Hesperian Health Guides

НЕРВ СИСТЕМИН ТЕКШЕРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Кээде дененин функциялары булчуңдардын, сөөктөрдүн же муундардын илдеттеринен улам бузулат. Бирок көбүнчө бул нерв системинин ооруларынан же анын жабыркоосунан улам болот.

Бузулуунун түрү нерв системинин кайсы бөлүгү жабыркагандыгына жараша болот. Мисалы, полиомиелитте жүлүндүн (же мээ сөңгөгүнүн) белгилүү деңгээлиндеги кыймылдатуучу нервдер гана жабыркайт, сездиртүүчү нервдер жабыркабайт.

Ошондуктан адамдын кыймылдоо жөндөмү бузулат, бирок көрүү, угуу жана тийип сезүү жөндөмдөрү нормалдуу боюнча сакталат. (7-бөлүмдү караңыз.)

Бирок эгер жүлүн жабыркаса, сездиртүүчү нервдер да, кыймылдатуучу нервдерге да жабыркап же үзүлүп калышы мүмкүн. Ошондо кыймылдоо жөндөмү да, сезгичтик да жоголот. (23-бөлүмдү караңыз.)

НЕРВ СИСТЕМИ
a child's body, showing brain and nerves.
Нерв системи – денени байланыштыруу системи. “Борбордук коммутатордон” - мээден - электрдик сигналдар “сымдар” (нервдер) аркылуу дененин бардык бөлүктөрүнө жана алардан кайра артка жиберилет.

Сездиртүүчү нервдер дененин түрдүү бөлүктөрүнөн биз эмне көрүп (көздөр), угуп (кулактар), жыттап (мурун) жатканыбыз жана эмнеге тийгенибиз (тери) тууралуу маалыматты өткөрүп берет.

Кыймылдатуучу (мотордук) нервдер дененин ар кайсы бөлүктөрүндөгү булчуңдарга кыймылдоо буйругун электр сигналдары аркылуу жеткизет.
Мээ – нерв системинин негизги башкаруучу борбору.

Жүлүн омуртка тутумундагы каналда орун алган. Ал мээден башталып, омуртка тутумунун ортосуна чейин жетет.


Жүлүндөгү нервдер жүлүндөн ар бир омуртканын деңгээлинде чыгып, дене мүчөлөрү менен байланышты камсыз кылат.


Жүлүндөгү нервдерди жабыркатуучу полиомиелиттен жана жүлүн жабыркоодон айырмаланып, церебралдык шалдык мээ өзү жабыркаганда болот. Мээнин кайсы гана бөлүгү болбосун жабыркашы мүмкүн болгондуктан, дененин кайсы гана бөлүгүндөгү кайсы гана функциясы болбосун бузулуп, бул кыймылдоо, дененин тең салмактуулугун сактоо, көрүү, угуу, сүйлөө жана акыл-эс жөндөмдөрүн жоготуу менен коштолушу мүмкүн. (9-бөлүмдү караңыз.)

Андыктан, баланын нерв системинин функцияларын канчалык толук текшерсеңиз, андагы бузулууларды ошончолук так аныктоого жетишесиз. Эгер функциялары полиомиелиттен улам бузулганы так аныкталса, нерв системин анчалык толук деле текшерүүдө зарылчылык жок. Бирок кээде полиомиелиттин белгилерин церебралдык шалдыктын белгилеринен ажыратып айырмалоо оор болот. Эгер баланын абалы мээсиндеги бузулуудан улам экенине шектенсеңиз, анда нерв системин толук текшерүү зарыл. Мээ же нерв системинин башка бөлүмдөрү жабыркаганда, төмөнкүдөй бузулуулар орун алышы мүмкүн:


Эң көп учураган бузулууларга текшерүү ыкмалары кийинки бир нече бетте жана №2, 3 жана 4 КАТТОО БАРАКТАРЫНДА келтирилген. Сейрегирээк колдонулган башка тесттер конкреттүү илдеттерге арналган бөлүмдөрдө бар. Жогоруда берилген, беттерге шилтемелерди пайдаланыңыз.



This page was updated:23 Май 2025