Hesperian Health Guides
ӨНҮГҮҮСҮ АРТТА КАЛГАН БАЛАНЫН АБАЛЫНА БАА БЕРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 4-БӨЛҮМ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы карап текшерүү жана анын жалпы абалына баа берүү > ӨНҮГҮҮСҮ АРТТА КАЛГАН БАЛАНЫН АБАЛЫНА БАА БЕРҮҮ

Мисалы, аял кош бойлуу кезинде Зика калтыратмасын башынан өткөрсө же бала 1 жашында менингит (мээ инфекциядан жабыркоо) менен ооруп, ошондон тартып башынын чоң-кичинеси нормадан төмөн болсо же башы абдан жай чоңойсо, мындай бала өнүгүүсүндө дайыма артта кала берүүсүнүн ыктымалдыгы чоң. Мындай жагдайда көптү күтүү курулай үмүт. Бирок эгер баланын башы нормадагыдай эле чоңоюусун токтотпосо, анда ар кандай нерселерди үйрөнүүгө жана аткарууга жөндөмүн сактоосунун ыктымалдыгы жогору (бирок буга кепилдик жок).

Жүлүн чуркусу менен төрөлгөн баланын башынын көлөмү нормадан жогору болушу мүмкүн. Эгер башы ушинтип тез чоңоюусун улантса, бул кооптуу белги. Эгер балага операция жасалбаса, анда анын акыл-эсинин өнүгүүсү дайыма артта кала берет же бала чарчап калышы ыктымал. Бирок эгер баштын чоң-кичинесин ай сайын ченөөдөн башы анчалык тез чоңойбой калганы аныкталса, анда көйгөй өзүнөн өзү эле жоюлуп кеткен болушу мүмкүн. Мындай жагдайда операциянын зарылчылыгы жок.
№4 КАТТОО БАРАГЫНДА баланын өнүгүүсүнө байланыштуу кошумча суроолор, баланын башынын чоң-кичинесине баа берүү жана мындай маалыматты каттоо үчүн карта келтирилген.
Өнүгүүсүндө артта калган балага жардам берүү үчүн, адегенде анын физикалык жана акыл-эсинин өнүгүү деңгээлине баа берүү зарыл болот. 34-бөлүмдөгү муну кантип аткаруу керектиги боюнча ыкмалар берилген.
Баланын учурдагы өнүгүү деңгээлин аныктоо, ага жардам берүүгө багытталган, ырааты менен аткарылчу көнүгүүлөрдү пландоо жана бул иште анын илгерилөөсүн баалап, мындай маалыматты каттоо үчүн, 292– 293-беттердеги баланын өнүгүү картасын пайдалансаңыз болот. 2 беттен турган бул каттоо картасы №6 КАТТОО БАРАГЫ деп аталып берилген.