Hesperian Health Guides

ДАУН СИНДРОМУ

Бул бөлүмдө:

“Даун синдрому” деп аталган дарт көптөгөн аймактарда интеллект бузулууларынын эң көп учураган түрү болуп саналат. Мындай балдар денесин жана мээсин мыктыраак пайдаланганды башка балдарга салыштырмалуу кеч үйрөнүшөт. Андан тышкары, мындай бузулуусу бар балдарга айрым физикалык бузулуулар да мүнөздүү. (Ар түрдүү белгилердин айкалышып орун алышы “синдром” деп аталат.) Эненин курсагында жаңыдан өрчүй баштаган күмөндүн ”хромосомдорунда” (бала кандай өрчүп калыптанарын аныктоочу, дененин ар бир клеткасында бар материалда) ката кеткендиктен, ал туура эмес калыптанып калат.

Төмөндө Даун синдромуна мүнөздүү белгилер келтирилген (бирок мындай бузулуусу бар балдардын бардыгында эле булардын баары байкала бербейт):

A baby lying down without arms spread out
  • Жаӊы тɵрɵлгɵндө, баланын денеси жүүнү бош, алсыз болуп сезилет. Бала башка ымыркайларча ыйлабайт.
A child with a small open mouth with tongue out
  • Бала оодарылганды, буюмдарды кармаганды, жаткан абалдан көтөрүлүп отурганды, сүйлөгөндү жана басканды курагындагы башка балдарга салыштырмалуу кеч үйрөнөт.
  • Капыстан жерди көздөй төмөндөткөндө, бала дени соо балдарча колдорун жаюу жолу менен жооп кайтарбайт.
  • Көздөр өйдөнү көздөй кыйшайып калат; кээде көздөр бир бирине багытталып чалыраюусу байкалат, же көрүү начар болот.
  • Кулактар төмөнүрөөк жайгашып калыптанган болот.
  • Ооз кичинекей, дайыма ачылып турат; таңдай бийик жана кууш; тил ооздон чыгып турган абалында кармалат.
an eye with specked iris and skin on the inner corners of the eyelids
  • Кабагынын ички бурчу тери менен жабылып турат.
  • Кабактар шишип, кызарып турушу мүмкүн.
  • Каректин тегерегиндеги түстүү челде кумду элестеткен майда ак тактар көп болот. Демейде мындай тактар бала 12 айга толгуча жоголот.
  • difficulty seeing clearly and vision loss.
short wide hand with a deep crease in the middle
  • Алакандар кыска жана жазы, манжалар кыска. Чыпалак ийри же анда бир эле бүгүлүш болушу мүмкүн.
  • Алаканда анын туурасынан кеткен терең бир бүгүлүш болот (кээде дени соо балдарда деле байкалат).
  • Баш кыска же кичинекей, анын арткы жагы жазы жана жалпак.


  • Кээде кашка жиликтер жамбаш сөөк менен болгон ашташтарынан чыгып кеткен болот
A boy with dislocated hips
  • Бет жалпак.
  • Мурун кичинекей, эки көздүн ортосу жалпак.
A girl with short neck, arms and legs, and pigeon toed feet
  • Моюн кыска.
  • Бүкчүйүү байкалат.
  • Колу-буттар кыска.
  • Тизе томугу капталына жылып кеткен абалда болот.
  • Бут манжалары ичке бурулуп калат; жалпак тамандык байкалат.
  • Буттун бармагы манжаларынан бир топ алыс калыптанып калат.

Төмөнкү белгилер да байкалышы мүмкүн::

  • Чыканак, жамбаш сөөк - кашка жилик жана таман сөөк - жото жилик муундары чегинен аша бошоң жана ийилчээк болушу мүмкүн.
  • Мындай көйгөйү бар ар 3 баланын ичинен бирөөндө тубаса жүрөк дефекттери болот.
  • Лейкемия пайда болушу мүмкүн.
  • Чоңоюп калган балдардын угуусун жана көрүүсүн текшерүү зарыл.
  • Ар 10 баланын ичинен бирөөнүн моюн омурткалары деформациялуу калыптанып калгандыктан, алар ордунан жылып, жүлүн каналында жаткан жүлүндү кысып калышы мүмкүн. Бул капыстан пайда болуучу же жай өрчүп күчөгөн шалдыкка же атүгүл өлүмгө алып келиши ыктымал.

Даун синдрому жана интеллект бузулуунун башка түрлөрү бар балдарга кам көрүү

Даун синдрому бар балдардын интеллекти бузулуусу жеңил, орточо же катуу болушу мүмкүн. Айрымдар сүйлөөнү эч качан үйрөнүшпөйт. Башкалар сүйлөйт (көп учурда атүгүл ооздору тыйылбайт). Мындай балдардын көбү окуганды жана жазганды үйнөнүүгө жөндөмдүү. Даун синдрому бар балдар-кыздардын көпчүлүгү ачык чырай жана мээримдүү болушат. Аларга жакшы мамиле кылган адамдарга алар да жакшы мамиле кылышат. Атүгүл оор формадагы мындай бузулуусу бар балдарга жардам берилип, аларды үйрөтүү ишаракеттери колго жакшы алынса, негизги муктаждыктарын өз алдынча канааттандырууну жана жөнөкөй жумушту аткарып, үй-бүлөсүнө жардам берүүнү өздөштүрүп алууга мындай балдардын жөндөмдүүлүгү жетет. Алар үй-бүлөсү менен жана коомчосунда кадимкидей эле жашай алышат. Даун синдрому бар балдардын кээ бирлери мектепте окууга жөндөмдүү, бирок ал үчүн алар кошумча жардамга муктаж. Мектеп мугалимдери булардын көйгөйүнө түшүнүү менен катышуусунун жана башка балдар мындай балдарга сый-урмат менен мамиле кылуусуна мугалимдер жардам берүүсүнүн мааниси чоң. Эгер мектепте мындай балага түшүнүү менен мамиле жана кошумча көмөк табылбаса, ал үйүнөн эле окуп, үй-бүлөсүнө үй тиричилик жана талаа иштеринде жардам бергени оң болушу мүмкүн.

A boy filling pouring water into a tub
Бир айылда Даун синдрому бар жаш жигит дарыдан суу ташып келип турат. Ал бул ишти жактырат жана аны менен сыймыктанат.

Булар айрыкча айыл жергесинде далай маанилүү жумуштарды аткарганды үйрөнүп алышса болот. Кээ- де мындай балдар улам кайталанма кыймыл-аракет- терден турган жумуштарды башкалардай эле же атүгүл алардан да мыктыраак аткарышат

Бирок Даун синдрому бар балдардын физикалык жана интеллектуалдык жактан өрчүп өнүгүүсү нормадан жайыраак болот. Андыктан ата-энелер жана буларга кам көргөндөр бардыгы мындай балдарына дайыма сабырдуу мамиле кылып, булардын интеллектуалдык жана физикалык ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн, кичинекейинен тартып, колдорунан келгендин бардыгын жасоого милдеттүү. Жүрүм-турумда көйгөйлөр пайда болуусуна жеткирбөө же аларды чечүү үчүн, ата-энелер балдарына карата мамилесинде жана алардан эмнени күтөрүндө дайыма бир нукту катуу карманышы керек. Баланы мыкты аткарган иштери үчүн улам мактап, ага дем берип туруу зарыл (40-бөлүмдү караңыз).

Даун синдрому бар балдардын кээ бирлери мектепте окууга жөндөмдүү, бирок ал үчүн алар кошумча жардамга муктаж. Мектеп мугалимдери булардын көйгөйүнө түшүнүү менен катышуусунун жана башка балдар мындай балдарга сый-урмат менен мамиле кылуусуна мугалимдер жардам берүүсүнүн мааниси чоң. Эгер мектепте мындай балага түшүнүү менен мамиле жана кошумча көмөк табылбаса, ал үйүнөн эле окуп, үй-бүлөсүнө үй тиричилик жана талаа иштеринде жардам бергени оң болушу мүмкүн.

A child removing pegs sitting in an adults lap
Даун синдрому бар кыз коммутациялык тактадан казыкчаларды суурганды үйрөнүп жатат. Ал андан кийин казыкчаларды тешиктерине кайрадан киргизгенди үйрөнөт. Сүрөттүн автору Марси Джей Хансон, Teaching Your Down’s Syndrome Infant (Даун синдрому бар ымыркайга зарыл ык-жөндөмдөрдү үйрөтүү) аттуу китептен алынган.

Даун синдрому бар балага кам көрүүдө 3 негизги нерсеге көңүл буруу зарыл:

  1. Акыл-эс жана физикалык ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө балага жардам берүү.
  2. Баланы жугуштуу оорулардан коргоо.
  3. Дене бөлүктөрү деформацияланып кетүүсүнө жол бербөө же орун алып калгандарын оңдоо.


Кийинки бетте булардын акыркы экөөсү талкууланат. Биринчиси китептин башка бөлүмдөрүндө каралат.

МААНИЛҮҮ! Даун синдрому же интеллект бузулуунун башка түрү бар баланы туура тарбиялоо үчүн, баланы өнүктүрүүнү эрте баштоого жана негизги ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө арналган бөлүмдөрдүн баарын (33–41-бөлүмдөр) сөзсүз окуңуз.

Инфекциялык оорулардын алдын алуу

A mother breastfeeding

Даун синдрому бар балдар башка балдарга салыштырмалуу көбүрөөк оорушат. Мындай балдарда суук тийүү тез башталат, бронхит, пневмония жана башка жугуштуу оорулар тез өрчүйт. Андыктан булардын ден соолугун коргоо айрыкча мааниге ээ

  • Балага эмчек эмизип тамактандырууну мүмкүн болушунча созуңуз. Эмчек сүтүндө балага түрдүү инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берүүчү “антителолор” болот. (Эгер бала эмчекти жакшы эме албаса, эмчектен сүттү таза идишке сарыктырып, балага кашык же башка ылайыктуу ыкманын жардамы менен бериңиз.)
  • Башка ымыркайлардай эле, 6 айынан баштап, ага мөмө, буурчак, жумуртка, күрүч сыяктуу азыктарды бере баштаңыз, ошол эле убакта, эмчек эмизүүнү да токтотпоңуз. (Башка ымыркайлардай эле, Даун синдрому бар баланы ай сайын ден соолук борборуна алпарып, салмагы нормадагыдай көбөйүп жатканына ынануу үчүн, аны өлчөтүп туруңуз.)
  • Эмдөө баланы кичинекейинде коштоочу оорулардын көбүнөн сактай алат. Эгер Даун синдрому бар бала кызылча же көк жөтөл оорусун жуктурса, пневмония оорусу тез өрчүшү мүмкүн.
  • Медициналык жардамды талап кылган жагдайда зарыл чараларды эртелеп көрө баштоо. Эгер баланын тамагы же кулагы ооруй баштаса, же ал катуу жөтөлө баштаса, аны коомчоңуздагы медициналык-санитарды кызматчыга мүмкүн болушунча тезирээк жеткириңиз.

Бут кетмендеринин деформациялануусуна жана башка көйгөйлөрүнө ЖОЛ БЕРБӨӨ

  • Эгер бутундагы бармагы сыртын көздөй бурулуп калса,
аны калган манжаларына жанаштырып бекем кармоочу бут кийимди колдонбоңуз. Андан көрө теннистик же ага окшогон башка жумшак бут кийимди же үстү ачык бут кийимди балага кийгизүү дурусураак.
a foot with the big toe sticking out.
a foot in a shoe, with dislocation from toe bent inward.
Анткени бармак сөөгү бул ашташынан чыгып кетиши мүмкүн.
DVC Ch32 Page 281-4.png


Буттун бармагы сыртын көздөй катуу бурулуп калганда, муну кээде хирургиялык операциянын жардамы менен оңдоого болот. Ошондон кийин бут кийимдер эч көйгөйсүз батып калат.

  • Эгер баланын тамандары өтө жалпак болсо, атайын батектер жардам бериши мүмкүн.
  • Эгер баланын алакан-манжаларында, бут кетмендеринде же денесинин башка бөлүгүндө шалдык пайда болсо же сезгичтик жоголо баштаса, ортопед же нейрохирург менен кеңешиңиз.

Даун синдромунун АЛДЫН АЛУУ

Ар 700 баланын ичинен бирөө Даун синдрому бар болуп төрөлөт. Мындай балдар 35 жаштан өткөн аялдардан көбүрөөк төрөлөт. Аялдар 35 жаштан кийин боюна бүтпөй эле коюуну үй-бүлөсү менен чогуу ойлонуштуруп көрүшсө болот (Where There Is No Doctor “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 20-бөлүмүн караңыз). Эгер буга чейин жубайлардан Даун синдрому бар бала төрөлгөн болсо, кийинкисинин дагы ушундай илдети бар болуп төрөлүү ыктымалдыгы көбүрөөк (болжол менен ар 50 баланын бирөө).

Кээ бир өлкөлөрдө кош бойлуулуктун болжол менен 4-айында балада Даун синдрому бар же жогун аныктоо үчүн атайын тесттен (амниоцентез) өтсө болот. Эгер мындай текшерүүдөн кийин балада Даун синдрому бар деп табылса, үй-бүлө бойдон алдырууну караштырып көрүшсө болот.




This page was updated:30 Дек 2025