Hesperian Health Guides

ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ БАЛАНЫ КАРАП ТЕКШЕРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Сурамжылап бүтүп, алынган жооптордун негизинде балага карата эмне кылуу мүмкүн экенин аныктагандан кийин, кезектеги кийинки кадам – баланы карап текшерүү. Денесинин кайсы бөлүктөрү жакшы, кайсы бөлүктөрү начар иштерине, мындай жагдай баланын түрдүү нерселерди кылуу жана айланасындагыга ыңгайлашуу жөндөмдөрүнө кандай таасир тийгизерине мүмкүн болушунча жароокер түрдө жана мээрим менен жакшылап байкоо жүргүзүүбүз же аны карап текшерүүбүз зарыл.

ЭСКЕРТҮҮ! Кээде баланын денесинин жана акыл-эсинин түрдүү бөлүктөрүн өзүнчө текшерүү маанилүү болот, бирок биздин негизги максатыбыз – анын денеси менен акыл-эси бир бүтүн болуп канчалык жакшы иштерин аныктоо: бала эмне кыла алат, эмне кыла албайт жана эмне үчүн? Мындай маалымат түрдүү нерселерди мыктыраак кылууга балага кандайча жардам берүү керектигин аныктоого бизге мүмкүнчүлүк берет.


Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы карап текшерүү учурунда биз көп нерсеге көңүл бурсак болот:


  • Сезүү органдарына: Бала канчалык жакшы көрөт? угат? тийип сезет?
a person's eye.a person's ear.a finger touching skin.
  • Кыймылдоосуна: Бала канчалык жакшы кыймылдайт же кыймылдарын башкарат?
a child walking.
  • Денесинин формасына жана түзүлүшүнө: Баланын денесинин түрдүү бөлүктөрү канчалык калыптанган, деформацияланган же бузулууга дуушар болгон: муундары, омуртка тутуму, териси?/td>
a disabled child's feeta child's back, showing a curved backbonesores on a child's back
  • Акыл-эсине, мээсине жана нерв системине: Баланын ой жүгүртүүсү канчалык? Денесинин түрдүү бөлүктөрү бир бүтүн болуп канчалык жакшы иштейт? Мисалы, денесинин тең салмактуулугун сактоосу же көздөрү менен колдорунун биригип иштөөсү.
a child pointing at a toy
  • Өнүгүү деңгээлине: Бала аны менен тең жергиликтүү башка балдарга салыштырмалуу ар кайсы нерселерди канчалык жакшы жасайт?


Дагы айта кетчү нерсе: баланы физикалык жагынан толук текшерүү үчүн, ички органдарынын абалын да текшерүүнү унутпоо керек. Мындай текшерүү (эгер зарыл болсо) негизинен медициналык кызматкерлер тарабынан кылынса да, адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү илдеттердин белгилүү бир түрлөрү дененин ички системдерине таасир тийгизиши мүмкүн экенин реабилитологдор билүүгө тийиш. Мындай илдеттердин кайсынысы орун алганына жараша, дененин ичиндеги төмөнкү системдер жабыркашы ыктымал:

DVC Ch4 Page 23-9.png
дем алуу органдары
DVC Ch4 Page 23-10.png

заараны сыртка чыгаруу жолдору

DVC Ch4 Page 23-11.png
жүрөк жана кан тамырлар систем
DVC Ch4 Page 23-12.png
тамак сиңирүү органдары


Реабилитологдор медициналык кызматкерлер менен тыгыз кызматташып иштөөсү зарыл.



Баланын денесинин бардык бөлүктөрүн жана бардык ички системдеринин иштөөсүн жакшылып карап текшерүү үчүн, көп саат же көп күн кетиши мүмкүн. Бактыга жараша, балдардын көпчүлүгү үчүн мында зарылчылык жок. Баланы кадимкидей эле карап текшерүүдөн баштаңыз. Сурамжылооңуздан алынган маалыматка жана байкоолоруңузга таянып, балада адаттан тыш же туура эместей элес калтырган нерселерге көңүл бурууга аракеттениңиз. Андан соң, аныкталган бузулуусуна байланышы бардыгы мүмкүн болгон, денесинин бөлүктөрүн же функцияналдык системдерин майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп текшериңиз.

Баланы карап текшерүүнүн маанилүү бөлүгү – ТЕКШЕРҮҮНҮ ӨЗ УБАГЫНДА ТОКТОТУУНУ БИЛҮҮ. Баланын муктаждыктарын түшүнүүгө жардам берген бардык нерселерди текшерүү маанилүү. Бирок ошол эле учурда, баланын ишенимине жана достугуна ээ болуу да маанилүү. Баланы карап текшерүү иш-чарасын чегинен ашырып чоюп жибергенде, андан бала кыжырданып, балада чочулоо сезими пайда болушу мүмкүн. Айрым балдар башка балдарга салыштырмалуу мындай чекке тез эле жетишет. Андыктан ар бир баланын аны карап текшерүү чеги кайда экенин билүүгө тийишпиз жана баланы тажатпай текшерүүгө аракеттенишибиз керек.

ээ бир балдарды башка балдарга салыштырмалуу толугураак текшерүү зарыл. Мисалы:

Текшерүү ыкмалары: Баланын ишенимине кантип ээ болууга болот

Баланы текшерүүнү кандай жүргүзүүңүзгө жараша, баланын ишенимине ээ болуп, ага дос боло аласыз же анын душманына айланасыз. Төмөндө бул боюнча бир нече сунуш келтирилген:

a health worker talking to a child who sits on his mother's lap; a sign hangs behind them.
  • Доктурдай эмес, кадимкидей эле кийиниңиз. Балдар көпчүлүк учурда ак халаттан чочулашат, айрыкча буга чейин медайым же доктур аларга ийне аркылуу дары сайган болсо.
  • Текшерүүнү баштоодон мурун, баланы инсан катары карап, ага чыныгы кызыгууңузду көрсөтүңүз. Ага анын досундай назик тил менен сүйлөңүз. Өзүн бош кармоосуна жардам бериңиз. Сиз ага дос экениңизге ал ынануусуна умтулуңуз.
  • Балага үстүнөн эмес, аны менен бир бийиктиктен жакындаңыз. (Башыңыз анын башы менен бир бийиктикте болуусун камсыз кылууга аракеттениңиз.)
a health worker speaking to a woman examining a child.
  • Баланы энесинин тизесине, жерге же ал үчүн эң ыңгайлуу жана эң коопсуз жер каерде болсо, ошол жерге отургузуп же жаткырып, текшерүүнү баштаңыз.
  • Эгер баланы чоочун адам кармалап текшерүүдөн бала өзүн оңтойсуз сезип тынчсызданса, сиздин ордуңузга ата-энеси зарыл нерселерди мүмкүн болушунча аткаруусун алардан өтүнүңүз. Муну менен сиз баланын энесин сыйларыңызды жана аны текшерүүгө катыштырууга даяр экениңизди көрсөтөсүз. Бул энеси үчүн да пайдалуу болот.
a woman and a child playing together with toys.


  • Келген кишилер үчүн күтүү жайын жана текшерүү өткөн бөлмөнүн өзүн мүмкүн болушунча жагымдуу жана үйдөгүдөй сездирген жерге айлантыңыз. Балдар жактырган оюнчуктарын тандап, алар менен ойношу үчүн, ошол жайды көп оюнчук (эң жөнөкөй түрлөрүнөн баштап татаалыраактарына чейин) менен камсыз кылыңыз. Бала оюнчуктар менен ойноор бекенине, эгер ойносо, кандай, канчалык узак, эмнеси жана ким менен ойнооруна байкоо жүргүзүү аркылуу бала эмнеге жөндөмдүү жана эмнеге жөндөмсүз экенин, анын физикалык жана акыл-эсинин өнүгүүсүнүн деңгээлин, балада бар көйгөйлөрдү жана ошол көйгөйлөрүнө кандайча ыңгайлашканын (же азырынча ыңгайлаша элегин) билсеңиз болот.

DVC Ch4 Page 25-3.png
Бала жалгыз, башка адамдар менен жана оюнчуктар менен кандай ойнойт экенине байкоо жүргүзүү - баланын ден соолугунун абалын баалоонун маанилүү бөлүгү.
DVC Ch4 Page 25-4.png


  • Текшерүүнү бала үчүн кызыктуу жана мүмкүн болушунча оюн сыяктуу жүргүзүүгө аракет кылыңыз. Мисалы:
a woman holding a toy and speaking to a child.

Баланын колдору көздөрү менен биргелешип иштөөсүн (тең салмактуулукту сактоо же мээ жабыркоо көйгөйлөрүнүн мүмкүндүгүнө) текшергенде, баланы куурчактын мурдуна тийдиртүү тапшырмасын оюнга айлантып өткөрсөңүз болот.

Бала тынчсыздана баштаса, текшерүүнү бир азга токтотуп, аны менен ойноңуз же эс алуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз.

DVC Ch4 Page 26-2.png
Баланы ал (жана сиз дагы) тамактанып жана жакшы эс алгандан кийин жана “көңүлү көтөрүңкү” кезинде текшерген оң. (Бул ар дайым эле мүмкүн боло бербейт.)


  • Эгер баланын бир жагы экинчисине салыштырмалуу алсызыраак же анын кыймылдоосун башкаруу начарыраак болсо,



адегенде алдуураак жагын,, андан соң алсызыраак жагын текшериңиз.
someone talks to a child testing his strong leg
someone talks to a child testing his weak leg
Эгер адегенде баланын соо жагын текшерсеңиз, балага ал жакшы кыла ала турган нерселерди аткартуу аркылуу анын көңүлүн көтөрүп, андагы өзүнө ишенимин бекемдейсиз. Мындан тышкары, эгер бала алсызыраак жагын кыймылдата албай койсо, бул ал сизди түшүнбөгөнүнөн же аракет кылбаганынан эмес, бала чынында эле муну кыла албайт экенин билесиз
a woman talks to a child trying to sit up
  • Баланы текшергенде, аны уламулам мактаңыз, көңүлүн көтөрүп, ага дем берип туруңуз. Бала сиздин тапшырмаңызды аткарууга аракеттенип, бирок аны кыла албай койсо, аракет кылганы үчүн аны чын жүрөктөн мактаңыз.

    Оор тапшырмаларды жана бала жакшы аткара турган жеңил тапшырмаларды кезеги менен ага аткартыңыз. Ошондо баладагы өзүнө болгон ишеними жоголбойт.




This page was updated:23 Май 2025