Hesperian Health Guides

Жөргөлөөнү жана төрт аяктап которулууну өнүктүрүүчү көнүгүүлөр

Бул бөлүмдө:

Ары-бери которулуу үчүн, кичинекей балдардын көбү адегенде жөргөлөп, андан кийин төрт аяктап (колдоруна жана тизелерине таянып), же жамбаштарына отуруп алып жылышат.
DVC Ch35 Page 309-1-a.png
DVC Ch35 Page 309-1-b.png
DVC Ch35 Page 309-1-c.png

Эскертме: Кичинекей балдардын кээ бирлери такыр төрт аяктап которулушпайт. Алар отурган абалынан түз эле турууга жана басууга өтүшөт. Бала төрт аяктап жыла баштайбы же жокпу – бул жергиликтүү калктын маданий өзгөчөлүктөрүнөн жана үй-бүлөсү баланы буга кызыктыруусунан көз каранды.



Эгер бала курсагына жаткан абалынан башын жакшы көтөрө алса, анда төмөнкү ыкмаларды колдонуп, аны жөргөлөөгө кызыктырыңыз:

Жактырган оюнчугун же тамагын колу менен жетпегидей кылып алдына коюңуз. Башында тамандарын жөлөп жардам берүүңүз зарыл болушу мүмкүн.
Ky DVC Ch35 Page 309-2.png
ЭСКЕРТҮҮ! Церебралдык шалдыгы бар баланын тамандарын жөлөгөндө, буттары сунулуп, чыңалып калышы мүмкүн. Эгер ошентсе, анда тамандарын жөлөбөңүз.
Эгер бала жөргөлөө үчүн буттарын алдыга жылдыра албаса, жамбаш сөөк - кашка жилик муундар тушунан көтөрүп, ага жардам бериңиз.
DVC Ch35 Page 309-3.png


Эгер бала жөргөлөгөндү же төрт аяктап жылганды баштай албай кыйналса:

Аны тизеңизге отургузуп, “ат чабуу” оюнун ойнотуңуз. Салмагын бир капталынан экинчи капталына которгудай кылып, тизеңизди өйдө-ылдый, капталдан капталга жай кыймылдатыңыз. Же болбосо, баланы чакага же устунга жаткырыңыз. Чыканактарына таянбай, түз колдоруна таянуусуна жардам берүү үчүн, ийиндерин ылдый басып, анан коё бериңиз. Муну бир нече жолу кайталаңыз.
Ky DVC Ch35 Page 309-4.png
Бир колун жерден көтөрүп, салмагын экинчи колуна алсын. Андан кийин алдыга жылуусуна ага жардам бериңиз.
DVC Ch35 Page 309-5.png


Эгер бала төрт аяктап которулганды баштай албай кыйналса, аны, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, сүлгүргө алып кармаңыз. Күчүнө толгон сайын, жардамыңызды бара-бара азайтыңыз
DVC Ch35 Page 309-6.png
Салмагын бир жагындагы колубутунан экинчи жагындагы колубутуна которуусу үчүн, баланы капталдан капталга термелтиңиз.
DVC Ch35 Page 309-7.png
Агалары жана эжелери жардам беришсе болот.

Жактырган буюмуна адегенде колун сунуп, анан төрт аяктап жетүүсүнө баланы кызыктырыңыз.
DVC Ch35 Page 310-1.png
Баланы чатыр устунуна, бутакка же эшиктин кашегине сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып илип койсоңуз болот
Бут булчуңдарында спастикасы бар баланын буттарын жерге тийгиздирбей, колдору менен түртүнүп же тартынып, ары-бери которулгудай кылып, илип койсо болот.

Же ага “жөргөлөгүч” (дөңгөлөктөрү бар жөнөкөй такта) жасап бериңиз.
Бала төрт аяктап жылганды жетишерлик жакшы өздөштүргөндөн кийин, ал төрт аяктап ойноого мүмкүн болгон оюндарды ойносун. Бала чоң эмес дөңгө же самандан турган үймөккө төрт аяктап чыгып, андан кайра төрт аяктап түшө алат. Мындай көнүгүү ал күчкө толушуна жана денесинин тең салмактыгын жакшыраак сактоону үйрөнүүсүнө жардам берет.
DVC Ch35 Page 310-2.png
DVC Ch35 Page 310-3.png
Денесинин тең салмактыгын жакшы сактай албаган, чоңоюп калган баланы басканга даярдоо үчүн, капталы жана арты менен алдыга төрт аяктап которулуусуна кызыктырыңыз.
Мындан тышкары, бала бир бутун же бир колун жерден көтөрүп, салмагын алмак-салмак алдынан артына которуп көнүгүп машыксын.
DVC Ch35 Page 310-4.png
DVC Ch35 Page 310-5.png
Кийинчерээк, дароо бир колун жана ага карама-каршы жагындагы бутун көтөрүп кармап машыксын.
Ky DVC Ch35 Page 310-6.png
Дененин тең салмактыгын сактоону үйрөнүү үчүн, “термелме такта” жакшы жарайт. Анда көнүгүп машыгуу оюндун бир түрүндөй.
DVC Ch35 Page 310-7.png
Денесинин тең салмактыгын төрт аяктап алып сактаганды өздөштүргөндөн кийин, тизелерине адегенде туруп, анан тизелерине туруп баса баштоосуна балага жардам бериңиз. Ал тартылган аркан боюнча капталдап басса болот Тизелерге туруп, салмагын бир бутунан экинчи бутуна которуп машыгып туруунун көп кызыктуу ыкмалары бар. Бала аларды пайдаланып, үй-тиричилик иштерине катыша алат.
DVC Ch35 Page 310-8.png
ЭСКЕРТҮҮ! Буттарына турган абалында тизелери бүгүлө берген, бут булчуңдарында спастикасы бар балага муну жасатпаңыз.
DVC Ch35 Page 310-9.png




This page was updated:30 Дек 2025