Hesperian Health Guides
АЛЫНГАН МААЛЫМАТТАРДЫ КАТТОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 4-БӨЛҮМ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы карап текшерүү жана анын жалпы абалына баа берүү > АЛЫНГАН МААЛЫМАТТАРДЫ КАТТОО
Көп балага жардам берген айылдагы реабилитолог үчүн алынган маалыматтарды кагаз бетине түшүрүп каттоо балдардын ахывалы кайсы багытта өзгөрүп баратканын көзөмөлдөө үчүн маанилүү. Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын ата-энеси да баласындагы өзгөрүүлөрдү кыскача түрдө кагаз бетине түшүрүп алып турушса, бул алардын баласынын ахывалы кайсы багытта баратканы тууралуу кабардар болуусуна мүмкүнчүлүк берет.
КАТТОО БАРАГЫНЫН алты үлгүсү келтирилген. Сиз аларды, негизги маалыматты чогултуп каттоо үчүн, үлгү катары колдонсоңуз болот. Бирок көпчүлүк учурда, сиз туш болгон жагдайга жараша, толугураак маалымат чогултуу үчүн, көбүрөөк сурамжылоо жүргүзүү жана жакшыраак карап текшерүү зарыл болот.
Бул китепке кошулган КАТТОО КАТТОО БАРАГЫ БАРАКТАРЫНЫН үлгүлөрү | |
1. | Баланын өмүрбаяны |
2. | Физикалдык текшерүү |
3. | Нерв системи үчүн тесттер |
4. | Баланын өнүгүүсүнө таасир тийгизген факторлор |
5. | Баланын ахывалынын өзгөрүүсүнө баа берүү |
6. | Баланын өнүгүүсүнүн картасы |
№1 жана №2 барактарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын байкоо жүргүзүү күндөлүгүнө кошуп пайдаланууга болот. №3, №4 жана №6 барактары мээси жабыркаганы мүмкүн болгон же өрчүп өнүгүүсү курагы үчүн жай жүргөн балдар үчүн. №5 барагы – 5 жаштагы же андан улуураак балдардын өрчүп өнүгүүсүнө баа берүү үчүн колдонулуучу жөнөкөй форма.