тыгыз жабыңыз, тилиңизди чыгарыңыз, жел үйлөңүз, эриндериңизди уркуйтуп чыгарыңыз, анан оозуңуздун ичине тартыңыз.
a child and then a woman speaking.
ЭСКЕРТҮҮ! Кол жаңсоо менен ар кандай нерселерди көрсөтүүсүнө кызыктырыңыз, бирок бала “сүйлөөдөн көрө кол жаңсап деле “сүйлөшсө” боло берет турбайбы” дегенче эмес.


ТИЛ ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

ЭСКЕРТҮҮ! Эгер баланын оозу дайыма ачык болуп, андан шилекей чубулжуп турса, ага “оозуңду жап” деп уламулам айтпай эле коюңуз! Бул жардам бербейт, тескерисинче, ындынын түшүрүп, аны капалантат.
DVC Ch35 Page 314-3.png

Дайыма ачык же шилекей аккан ооз – жаны жок, аракетсиз ооз сыяктуу. Мындай ооз тил өрчүүсүн оорлотот. Мындай көйгөй Даун синдрому же церебралдык шалдыктын “жүүн бош” формасы бар балдарда көп учурайт.

Бул жерде шилекей агуу көйгөйүн чечүү, андан тышкары, оозду, эриндерди жана тилди тамактануу жана сүйлөө үчүн бекемдөөгө керек айрым сунуштар берилет.

Үстүнкү эринин сылаңыз же акырын чапкылаңыз, же болбосо, астынкы эринин бир нече жолу акырын басыңыз.
DVC Ch35 Page 314-4.png
Же болбосо, эрин булчуңдарын абайлап чоюңуз. Бул ыкма баланын оозу жабылуусуна жардам бериши мүмкүн.
DVC Ch35 Page 314-5.png
Тилин жана эриндерин бекемдөө үчүн, үстүнкү жана астынкы эриндерине бал же башка таттуу жана жабышчаак тамак сыйпаңыз. Бала аны тили менен жаласын.
someone speaking to a child as she licks her upper lip.
DVC Ch35 Page 314-7.png
Алдынкы тиштеринин ички бетине жана таңдайына жабышчаак тамак салсаңыз да болот. Мындай тамакты жалоо Т, Д, Н, Ч жана Л тамгаларын айтууга тилин даярдаганга жардам берет.
DVC Ch35 Page 314-8.png
Андан тышкары, бала жабышчаак тамакты кашыктан жаласын, момпосуй жаласын же сорсун.
Бала тилин көнүктүрүүсү үчүн, тамакты тиштеринин артына салыңыз. Мындан тышкары, бала тамакты кашыктан эриндери менен алганга аракет кылсын.

Балага катуураак жана чайналып желме тамакты мүмкүн болушунча эрте (4 айдан кийин) бере баштаңыз. Бул баланын жаактарын жана оозун бекемдөөгө жардам берет.
ЭСКЕРТҮҮ!
1. Тили оозунан өзүнөн өзү чыгып кала берген, церебралдык шалдыгы бар балага жалоо көнүгүүлөрүн жасатпаңыз. Тили чыгып калуу көйгөйү күчөп кетиши мүмкүн.
2. Балага таттуу же жабышчаак тамак бергенден кийин, тиштерин жакшылап тазалаңыз.


Балага төмөнкү кыймыл аракеттерди жасатуучу оюндарды ойнотуңуз:


DVC Ch35 Page 315-1-a.png
DVC Ch35 Page 315-1-b.png
DVC Ch35 Page 315-1-c.png
DVC Ch35 Page 315-1-d.png
ичке түтүк аркылуу суюктук сорсун жана үйлөп көбүкчөлөрдү чыгарсын самын көбүкчөлөрүн чыгарсын үйлөсүн ышкырсын


ЭСКЕРТҮҮ! Церебралдык шалдыгы бар балдарга мындай “үйлөтүү” көнүгүүлөрүн жасатса, оозу өзүнөн өзү кыйшайып калуусун же булчуңдары чыңалуусун күчөтүп жибериши мүмкүн. Эгер ошентсе, БУЛ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ КОЛДОНБОҢУЗ.

Оозуна таза оюнчуктарды алып чайнасын (бирок манжаларын сорбосун).

Баланын эриндерин манжаңыз менен өйдө-ылдый ушалоо жолу менен түрдүү добуштарды чыгаруу мүмкүн экенин балага көрсөтүңүз,
a child making a sound while someone flaps her lips.
же болбосо, эриндерин кысып да добуш чыгарса болорун балага жеткириңиз
a child making a sound while someone squeezes her lips together.

Церебралдык шалдыгы бар бала тамактануусу же сүйлөөсү үчүн оозун башкаруусуна жардам берүү үчүн, денесин туруктуу абалына келтириңиз. Булчуңдарын толугу менен бош кармоого мүмкүндүк берген абалына денесин келтириңиз. Демейде ал үчүн башты, ийиндерди жана жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын алдыга бүгүп кармоо керек болот. Андыктан, кээде төмөнкүчө айтышат:

“ЭРИНДЕРДИ ЖАМБАШ СӨӨК - КАШКА ЖИЛИК МУУНДАР АРКЫЛУУ БАШКАРА АЛАБЫЗ”
DVC Ch35 Page 315-4.png
Түрдүү добуштарды чыгарышы үчүн, көкүрөгүн басуу жана термелтүү ыкмасын колдонсоңуз болот.

Бала чыгарган добуштарды кайталап, ошол добуштарды кайра өзү чыгаруусуна аны кызыктырыңыз.
Эгер бала сүйлөөгө аракет кылганда жаактарын башкара албай кыйналса, анда манжаларыңыздын жардамы менен, сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, “жаакты башкаруу” ыкмасын колдонуп көрүңүз. Жаактын кыймылдоосун талап кылган добуштарды чыгарып, улам кайталасын.
a woman and then a child speaking.
Сөздөрдү так айта албаса, баланы оңдобоңуз. Андан көрө, баланы түшүнгөнүңүздү ага билдирүү үчүн, сөздөрдү туура жана так айтып кайталаңыз.
a child and then an adult speaking.



ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Баланы сүйлөтүү үчүн, анын бардык сезүү органдарын активдүү өрчүтүү керек. Аны менен көп ойноңуз, сүйлөшүңүз, ага ырдап берип туруңуз. Балага суроо берип, жооп бермейинче күтүңүз. Бир нерсени үйрөнүүсүнө аны мажбурлабаңыз, бирок көп мүмкүнчүлүк бериңиз. “Ооба” же “жок” эле эмес, бир топ сөздү айкалыштырып жооп берүүнү талап кылган суроолорду бериңиз.

Балаңыз дүлөйбү? Эгер балаңыз көпкө дейре сүйлөбөсө, анын угуусун (кулактарын) текшериңиз. Бала айрым добуштарды укса да, бирок башкалардын сөздөрүн түшүнүүгө угуусу жетишсиз болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, кулагы жакшы эле уккан кээ бир балдар сүйлөөнү эч качан үйрөнбөшү мүмкүн. Мисалы, церебралдык шалдыгы бар айрым балдар оозун, тилин же үн чыгарууга керек булчуңдарын башкара алышпайт. Буларга жана кичинекей дүлөй балдарга башкалар менен катнашуусу үчүн башка жолдорун табууга тийишпиз (31-бөлүмдү караңыз).


This page was updated:30 Дек 2025