Hesperian Health Guides
ИЛДЕТИНИН ТАРЫХЫ ТУУРАЛУУ СУРАМЖЫЛОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 4-БӨЛҮМ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы карап текшерүү жана анын жалпы абалына баа берүү > ИЛДЕТИНИН ТАРЫХЫ ТУУРАЛУУ СУРАМЖЫЛОО
Кийинчерээк бул бөлүмдө баланын илдетинин тарыхы тууралуу маалыматты чогултуу үчүн каттоо барагын табасыз. Ошол барактагы маанилүү суроолорду үлгү катары колдонсоңуз болот. (Албетте, бул суроолордун бардыгы балдардын баарына тең ылайык келе бербейт – айрымдары кээ бир балдарга көбүрөөк жарайт, калгандары – башкаларына. Андыктан, суроолорду алардан пайда бар болгондо гана бериңиз.)
Суроо берип жатканда, биз, реабилитологдор, баланын ата-энеси жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү баланы башкалардан мыктыраак билерин эч качан эстен чыгарбоого тийишпиз. Бала эмне кыла алат жана эмне кыла албайт, ага эмне жагат жана эмне жакпайт, канткенде өзүн жакшыраак тейлейт же кыйынчылыктарга кабылат – мындай нерселерди ата-энеси менен үй-бүлөсү жакшыраак билишет.
Бирок кээде балага байланыштуу маалыматтардын бир бөлүгү үй-бүлөсүнө байкалбай кала берет. Балким, алар, баланын анык муктаждыктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгын билүү үчүн, ага байланыштуу маалыматтардын бардык бөлүктөрүн бир бүтүнгө чогулткан эмес. Бул бөлүмдөгү сунуштар жана КАТТОО БАРАКТАРЫНДАГЫ суроолор реабилитологдорго да, ата-энелерге да балдардын анык муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүүгө жардам бериши мүмкүн.
Баланын муктаждыктарын аныктоо үчүн, реабилитологдор жана ата-энелер чогуу иштөөгө тийиш.